Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТИРЛЕР КАБИНЕТИНЕ КАРАШТУУ АРХИТЕКТУРА, КУРУЛУШ ЖАНА ТУРАК ЖАЙ-КОММУНАЛДЫК ЧАРБА МАМЛЕКЕТТИК АГЕНТТИГИНИН БУЙРУГУ
2026-жылдын 6-апрели № 114-чуа
«Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин 2024-жылдын 7-мартындагы № 68-чуа «КР КЧ 20-02:2024 «Жер титирөөгө туруктуу курулуш. Долбоорлоо ченемдери» Кыргыз Республикасынын курулуш ченемдерин бекитүү жөнүндө» буйругуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө»
Жер титирөөгө туруктуу курулуш боюнча ченемдерди өркүндөтүү жана Бишкек шаарындагы курулуштун долбоорлонгон объекттери үчүн эң жогорку ылдамдатуунун маанисин колдонуу тартибин тактоо максатында, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-мартындагы № 115 «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына өткөрүп берүү жөнүндө» токтомун жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 22-апрелиндеги № 221 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги (мындан ары – Курулуш министрлиги) жөнүндө жобону жетекчиликке алып, буйрук кылам:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин 2024-жылдын 7-мартындагы № 68-чуа «КР КЧ 20-02:2024 «Жер титирөөгө туруктуу курулуш. Долбоорлоо ченемдери» Кыргыз Республикасынын курулуш ченемдерин бекитүү жөнүндө» буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- 2-пункт төмөнкүдөй төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«2. Бийиктиги 75 м жана андан жогору болгон имараттарды жана курулмаларды, ошондой эле КР КЧ 20-02:2024 «Жер титирөөгө туруктуу курулуш. Долбоорлоо ченемдери» IV класстагы социалдык жоопкерчиликтин жогорку деңгээлиндеги уникалдуу имараттарды жана курулмаларды кошпогондо, курулуш аянтынын сейсмикалуулугу 8 (IPE) балл болгон Бишкек шаарынын аймагында курулуш объекттерин долбоорлоодо жана курууда Iб кыртышындагы эң жогорку ылдамдануу (PGAI) g=981 см/сек2 үлүштөрүндө сейсмикалык термелүүнүн горизонталдык түзүүчүсүн 0,28 кабыл алуу керек.».
2. Жер титирөөгө туруктуу курулуш жана инженердик долбоорлоо мамлекеттик институту:
1) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 26-февралындагы №117 «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын расмий жарыялоо булактары жөнүндө» токтомуна ылайык бул буйрукту расмий жарыялоо боюнча чараларды көрсүн;
2) расмий жарыяланган күндөн тартып үч жумушчу күндүн ичинде бул буйруктун көчүрмөсүн мамлекеттик жана расмий тилдерде эки нускада, кагаз жүзүндө жана электрондук түрдө, аталган буйруктун жарыяланган булагын көрсөтүү менен Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн;
3) бул буйрук күчүнө кирген күндөн тартып үч жумушчу күндүн ичинде Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына маалымат үчүн жөнөтсүн.
3. Бул буйруктун аткарылышын контролдоону өзүмө калтырам.
4. Бул буйрук расмий жарыяланган күндөн тартып 15 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Министр |
| Н.К. Орунтаев |