Загрузка документа…
ОНБИР-ЖЫЛГА АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ
2025-жылдын 27- марты № 33
Чоң-Жар айылындагы варкаут салууга жер тилкесин бөлү берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 7,13,25,44, беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» 2021-жылдын 20-октябрындагы № 123 Мыйзамынын 27-беренесинин 4-пунктуна ылайык Онбир-Жылга Айылдык Кеңеши,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Онбир-Жылга айыл өкмөтүнүн аймагындагы Чоң-Жар айылына воркаут салууга жана балдар аянтчасын куруу үчүн жайгашкан № 222 контурунун 1000 м2 жер тилкесин бөлүп берүү жана жергиликтүү бюджеттен кошумча – 200 (эки жүз) миң сом каражат бөлүнүп берилсин.
2. Ушул токтомдун аткарылышынын көзөмөлдөө жагы Онбир-Жылга айыл өкмөтүнүн башчысы - Н.А.Исаевге жүктөлсүн.
Төрага |
| Н.К.Анарбаев |