Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2026-жылдын 7-апрели № 44
Кыргыз Республикасынын мал чарбасындагы асылдандыруу иши жөнүндө
1-глава. Жалпы жоболор
1-берене. Ушул Мыйзамда колдонулуучу негизги түшүнүктөр
Ушул Мыйзамда төмөнкүдөй негизги түшүнүктөр колдонулат:
1) апробация - бир түрдөгү малдын жалпы тобунун малдын белгилүү бир породасына, тибине. линиясына, кроссуна таандыктыгын белгилөө мүмкүндүгүн берген талаптарга шайкештигин аныктоо;
2) бонитер - бонитировкалоо боюнча кызмат көрсөтүү ишин жүзөгө ашыруучу жеке адам;
3) бонитировкалоо - тиешелүү классты же индексти ыйгаруу менен чарбалык пайдалуу белгилеринин комплекси (породасы, өндүрүмдүүлүк сапаттары. экстерьердик-конституционалдык өзгөчөлүктөрү) боюнча малдын асыл тукум баалуулук деңгээлин аныктоо;
4) буфердик чөлкөм - биологиялык жана ветеринардык коргоонун өзгөчө деңгээлине ээ болгон, чарбалык иш чектелген аймак;
5) геномдук баалоо - малдын геномдук маалыматынын негизинде андан ары көбөйтүү үчүн асыл тукум баалуулугун эң эрте жашында аныктоо;
6) геномдук селекция - малдын дезоксирибонуклеин кычкылдык маркерлеринин (ДНК) түзүмү жана анын экстерьеринин ортосундагы өз ара байланышты белгилөө, популяциянын азыктуулук сапаттарынын баалуу белгилерин табуу жана бекемдөө ыкмасы;
7) асыл тукум мал чарбасы чөйрөсүндөгү мамлекеттик контроль (көзөмөл) - жеке жана юридикалык жактардын асыл тукум мал чарбасы жаатындагы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын сактоосун камсыз кылууга багытталган ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кызмат адамдарынын иш-аракеттеринин жыйындысы;
8) асыл тукум малдын уругун сатуу боюнча дистрибьютордук борбор (мындан ары - дистрибьютордук борбор) - асыл тукум өндүргүч малдын тукумунун сапаты боюнча бааланган урукту сатып алуу, сактоо жана сатуу боюнча асыл тукум мал чарбасы чөйрөсүндө иш жүргүзүүчү юридикалык жак;
9) заводдук тип - породанын бөлүгү болуп саналган, бул порода үчүн жалпы касиеттерге ээ болгондон тышкары азыктуулугу, дене түзүлүшүнүн мүнөзү жана конституциясы боюнча айырмаланган айрым өзгөчөлүктөргө ээ болгон. көбөйтүү чөлкөмүнүн шарттарына мыкты ыңгайлашкан, ылаңга чыдамдуу айыл чарба малынын тобу;
10) заводчу - мал туулган учурдагы энесинин ээси;
11) асыл тукум малдын идентификациялык номери - визуалдык. электрондук жана аралаш маалымат каражаттарын пайдалануу менен идентификацияланган малга ыйгарылган номер, ал анын жашоосунда өзгөрүлбөйт жана малдын бир түрүнүн чегинде уникалдуу болуп саналат;
12) "Асыл тукум" асыл тукум мал чарбасы жаатындагы бирдиктүү мамлекеттик маалымат тутуму (мындан ары - "Асыл тукум" БММТ) - асыл тукум мал чарбасы жаатындагы маалыматтарды комплекстүү чогултуу. эсепке алуу, иштеп чыгуу жана сактоо үчүн, ошондой эле асыл тукум продукциясынын (материалынын) бирдиктүү паспортторун түзүү, жүргүзүү жана аларга жеткиликтүүлүктү берүү үчүн багытталган автоматташтырылган маалымат тутуму;
13) Асыл тукум продукциясынын (материалынын) бирдиктүү паспорту (мындан ары - Бирдиктүү паспорт) - асыл тукум малды же асыл тукум продукциясынын (материалынын) партиясын (бирдигин) идентификациялоочу жана эсепке алуу объектиси жөнүндө толук маалыматтарды камтыган "Асыл тукум" БММТиде түзүлүүчү жалгыз электрондук документ.
