Редакцияот 12.06.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ОНБИР-ЖЫЛГА АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ

 

 

2025-жылдын 12-июну № 37

 

 

Онбир-Жылга айыл өкмөтүнүн Кайырма  айылынын  “Альфа Телеком” ачык акционердик коомуна жер тилкесин бөлүп берүү жөнүндө

 

Онбир-Жылга айыл өкмөтүнүн жергиликтүү Айылдык Кеңешинин I чакырылышынын VII сессиясынын отурумунда “Альфа Телеком” ААК кайрылуусун карап жана талкуулап чыгып жана “Кыргыз Республикасынын жергиликтүү мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөгү” №123 Мыйзамынын № 34 беренесине ылайык, Онбир-Жылга Айылдык Кеңеши төмөндөгүдөй:

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.Онбир-Жылга айыл өкмөтү Кайырма айылын Дүйшөналы көчөсүнүн №2461  контурунан 16 м2 жер тилкеси “Альфа Телеком” ачык акционердик коомуна 2-жыл 11ай мөөнөтүндө ижарага берилсин.

2.Ушул токтомдун көзөмөлдөө жагы Онбир-Жылга айылдык кеңешинин жер маселелери боюнча комитеттине жүктөлсүн.

3. Токтом Чүй-Бишкек аралык Юстиция башкармалыгынан каттоодон өткөрүлсүн.

4.Ушул токтомду көзөмөлдөө жагы Онбир-Жылга айыл өкмөтүнүн башчысы Н.А Исаевге жүктөлсүн.

 

 

Төрага

 

Н.К. Анарбаев