Документке
Мурунку13.04.2026

                                                                                                                                                                             

                               КАРАКОЛ ШААРДЫК  КЕҢЕШИ

 

       Каракол шаардык Кенешинин XXIX чакырылышынын XV сессиясы

                                                 ТОКТОМ

 

23-декабрь 2025-жыл №29-15/2

 

Ж-2Б зонасынын кыймылсыз мʏлктʏ пайдалануунун тизмегине ѳзгѳртʏʏнʏ киргизʏʏ жѳнʏндѳ

Каракол шаарынын биринчи вице-мэри К.Э.Исаковдун, Ж-2Б зонасындагы жер тилкесин бир бѳлʏгʏн башкага которуу жѳнʏндѳгʏ, 2025-жылдын 10-декабрындагы, чыг:№01-17-5797, катын карап жана талкуулап, Каракол шаардык Кенешинин жерди пайдалануу, архитектура, курулуш жана муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун эске алуу менен, Каракол шаардык Кенешинин XXIX чакырылышынын XV сессиясы,

токтом кылат:

 

1.    Ж-2Б зонасынын (майда жана ири мʏйʏздʏʏ ʏй жаныбарларын кармоого уруксааты бар, жеке менчик турак жай зонасы) уруксаат берилген кыймылсыз мʏлктʏ пайдалануунун негизги тʏрлѳрʏнʏн тизмегине, тѳмѳнкʏ ѳзгѳртʏʏ киргизилсин: Каракол шаары, Элебаев кѳчѳсʏ, №58 дарегинде жайгашкан, аянты 450,0 м2 жер тилкесин, Ц-2 (жергиликтʏʏ маанидеги тейлѳѳ борборлорунун жана коммерциялык ишмердʏʏлʏктʏн аймагы) зонасына которулсун.

2.    Ысык-Кѳл регионалдык шаар куруу жана архитектура башкармалыгы:

-жогорудагы ѳзгѳртʏʏнʏ жана толуктоону Каракол шаарында курулуш жана жерди пайдалануу Эрежелерине киргизсин;

          -токтомдо кѳрсѳтʏлгѳн объекттин максаттуу пайдаланылышын камсыз

           кылсын.

3.    Э.М.Бектемиров, Каракол шаарында курулуш жана жерди пайдалануу Эрежелерин сактоону камсыз кылсын.

4.    Токтом ММКларда жарыялансын.

5.    Бул токтом Мамлекеттик ченемдик укуктук актыларынын реестерине киргизʏʏ ʏчʏн областтык юстиция башкармалыгына жиберилсин.

6.    Бул токтомдун аткарылышына кѳзѳмѳл кылуу Каракол шаардык Кеңешининжерди пайдалануу, архитектура, курулуш жана муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясына жана Каракол шаарынын биринчи вице-мэрине жʏктѳлсʏн.

 

     Тѳрага:         Таштанбек уулу С.                                                      

 

 

Жаңы14.04.2026