Анын түрүнө жараша Бирдиктүү паспорт төмөнкүлөрдү камтыйт: асыл тукум мал үчүн - асыл тукум малдын идентификациялык номерин, тегин, азыктуулук сапаттарын, асыл тукум баалуулугун, бонитировкалоонун жана молекулалык-генетикалык экспертизанын натыйжаларын, ошондой эле ээси (заводчу) жөнүндө маалыматтарды; башка асыл тукум продукциясы (материалы) үчүн - баштапкы малды идентификациялоочу маалыматтарды, анын сапаттык жана сандык мүнөздөмөлөрүн;
14) кросс - бир линиядагы малды башка линиядагы мал менен аргындаштыруудан келип чыккан айыл чарба малынын тобу;
15) биотехнология жана төлдөтүү лабораториясы - айыл чарба малын төлдөтүү жана жасалма уруктандыруу, биологиялык материалды (сперма, ооциттер, эмбриондор) криоконсервациялоо жана генетикалык материалды сактоо үчүн асыл тукум продукцияны (материалды) өндүрүү боюнча лаборатория;
16) линия - асыл тукум жана азыктуулук сапаттары тиешелүү тандоо жана тандап алуу тутуму менен колдоого алынган жана өркүндөтүлгөн атактуу тукумдан тараган породадагы асыл тукум айыл чарба малынын тобу;
17) асылдандыруу иши чөйрөсүндөгү лицензияланган орган - асыл тукум мал чарбасы чөйрөсүндө бонитировкалоо, жасалма уруктандыруу жана эмбриондорду трансплантациялоо, жүндү классификациялоо боюнча окутууну жүзөгө ашыруучу мамлекеттик орган;
18) молекулалык генетикалык экспертиза - малдын тегинин аныктыгын баалоо жана (же) генетикалык аномалияларын табуу максатында жүзөгө ашырылуучу малдын биологиялык материалын изилдөө;
19) асыл тукум мал - белгилүү бир породаны төлдөтүү үчүн пайдаланылуучу жана Асыл тукум продукциясынын (материалынын) бирдиктүү паспортуна ээ болгон айыл чарба малы;
20) асыл тукум өндүргүч мал - асыл тукум малды төлдөтүү үчүн пайдаланылуучу асыл тукум эркек мал;
21) асыл тукум эне аарысы - асыл тукум аары уюгун көбөйтүүнү камсыз кылуучу уруктандырылган асыл тукум ургаачы аары;
22) асыл тукум аары уюгу - породалык белгилерин өзүнүн тукумуна түз өткөрүп берүүчү жогорку азыктуу, породасы таза жана жогорку класстагы аары уюгу;
23) аары топтому - өзүнүн курамында асыл тукум уруктандырылган эне аарысы, төлү (бал уюкчасында), тирүү аарылары жана ташууда аарылар үчүн зарыл болгон азыктары бар асыл тукум аары уюгунан бөлүнгөн аарылардын тобу;
24) асыл тукум чарба - асыл тукум заводу жана фермасы статусуна ээ болгон, белгилүү түрдөгү жана породадагы асыл тукум малды көбөйтүүнү жана сатууну жүзөгө ашыруучу чарба жүргүзүүчү субъект;
25) асыл тукум ишкана - Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин (мындан ары - Министрлер Кабинети) чечимине ылайык өндүргүч асыл тукум малды багуу боюнча иш жүргүзүүчү, алардын уруктарын, эмбриондорун алуу. топтоо, сактоо, сапатын контролдоо жана сатуу менен алектенүүчү юридикалык жак;
26) асыл тукум продукциясы (материалы) - асыл тукум мал, ошондой эле асыл тукум малдан алынган урук, эмбриондор, инкубациялык жумуртка, бир суткалык жөжө, балыктын икрасы, личинкасы жана чабагы, асыл тукум эне аарылары, асыл тукум аары уюктары жана аары топтомдору;
27) асыл тукум баалуулугу - асыл тукум малдын тукумдун чарбалык пайдалуу белгилерине таасир этүүчү генетикалык дараметинин деңгээли;
28) асыл тукум мал чарбасы - генетикалык дарамети жогору малды төлдөтүүгө, аларды сактоого жана көбөйтүүгө багытталган асылдандыруу ишинин тутуму менен камтылган мал чарбасынын тармагы;
29) асылдандыруу иши - милдети өндүрүмдүүлүгү эң жогорку жана тукумуна чарбалык пайдалуу белгилерин максималдуу берүүгө жөндөмдүү малды алуу болуп саналган иш-чаралардын тутуму;
30) асыл тукум заводу - таза породалуу малды, белгилүү бир породадагы канаттууларды, балыктарды жана аарыларды көбөйтүү менен алектенүүчү, ошондой эле малдын жана канаттуулардын породаларынын типтерин жана линияларын өркүндөтүү боюнча тереңдетилген селекциялык-асылдандыруу ишин жүргүзүүчү айыл чарба ишканасы;
31) асыл тукум фермасы - дыйкан, фермердик жана башка чарба жүргүзүүчү субъекттерге сатуу, ошондой эле өзү төлдөтүү үчүн жогорку класстагы асыл тукум малды, белгилүү бир түрдөгү жана породадагы канаттууларды жана балыктарды көбөйтүү менен алектенүүчү айыл чарба субъектиси;
32) генофонду чектелүү порода - селекциялык максатта пайдалануу үчүн зарыл болгон жана жок болуу коркунучунда турган дүйнөдө аналогу жок ата мекендик породадагы сейрек кездешүүчү малдын тобу;
33) порода - адам тарабынан жаратылган. ушул түрдүн башка породаларынан айырмалоого мүмкүндүк берүүчү жана тукумуна туруктуу 'берилүүчү малдын ушул тобуна мүнөздүү генетикалык жактан шартталган биологиялык жана морфологиялык чарбалык пайдалуу касиеттерге ээ жалпы тектеги малдын тобу;
34) асыл тукум мал чарбасы чөйрөсүндөгү субъекттердин реестри - аттестациядан өткөн жана бул тутумда катталган жеке жана юридикалык жактардын тизмегин камтыган. "Асыл тукум" БММТинин жалпыга жеткиликтүү бөлүгү;
35) айыл чарба малы - адам тарабынан көбөйтүлүүчү, айыл чарба өндүрүшүнө түздөн-түз тиешеси бар малдын, канаттуулардын, балыктардын жана аарылардын бардык түрлөрү;
36) селекциялык жана асыл тукум иши - малды көбөйтүүдө анын азыктуулугу боюнча эң жогорку натыйжаларга жетишүү үчүн ырааттуу иш-аракеттердин жыйындысы;
37) адистештирилген лаборатория - молекулалык-генетикалык экспертиза жүргүзүүчү аккредиттелген юридикалык жак. ошондой эле юридикалык жактын аккредиттелген түзүмдүк бөлүмү;
38) породанын стандарты - мал чарбасы чөйрөсүндөгү илимий-изилдөө уюму тарабынан иштелип чыккан жана асылдандыруу ишин башкаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан бекитилген фенотиптик жана азыктуулук көрсөткүчтөрү боюнча тиешелүү породадагы асыл тукум малга карата минималдуу талаптар;
39) мал чарбасындагы асылдандыруу ишинин субъекттери - асыл тукум мал чарбасы чөйрөсүндө иш менен алектенүүчү жеке жана юридикалык жактар;
40) уруктандыруучу техник - сертификат алган жана асылдандыруу ишин башкаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жасалма уруктандыруу, айыл чарба малынын эмбриондорун трансплантациялоо (көчүрүү) боюнча кызматтарды көрсөтүүгө карата ишин баштоо (токтотуу) жөнүндө кабарлаган жеке адам;
41) эмбриондорду трансплантациялоо (көчүрүү) - асыл тукум малдан көбүрөөк сандагы тукум алуунун биотехнологиялык ыкмасы;
42) асылдандыруу ишин башкаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган - Министрлер Кабинети тарабынан аныкталуучу асылдандыруу ишин башкаруу чөйрөсүндөгү аткаруу бийлигинин мамлекеттик органы;
43) таза кандуу мал - көптөгөн муундар бою башка кан аралашпаган белгилүү породанын өкүлдөрүнөн алынган мал;
44) таза породалуу мал - төрттөн кем эмес муундагы түпкү теги бир эле породага же тектеш породаларга таандык болгон мал, ошондой эле бир породанын канынын үлүшү 93,75 пайыздан кем болбогондо тектеш эмес породаларды аргындаштыруунун натыйжасында алынган мал;
45) эмбрион - уруктандырылган жумуртка клеткасынан өсүп келаткан түйүлдүк.
