Загрузка документа…
ОНБИР-ЖЫЛГА АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ
2025-жылдын 27-февралы № 16
Милициянын аймактык пунктунун жерин аныктап берүү жөнүндө
Онбир-Жылга айыл өкмөтүнүн жергиликтүү Айылдык Кеңешинин Ⅰ чакырылышынын V сессиясынын отурумунда милициянын аймактык пунктунун жерин аныктап берүүсүн карап, талкуулап чыгып Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 18-беренесинин 4-пунктуна ылайык,жана Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары” жөнүндөгү Мыйзамынын 34-беренесин жетекчиликке алып Онбир-Жылга айылдык кеңеши токтом кылат;
1.Онбир-Жылга айыл өкмөтүнүн аймагындагы Кайырма айылынан № 245 контурунда жайгашкан 0,19 га жердин ичинен 0,05 га жери милициянын аймактык пунктунун тейлөөсүнө бөлүнүп берүүгө макулдук берилсин.
2. Ушул токтомдун аткарылышынын көзөмөлдөө жагы Онбир-Жылга айыл өкмөтүнүн башчысы - Н.А.Исаевге жүктөлсүн.
Төрага |
| Н.К.Анарбаев |