Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН
МЫЙЗАМЫ
2026-жылдын 3-апрели № 38
"Энергиянын кайра жаралуучу булактары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
1-берене.
"Энергиянын кайра жаралуучу булактары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ("Эркин-Тоо" гезити, 2022-жылдын 5-июлу, № 58) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 3-берененин 1-бөлүгүндө:
а) 18-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"18) жеңилдетилген мезгил - энергиянын кайра жаралуучу булактарын пайдалануу менен орнотмолор үчүн чектик тарифти колдонуу мөөнөтү мыйзамда белгиленген мезгил;";
б) 26-пункт күчүн жоготту деп таанылсын;
в) төмөнкүдөй мазмундагы 29-32-пункттар менен толукталсын:
"29) аукцион - ЭКБны пайдалануу менен долбоорлорду ишке ашыруу үчүн чектик тарифти төмөндөтүү жолу аркылуу анын алкагында тарифти аныктоо процесси;
30) сынак - ЭКБны пайдалануу менен долбоорлорду ишке ашыруу үчүн инвесторлорду тандоонун ыйгарым укуктуу мамлекеттик мекеме тарабынан өткөрүлүүчү, критерийлерге жана талаптарга баа берүүнүн негизинде жүзөгө ашырылуучу, ЭКБнын объекттерин куруу жана эксплуатациялоо боюнча долбоорду ишке ашыруунун кыйла пайдалуу экономикалык, финансылык жана башка шарттарды сунуштаган катышуучуну аныктоого багытталган атаандаштык жол-жобосу;
31) электр энергиясын топтоочу - электр энергиясын топтоо, сактоо жана тармакка берүү үчүн арналган тутум;
32) ыйгарым укуктуу мамлекеттик мекеме - жашыл энергетиканы долбоорлоону, күтүүнү, субсидиялоону, ондоону, реконструкциялоону, курууну жана өнүктүрүүнү каржылоо үчүн акча каражаттарын топтоонун, ошондой эле энергияны үнөмдөөчү технологияларды иштеп чыгууга, ишке киргизүүгө жана өндүрүүгө дем берүүнүн жана ЭКБнын субъекттерине электр энергиясын сатып алуу кепилдигин берүүнүн алкагында өз ара аракеттенүүнү жүзөгө ашыруучу мекеме.";
2) 6-берене төмөнкүдөй мазмундагы 16-пункт менен толукталсын;
"16) күн жана шамал энергиясын пайдалануу менен электр энергиясын өндүрүүчү ЭКБ субъекттери объекттин белгиленген кубаттуулугунун 30 пайызынан кем эмес электр энергиясын топтоочуларды орнотууга милдеттүү.";
3) 7-берененин 7-пунктунда "жана ага 1,3 коэффициенти колдонулган" деген сөздөр алып салынсын;
4) 8-берененин 1-бөлүгүндө:
а) биринчи абзацта:
- мамлекеттик тилде "1. ЭКБ жаатында" деген сөздөр "ЭКБ жаатында" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- расмий тилде "1. Государственное" деген сөздөр "Государственное" деген сөзгө алмаштырылсын;
б) 11-пункт күчүн жоготту деп таанылсын;
5) 9-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"9-берене. ЭКБны пайдаланууну өнүктүрүү жана колдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын компетенциясы
Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган:
1) ЭКБны пайдаланууну колдоо жаатындагы мамлекеттик саясатты ишке ашырат;
2) ЭКБны өнүктүрүү жана пайдалануу программаларын иштеп чыгат;
3) ЭКБны пайдалануу менен объектти курууга инвестиция салуу ниети жөнүндө макулдашуу түзүүгө укуктуу;
4) ЭКБны пайдалануу менен объекттерди куруу үчүн жер участокторун берүү жөнүндө маселени кароого катышууга укуктуу;
5) ЭКБны пайдалануу менен объекттерди курууга сынак өткөрүүдө инвесторлор тарабынан кепилдик милдеттенмелерди аткаруунун сакталышын контролдоону жүзөгө ашырат;
6) ЭКБны пайдалануу менен объекттерди куруунун долбоорлорун мамлекеттик органдарда макулдашуу жол-жоболорунан өткөрүүдө инвесторлорго юридикалык жана уюштуруучулук жардам көрсөтүүгө укуктуу;
7) энергетика жаатындагы мыйзамдарга ылайык энергия берүүчү уюмдардын электр жана (же) жылуулук тармактарына ЭКБны пайдалануу менен объекттерди кошууга мониторинг жүргүзөт жана контролдоону жүзөгө ашырат;
8) ЭКБнын энергетикалык дараметин, аларды өздөштүрүүнүн деңгээлин жана Кыргыз Республикасында энергия өндүрүүнүн жалпы көлөмүндө электр жана жылуулук энергиясын өндүрүүнүн үлүшүн эсепке алуу жана талдоо, ЭКБны пайдалануу менен электр энергиясын өндүрүүнүн көлөмүнүн максаттуу көрсөткүчтөргө шайкеш келишин аныктоо жолу аркылуу ЭКБны пайдаланууга Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети белгилеген тартипте мониторинг жүргүзөт;
9) ЭКБны пайдалануу жаатында эл аралык кызматташтыкты жүзөгө ашырат;
10) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети аныктаган ыйгарым укуктуу мекеме жана энергетикалык компания менен биргеликте электр энергиясын берүү келишимине кол коюучу катары чыгууга укуктуу;
