КАРАКОЛ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
Каракол шаардык КенешининXXIX чакырылышынын XV сессиясы
ТОКТОМ
23-декабрь 2025-жыл №29-15/7
«Каракол шаарынын №5 бала бакчанын имаратынын чатырын капиталдык оңдоо, полдорун жана сантехникасын алмаштыруу” долбоору боюнча дем берʏʏчʏ грантты каржылашууга акча каражатын бѳлʏп берʏʏнʏ, Каракол шаарынын 2026-жылдын бюджетинин долбооруна киргизʏʏ жѳнʏндѳ
Каракол шаарынын аппарат жетекчиси Р.Ж.Сагымбаевдин, 2025-жылдын 18-ноябрындагы чыг:№01-17-5342 катын карап жана талкуулап, Каракол шаардык Кеңешинин экономика, бюджет, соода, ѳнѳр жай, инвестициялар, ишкердʏʏлʏктʏ колдоо боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун эске алуу менен,Каракол шаардык КенешининXXIX чакырылышынын XV сессиясы,
токтом кылат:
- Каракол шаарынын финансы башкармалыгынын башчысы Ч.Абдиева, 4 987 999 (тѳрт миллион тогуз жʏз сексен жети миң тогуз жʏз токсон тогуз) сом ѳлчѳмʏндѳгʏ акча каражатын, «Каракол шаарынын №5 бала бакчанын имаратынын чатырын капиталдык оңдоо, полдорун жана сантехникасын алмаштыруу”долбоору боюнча дем берʏʏчʏ грантты каржылашууга акча каражатын бѳлʏп берʏʏнʏ, Каракол шаарынын 2026-жылдын бюджетинин долбооруна киргизсин.
- Бул токтом Мамлекеттик ченемдик укуктук актыларынын реестерине киргизʏʏ ʏчʏн областтык юстиция башкармалыгына жиберилсин.
- Токтом ММКларда жарыялансын.
- Бул токтомдун аткарылышына кѳзѳмѳл кылуу, Каракол шаардык Кенешинин экономика, бюджет, соода, ѳнѳр жай, инвестициялар, ишкердʏʏлʏктʏ колдоо боюнча туруктуу комиссиясына жана Караколшаарынын биринчи вице-мэрине жʏктѳлсʏн.
Тѳрага Таштанбек уулу С.