2-берене. Асыл тукум мал чарбасы чөйрөсүндөгү ишти уюштуруунун негизги принциптери
Асыл тукум мал чарбасы чөйрөсүндөгү иш төмөнкү принциптерге негизделет:
1) селекциялык-асыл тукум ишин уюштуруу;
2) натыйжалуулугун жана асыл тукум баалуулугун жогорулатуу;
3) породанын сакталышын камсыз кылуу;
4) асыл тукум мал чарбасы чөйрөсүндөгү маалыматтардын талаптагыдай эсепке алынышын камсыз кылуу.
3-берене. Мал чарбасындагы асылдандыруу иши жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдары
1. Мал чарбасындагы асылдандыруу иши жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдары Кыргыз Республикасынын Конституциясына негизделет жана ушул Мыйзамдан жана мал чарбасы жаатындагы Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларынан. ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерден турат.
2. Ушул Мыйзам асыл тукум мал чарбасы чөйрөсүндөгү ишти жүзөгө ашыруунун укуктук, уюштуруу жана экономикалык негиздерин аныктайт, асыл тукум мал чарбасы чөйрөсүндө иш жүргүзүүчү мамлекеттик органдардын. жеке жана юридикалык жактардын ишин жөнгө салат, асыл тукум малдын генофондун сактоого жана көбөйтүүгө, ошондой эле көбөйтүлүп жаткан малдын төлдөөсүнө жана азыктуулук сапатын жакшыртууга багытталат.
4-берене. Асыл тукум мал чарбасы чөйрөсүндөгү субъекттердин экономикалык ишинин өзгөчөлүктөрү
1. Асыл тукум мал чарбасы чөйрөсүндөгү субъекттер Министрлер Кабинети тарабынан аныкталуучу тартипте асыл тукум заводу жана фермасы статусун ыйгаруу жана андан ажыратуу жөнүндө мыйзамдарга ылайык түзүлөт жана иштейт.
2. Жер участоктору жана көлмөлөр жеке жана юридикалык жактарга Кыргыз Республикасынын жер жана суу мыйзамдарында каралган тартипте асыл тукум малдарды көбөйтүү үчүн берилет.
3. Жер участокторуна жана көлмөлөргө болгон укуктар, аларды берүү тартиби жана пайдалануу режими, ошондой эле коргоо чөлкөмдөрүн белгилөө Кыргыз Республикасынын жер жана суу мыйзамдарында аныкталат.
2-глава. Мал чарбасындагы асылдандыруу ишин уюштуруу
5-берене. Мал чарбасындагы асылдандыруу ишинин тутуму
Кыргыз Республикасынын мал чарбасындагы асылдандыруу ишинин тутуму өзүнө төмөнкүлөрдү камтыйт:
1) Министрлер Кабинетин;
2) асылдандыруу ишин башкаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органды;
3) жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын;
4) мал чарбасындагы асылдандыруу ишинин субъекттерин;
5) мал чарбасы чөйрөсүндөгү илимий-изилдөө институттарын.
6-берене. Министрлер Кабинетинин компетенциясы
Министрлер Кабинетинин асылдандыруу иши чөйрөсүндөгү компетенциясына мал чарбасындагы асылдандыруу иши жаатындагы мамлекеттик саясатты иштеп чыгуу жана жүзөгө ашыруу кирет.
7-берене. Асылдандыруу ишин башкаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын компетенциясы
Асылдандыруу ишин башкаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган мал чарбасындагы асылдандыруу ишин өнүктүрүү чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясатты иштеп чыгуу жана ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктарды, ошондой эле Министрлер Кабинети тарабынан аныкталуучу башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.
8-берене. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ыйгарым укуктары
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын асыл тукум мал чарбасы чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктарына тиешелүү аймакта мал чарбасындагы асылдандыруу ишинин мамлекеттик саясатын ишке ашырууга көмөк көрсөтүү кирет.
9-берене. Мал чарбасындагы асылдандыруу ишинин субъекттери
Мал чарбасындагы асылдандыруу ишинин субъекттерине төмөнкүлөр кирет:
1) асыл тукум заводдору жана фермалары;
2) асыл тукум ишканалары;
3) дистрибьютордук борборлор;
4) бонитерлор;
5) уруктандыруучу техниктер;
6) буфердик чөлкөмдөр.
