Редакцияот 12.06.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ОНБИР-ЖЫЛГА АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ

 

 

2025-жылдын 12-июну № 36

 

 

Онбир-Жылга айыл өкмөтүнүн Маданият айылынын Байдылда Маленов атындагы орто мектебинде жайгашкан №7083 участкалык шайлоо комиссиясын Маданият айылдык клубуна которуу жөнүндө

 

Онбир-Жылга айыл өкмөтүнүн жергиликтүү Айылдык Кеңеши  Б.Маленов атындагы орто мектептин имаратында жайгашкан №7083 участкалык шайлоо комиссиясын, мектеп имараты тар болгондугуна байланыштуу, жана жергиликтүү элдин сунушу менен,  которуу жөнүндөгү маселени карап жана талкуулап чыгып Онбир-Жылга Айылдык Кеңеши төмөндөгүдөй:

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.Онбир-Жылга айыл өкмөтүнүн Маданият айылынын Байдылда Маленов көчөсүнүн №6 дарегиндеги Байдылда Маленов орто мектебинин имаратындагы №7083 участкалык шайлоо комиссиясын, Мукаш-ата №22 дарегинде жайгашкан Маданият айылдык клубуна которулсун.

2.Токтом Чүй-Бишкек аралык Юстиция  башкармалыгынан каттоодон өткөрүлсүн.

3. Токтомдун көчүрмөсү Чүй аймактык шайлоо комиссиясына жөнөтүлсүн.

4.Ушул токтомдун аткарылышынын  көзөмөлдөө жагы  Онбир-Жылга айыл өкмөтүнүн башчысы  - Н.А.Исаевге жүктөлсүн.

 

 

Төрага

 

Н.К.Анарбаев