Редакцияот 12.06.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ОНБИР-ЖЫЛГА АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ

 

 

2025-жылдын 12-июну № 38/1

 

 

Онбир-Жылга айыл өкмөтүнүн Шамшы айылына китепкана жана почта имаратын салуу үчүн  жер тилкесин бөлүп берүү жөнүндө

 

Онбир-Жылга айыл өкмөтүнүн жергиликтүү Айылдык Кеңешинин I чакырылышынын VII сессиясынын отурумунда, Шамшы айылдык китепкана башчысынын  кайрылуусун  карап жана талкуулап чыгып жана Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 32-беренесинин 4 пунктуна ылайык, жана “Кыргыз Республикасынын жергиликтүү мамлекеттик  жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөгү” №123 Мыйзамынын №34 беренесине ылайык Онбир-Жылга Айылдык Кеңеши төмөндөгүдөй:

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.Онбир-Жылга айыл өкмөтүнүн Шамшы айылындагы   административдик имаратынын күн чыгыш тарабынан 0,20 га жер тилкеси (номери жок) китепкана жана почта  салуу үчүн бөлүнүп берилсин.

2.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Онбир-Жылга  айыл өкмөтүнүн жерге жайгаштыруу боюнча башкы адиси Д.Кыдыралиевге жана айылдык кеңешинин жер маселелери боюнча комитеттине жүктөлсүн.

3. Токтом  Чүй-Бишкек аралык Юстиция   башкармалыгынан каттоодон өткөрүлсүн.

4.Ушул токтомду көзөмөлдөө жагы Онбир-Жылга айыл өкмөтүнүн башчысы - Н.А. Исаевге жүктөлсүн.

 

 

 

Төрага

 

Н.К. Анарбаев