10-берене. Асыл тукум чарбаларында асылдандыруу ишин уюштуруу жана жүргүзүү
1. Асыл тукум мал чарбасы чөйрөсүндөгү иш жеке жана юридикалык жактар тарабынан жүзөгө ашырылат.
2. Асыл тукум мал чарбасы чөйрөсүндөгү субъекттер маалыматтардын эсебин Министрлер Кабинети тарабынан аныкталган тартипте жүргүзөт.
3. Асыл тукум ишканалары, биотехнология жана төлдөтүү лабораториялары. дистрибьютордук борборлор, республикалык палаталар, ассоциациялар, бирикмелер жана кооперативдер асылдандыруу ишин башкаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган аныктаган тартипте отчет беришет.
4. Асылдандыруу иши менен алектенүүчү асыл тукум чарбалары жер мамилелери чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин биринчи кезекте алууга жана пайдаланууга артыкчылыктуу укукка ээ.
5, Мамлекеттик асыл тукум заводдорунун жана ишканаларынын жерлери, негизги каражаттары, айыл чарба малынын асыл тукум өзөгү мамлекеттик менчик болуп саналат, аларды тескөө мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылат.
3-глава. Асыл тукум мал чарбасы чөйрөсүндөгү мамлекеттик жөнгө салуу
11-берене. Асыл тукум продукциясына (материалына) менчик укугу жана пайдалануу тартиби
1. Жеке жана юридикалык жактардын асыл тукум продукциясына (материалына) менчик укугу жана пайдалануу тартиби Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдары менен жөнгө салынат.
2. Асыл тукум продукциясына (материалына) менчик укугунун өтүүсү Министрлер Кабинети тарабынан аныкталган тартипте жаңы менчик ээси жөнүндө маалыматтарды Бирдиктүү паспортко киргизүү жолу менен милдеттүү түрдө каттоого алынууга тийиш.
12-берене. Асыл тукум продукциянын экспорту жана импорту
1. Асыл тукум малды жана асыл тукум продукциясын (материалын) экспорттоо жана импорттоо Министрлер Кабинети тарабынан аныкталган тартипте жана шарттарда Евразия экономикалык комиссиясынын асыл тукум мал чарбасы жана ветеринария жаатындагы чечимдерин эске алуу менен экспорттоо жана импорттоо чөйрөсүндөгү мыйзамдарга ылайык жүзөгө ашырылат.
2. Асыл тукум продукциясын (материалын) экспорттоого ветеринардык сертификат жана Бирдиктүү паспорттон көчүрмө болгондо жол берилет.
Көрсөтүлгөн көчүрмө "Асыл тукум" БММТиде камтылган маалыматтарды расмий тастыктаган документ болуп саналат. Көчүрмөнүн формасы, аны берүү тартиби жана колдонулуу мөөнөтү Министрлер Кабинети тарабынан белгиленет.
3. Асыл тукум продукциясын (материалын) импорттоо белгиленген тартипте берилген ветеринардык уруксат болгондо жана экспорттоочу өлкөнүн расмий асыл тукум документтеринин негизинде жүзөгө ашырылат. Кыргыз Республикасынын аймагына ташып келинген асыл тукум продукциясы (материалы) "Асыл тукум" БММТиде Министрлер Кабинети тарабынан аныкталган тартипте ага Бирдиктүү паспортту түзүү менен милдеттүү түрдө каттоого алынууга тийиш.
13-берене. Генофондду жана селекциялык жетишкендиктерди коргоо
1. Асыл тукум, таза породалуу, таза кандуу малдын генетикалык ресурстарын коргоо үчүн генофонддук чарбалар, уруктун, жумуртка клеткаларынын. эмбриондордун, зиготалардын банктары уюштурулуп, аларды коргоо мамлекет тарабынан жүзөгө ашырылат.
2. Мамлекет мал чарбасындагы селекциялык жетишкендиктерди жана селекциячылардын укуктарын селекциялык жетишкендиктерди укуктук коргоо жөнүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталган тартипте коргоого кепилдик берет.
14-берене. Асыл тукум продукциясын (материалын) мамлекеттик каттоо жана эсепке алуу
1. Кыргыз Республикасынын аймагында өндүрүлүүчү. пайдаланылуучу. импорттолуучу жана экспорттолуучу бардык асыл тукум продукциясы (материалы) "Асыл тукум" БММТиде милдеттүү түрдө каттоого алынууга тийиш.