11) ушул Мыйзамга ылайык башка функцияларды жүзөгө ашырат.";
6) 2-глава төмөнкүдөй мазмундагы 91-берене менен толукталсын:
"91-берене. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик мекеменин компетенциясы
Ыйгарым укуктуу мамлекеттик мекеме:
1) ЭКБны өнүктүрүү жана пайдалануу программасын иштеп чыгууга катышат;
2) ЭКБны пайдалануу менен объекттерди куруу үчүн жер участокторун резервге коюуга укуктуу;
3) жер комиссиясынын ишин демилгелөөгө, ЭКБны пайдалануу менен объекттерди курууга жер участокторун берүү жөнүндө маселени кароого катышууга укуктуу;
4) ЭКБны пайдалануу менен энергетикалык орнотмолорду курууга (анын ичинде тарифти төмөндөтүүгө) аукционду жана сынактык тандоону жарыялоого укуктуу;
5) ЭКБны пайдалануу менен объекттерди куруу үчүн бөлүнгөн жер участокторунун максаттуу пайдаланылышына мониторинг жүргүзүү жана контролдоо маселелери боюнча мамлекеттик суу администрациясы жана башка ыйгарым укуктуу органдар менен өз ара аракеттенет;
6) жер участогунун максаттуу багытын бузуу менен пайдаланган же болбосо ЭКБны пайдалануу менен объектти куруу үчүн берилген жер участогун пайдаланбаган учурда 2 жылдын ичинде жер участогун пайдалануу укугун токтотуу (жокко чыгаруу) жол-жобосун демилгелөөгө укуктуу;
7) ЭКБны пайдалануу жаатында эл аралык кызматташтыкты жүзөгө ашырат;
8) ушул Мыйзамга ылайык башка функцияларды жүзөгө ашырат.";
7) 12-беренеде:
а) 7-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"7) жеңилдетилген мезгилдин колдонуу мөөнөтүнүн ичинде ЭКБны пайдалануу менен орнотмолор иштеп чыгуучу электр энергиясына тарифтин чектик деңгээли Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталуучу электр энергиясына болгон тарифтик саясатка ылайык белгиленет.
Инвестициялык макулдашуунун жана (же) мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө макулдашуунун алкагында жеңилдетилген мезгилдин колдонуу мөөнөтүнүн ичинде чектик тариф чет өлкөлүк валютада белгилениши мүмкүн;";
б) төмөнкүдөй мазмундагы 101 жана 102-пункттар менен толукталсын:
"101) ЭКБ субъекттери үчүн жеңилдетилген мезгилдин колдонуу мөөнөтүнүн ичинде электр энергиясына тариф өткөн жылда акыркы керектөөчүлөр үчүн орточо коюлган тарифтин деңгээлинде белгиленет, бирок ушул берененин 7-пунктунда аныкталган тарифти жана аукциондун же сынактын жыйынтыгы боюнча аныкталган тарифтерди кошпогондо, тарифтин чектик деңгээлинен ашпайт. Аукционду же сынакты өткөрүү тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат;
102) микрогенерация субъекттери иштеп чыгуучу электр энергиясына тариф өткөн жылда калк үчүн орточо белгиленген тарифтин деңгээлинде белгиленет;";
в) 16-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"16) улуттук электр тармактары жана бөлүштүрүүчү ишканалар техникалык мүмкүнчүлүк болгондо ЭКБны пайдалануу менен иштелип чыккан электр энергиясын өндүрүүчүлөрдөн керектөөчүлөргө чейин тоскоолдуксуз берүүнү камсыз кылат;";
г) 18-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"18) ЭКБ субъекттери үчүн белгиленген жеңилдетилген мезгилдин колдонуу мөөнөтү аяктагандан кийин электр энергиясына тариф отун-энергетикалык комплексти жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети же ыйгарым укуктарды берүүнүн алкагында ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан бекитилген ЭКБ үчүн электр энергиясына тарифти аныктоонун белгиленген тартибине ылайык жекече белгиленет;";
д) 19-пункт күчүн жоготту деп таанылсын;
е) 20 жана 21-пункттар төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"20) ЭКБ субъекттери тарабынан иштелип чыккан электр энергиясы, ушул Мыйзамдын 6-беренесинин 16-пунктунда көрсөтүлгөн учурларды кошпогондо, аны бир айдан ашык бир мезгилде иштеп чыкканда жана керектегенде топтолууга, сакталууга, өз ара алмашылууга жана кайтарылууга тийиш эмес;
21) ЭКБ субъекти электр энергиясын сатуудан түшкөн каражаттын 1 пайызын ЭКБнын объекти аймагында жайгашкан жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын бюджетине которот.".
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети алты айлык мөөнөттө өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2026-жылдын 7-апрелиндеги № 26 (3786) саны менен жарыяланды.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Н. Жапаров |
|
|
|
| Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган |