Загрузка документа…
САРЫ-ӨЗӨН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН
САРЫ-ӨЗӨН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2025-жылдын 8-сентябры № 01-7/59
Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин ижарага берүү боюнча жер комиссиясынын курамына өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 22-июнундагы №243 токтому менен бекитилген “Айыл чарба жерлеринин Мамлекеттик фондусунун жерлерин ижарага берүүнүн шарттары жана тартиби жөнүндө» Жобосуна ылайык Сары-Өзөн айылдык кеңешинин кезексиз сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Сары-Өзөн айылдык кеңешинин 2025-жылдын 15-январындагы №01-7/04 “Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин ижарага берүү боюнча жер комиссиясынын курамын бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүү киргизилсин.
2. Айыл чарба жерлеринин Мамлекеттик фондунун жерлерин ижарага берүү боюнча жер комиссиясы төмөнкүдөй курамда бекитилсин:
1. Сарбагышова Назгул Калмамбетовна – Сары-Өзөн айылдык кеңештин депутаты, комиссиянын төрагасы;
2. Анырова Субагул Жумакадыровна – айылдык кенештин жооптуу катчысы, комиссиянын катчысы.
Комиссия мүчөлөрү:
3. Сокулук райондук агрардык өнүгүү башкармалыгынын өкүлү (макулдашуу менен);
4. Бектемиров Таалайбек Эрмекович – Сары-Өзөн айыл өкмөтүнүн башчысы;
5. Бекболотова Асель Асанжановна – Сары-Өзөн айылдык кенешинин депутаты;
6. Муратова Айгерим Тимуровна - Сары-Өзөн айылдык кенешинин депутаты;
7. Джумалиев Качкынбай – Сары-Өзөн айыл өкмөтүнүн жер маселелери боюнча башкы адиси;
8. Чекирова Бурул Касымбековна – айыл өкмөтүнүн социалдык маселелер боюнча башкы адиси;
9. Алымбаева Мадина Мысалыевна - Сары-Өзөн айыл өкмөтүнүн кирешелер боюнча жетектөөчү адиси;
10. Сары-Өзөн айыл өкмөтүнүн жетектөөчү адиси – юрист.
3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу Сары-Өзөн айылдык кеңештин төрагасынын орун басары С.Бекмырзаевге тапшырылсын.
Төрага |
| М.Р. Кадыркулов |