2. Каттоодо ар бир асыл тукум малга жана асыл тукум продукциясынын (материалынын) ар бир партиясына (бирдигине) уникалдуу Бирдиктүү паспорт түзүлөт.
3. "Асыл тукум" БММТини жана Бирдиктүү паспортту түзүүнүн жана жүргүзүүнүн тартиби, Бирдиктүү паспортко киргизилүүчү маалыматтардын тизмеги, ошондой эле аларга жеткиликтүүлүк берүү тартиби Министрлер Кабинети тарабынан бекитилет.
4. "Асыл тукум" БММТиде камтылган маалыматтар Кыргыз Республикасындагы асыл тукум продукциясынын (материалынын) статусу жана теги жөнүндөгү жалгыз расмий маалымат булагы болуп саналат.
5. Асыл тукум малдын жана үйүрлөрдүн мамлекеттик регистри жөнүндө, ошондой эле асыл тукум малдын мамлекеттик китеби жөнүндө жобо айыл чарба жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан иштелип чыгат жана Министрлер Кабинети тарабынан бекитилет.
6. Асыл тукум малдын мамлекеттик китебине жана асыл тукум малдын жана үйүрлөрдүн мамлекеттик регистрине киргизилген маалыматтар бардык кызыкдар адамдар үчүн жеткиликтүү болуп саналат.
15-берене. Мал чарбасындагы асылдандыруу иши чөйрөсүндөгү мамлекеттик жөнгө салуу
Мал чарбасындагы асылдандыруу иши чөйрөсүндөгү мамлекеттик жөнгө салуу төмөнкүлөр аркылуу жүзөгө ашырылат:
1) асылдандыруу иши чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты ишке ашыруу;
2) асылдандыруу иши чөйрөсүндө мамлекеттик контролдоону (көзөмөлдөөнү) жүргүзүү;
3) асыл тукум малдын генофондун сактоо, өнүктүрүү жана пайдалануу боюнча асылдандыруу иши жана селекция чөйрөсүндөгү фундаменталдык жана колдонмо мүнөздөгү илимий изилдөөлөрдү жүргүзүү;
4) асыл тукум, таза породалуу, таза кандуу малдын, анын ичинде генофонду чектелүү породалардын генофондун сактоого багытталган иш-чараларды мамлекеттик колдоо;
5) селекциялык жана асылдандыруу иштерин жүргүзүү жана ата мекендик айыл чарба товар өндүрүүчүлөрү үчүн асыл тукум продукциянын (материалдын) жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу боюнча иш-чараларды мамлекеттик колдоо;
6) асыл тукум мал чарбасы чөйрөсүндөгү селекциялык жетишкендиктерди сыноолорду жана апробациялоону жүргүзүү;
7) асыл тукум, таза породалуу, таза кандуу малга жана асыл тукум продукцияга (материалга) геномдук баалоо жана контроль жүргүзүү;
8) "Асыл тукум" БММТини жүргүзүү жана Бирдиктүү паспортту түзүү;
9) Кыргыз Республикасында пайдаланууга сунушталган асыл тукум мал чарбасы чөйрөсүндөгү селекциялык жетишкендиктердин мамлекеттик реестрин жүргүзүү;
10) мал чарбасында асылдандыруу ишин жүргүзүүнүн жана айыл чарба малдарын тоюттандыруунун алкагында мамлекеттик акы төлөнүүчү кызматтарды көрсөтүү;
11) айыл чарба малын бонитировкалоо, жасалма уруктандыруу жана тоюттандыруу боюнча ченемдик укуктук актыларды иштеп чыгуу жана бекитүү.
12) асыл тукум мал чарбасынын субъекттерин аттестациялоону (кайра аттестациялоону) аларды кийин "Асыл тукум" БММТиде каттоо менен жүргүзүү.
16-берене. Асыл тукум мал чарбасы чөйрөсүндөгү мамлекеттик көзөмөлдөө
1. Асылдандыруу иши чөйрөсүндөгү мамлекеттик көзөмөлдөө ушул Мыйзамдын талаптарына ылайык жана мал чарбасындагы асылдандыруу иши жаатындагы ченемдик укуктук актыларда белгиленген тартипте жүргүзүлөт.
2. Көзөмөлдөө боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчиси Кыргыз Республикасынын мал чарбасындагы асылдандыруу иши боюнча башкы мамлекеттик инспектор болуп саналат.
