Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 18-февралы № 170-VIII
Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасынын кызмат ордуна Ж.К.Шабданбековду дайындоого макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 70-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктун, 80-беренесинин 1-бөлүгүнүн 6-пунктун жана 90-беренесинин 1-бөлүгүнүн экинчи абзацын, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 6-беренесин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2026-жылдын 10-февралындагы ПЖ № 34 Жарлыгын карап чыгып, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасынын кызмат ордуна Шабданбеков Жумгалбек Кумаровичти дайындоого макулдук берилсин.
2. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага |
| М.А. Маматалиев |