3. Асылдандыруу иши чөйрөсүндөгү мамлекеттик көзөмөлдөөнү түздөн-түз жүзөгө ашыруучу ведомствонун кызмат адамдары мал чарбасындагы асылдандыруу иши боюнча мамлекеттик инспекторлор болуп саналат.
4. Мал чарбасындагы асылдандыруу иши боюнча мамлекеттик инспекторлорго төмөнкүдөй ыйгарым укуктар берилет:
1) селекциялык жана асылдандыруу иштеринин абалына, анын асылдандыруу иши чөйрөсүндөгү жеке жана юридикалык жактарда эсепке алынышына жана отчеттуулугуна мамлекеттик көзөмөлдөөнү жүзөгө ашырууга;
2) "Асыл тукум" БММТиде камтылган жана Бирдиктүү паспортко киргизилген маалыматтардын аныктыгын текшерүүгө;
3) юридикалык жана жеке жактар тарабынан ушул Мыйзамдын жана мал чарбасындагы асылдандыруу иши жаатындагы ченемдик укуктук актылардын талаптарынын сакталышына мамлекеттик көзөмөлдөөнү жүзөгө ашырууга;
4) асылдандыруу ишин жүргүзүү боюнча мыйзамдардын талаптарын бузууларды четтетүү жөнүндө жазма буйруктарды берүүгө;
5) асыл тукум заводдорунун жана фермаларынын ишинин шайкештигине мониторинг жүргүзүүгө;
6) Министрлер Кабинети тарабынан аныкталган тартипте жүргүзүлгөн мониторингдин жыйынтыктары боюнча асыл тукум заводу жана фермасы статусун токтотуп туруу жана андан ажыратуу жөнүндө сунуштарды киргизүүгө.
5. Мал чарбасындагы асылдандыруу иши боюнча мамлекеттик инспекторлордун өздөрүнүн компетенциясынын чегинде берилген жазма буйруктары асылдандыруу ишинин субъекттери тарабынан аткарылууга милдеттүү.
17-берене. Асыл тукум мал чарбасы чөйрөсүндөгү илимий изилдөөлөр
1. Асыл тукум мал чарбасы чөйрөсүндөгү изилдөөлөрдү Кыргыз Республикасынын айыл чарба тармагындагы илимий-изилдөө уюмдары асылдандыруу ишин башкаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен биргеликте жүргүзөт, алар төмөнкүлөрдү иштеп чыгат:
1) асылдандыруу иши чөйрөсүндөгү мамлекеттик илимий-техникалык программаларды;
2) малдын асыл тукум баалуулугун бонитировкалоо, төлдөтүү жана тоюттандыруу боюнча нускамаларды, жоболорду;
3) геномдук селекциянын, асыл тукум малды жана асыл тукум продукцияны (материалды) геномдук баалоонун жана генетикалык контролдоонун методикасын жана техникалык каражаттарын;
4) асыл тукум иши чөйрөсүндөгү маалыматтык камсыз кылуу тутумун.
2. Фундаменталдык жана колдонмо илимий изилдөөлөрдү, асылдандыруу иши боюнча жаңы технологияларды, шаймандарды жана жабдууларды иштеп чыгууну, асылдандыруу иши чөйрөсүндөгү кадрларды даярдоону жана кайра даярдоону каржылоо билим берүү жана илим чөйрөсүндөгү мыйзамдарда белгиленген тартипте мамлекеттик программалардын негизинде жүзөгө ашырылат.
4-глава. Асыл тукум продукциясын (материалын) таануу жана пайдалануу жана аны бонитировкалоо
18-берене. Асыл тукум продукциясын (материалын) таануу
1. Асыл тукум продукциясы (материалы) "Асыл тукум" БММТиде катталган жана Бирдиктүү паспорт түзүлгөн учурдан тартып асыл тукум деп таанылат.
2. Бирдиктүү паспортту түзүү төмөнкүдөй шарттар сакталганда жүзөгө ашырылат:
1) продукция (материал) "Асыл тукум" БММТиде катталган жана колдонуудагы Бирдиктүү паспорту бар асыл тукум малдан алынганда;
2) продукциянын (материалдын) ветеринардык коопсуздугу ветеринария жаатындагы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык тастыкталганда.
19-берене. Айыл чарба малын жасалма уруктандыруу боюнча асыл тукум ишканасы
1. Айыл чарба малын жасалма уруктандыруу боюнча асыл тукум ишканасы Министрлер Кабинети тарабынан аныкталган тартипте жана шарттарда түзүлөт.
2. Асыл тукум ишканасы төмөнкүдөй функцияларды жүзөгө ашырат:
1) урукту алуу үчүн пайдалануучу өндүргүч асыл тукум малды багат;
2) урукту алуу, иштетүү, сапатын контролдоо жана сактоо боюнча иштерди жүргүзөт;
3) айыл чарба малын жасалма уруктандырууну жүргүзүү үчүн урукту жасалма уруктандыруу пункттарына сатат.
20-берене. Айыл чарба малын жасалма уруктандыруу пункттары
1. Айыл чарба малын жасалма уруктандыруу боюнча пункттар үйүрдү төлдөтүү жана селекциялык-асыл тукум иштерин жүргүзүү боюнча негизги жер болуп саналат.
2. Малды жасалма уруктандырууну зооветеринардык билими бар уруктандыруучу техниктер, ошондой эле мал чарбасында иш тажрыйбасы бар, атайын окуу курстарынан өткөн жана лицензияланган орган тарабынан берилген жасалма уруктандыруу боюнча кызмат көрсөтүүгө квалификациясын тастыктоочу сертификат алган адамдар жүзөгө ашырат.
3. Жасалма уруктандыруу боюнча пункттарды уюштуруу жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан жүргүзүлөт.
4. Айыл чарба малын жасалма уруктандыруу пункттарын уюштуруу тартиби Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.
21-берене. Асыл тукум продукциясын (материалын) пайдалануу
1. Асыл тукум малдын уруктары жана эмбриондору, аларга карата Бирдиктүү паспорту түзүлгөн жана күчүндө турган, андагы маалыматтар алардын теги "Асыл тукум" БММТиде катталган малдан экендигин тастыктаган шартта пайдаланылат.
2. Жеке маркалоосу Бирдиктүү паспортто көрсөтүлгөн маалыматтарга шайкеш келбеген уруктарды жана эмбриондорду жүгүртүүгө (сатууга жана пайдаланууга) жол берилбейт.
3. Породаны төлдөтүү үчүн геномдук баалоодон өткөн, анын натыйжасы алардын Бирдиктүү паспортуна киргизилген өндүргүч мал гана пайдаланылат.
4. Заводчу жөнүндө маалыматтар Бирдиктүү паспорттун милдеттүү реквизити болуп саналат.
22-берене. Бонитировкалоо
1. Асыл тукум мал милдеттүү түрдө бонитировкаланууга тийиш.
2. Бонитировкадан өтпөгөн асыл тукум малды асылдандыруу максатында сатууга жол берилбейт.
3. Бонитировкалоону зооветеринардык билими бар, атайын курстардан өткөн жана кызмат көрсөтүүгө квалификациясын тастыктаган сертификат алган сертификатталган бонитерлор жүргүзөт.
4. Бонитировкалоонун натыйжалары малдын Бирдиктүү паспортуна милдеттүү түрдө киргизилет.
23-берене. Молекулалык генетикалык экспертиза
1. Молекулалык генетикалык экспертиза адистештирилген лабораторияларда жүргүзүлөт, анын натыйжаларын тиешелүү Бирдиктүү паспортто чагылдыруу аркылуу "Асыл тукум" БММТиге киргизишет.
2. Молекулалык генетикалык экспертизанын тапшырыкчылары болуп асыл тукум мал чарбасы чөйрөсүндө иш жүргүзүүчү жеке же юридикалык жактар саналат.
3. Молекулалык генетикалык экспертизанын терс корутундусун алуу тапшырыкчыны башка адистештирилген лабораторияларга молекулалык генетикалык экспертиза жүргүзүү үчүн кайра кайрылуу укугунан ажыратпайт.
5-глава. Корутунду жоболор
24-берене. Ушул Мыйзамды бузгандыгы үчүн жоопкерчилик
1. Асылдандыруу ишинин субъекттери мал чарбасындагы асылдандыруу иши жаатындагы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартышат.
2. Ушул Мыйзамдын ченемдерин бузууга жол берген мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызмат адамдары Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө мыйзамдарына жана кылмыш-жаза мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартышат.
25-берене. Эл аралык кызматташтык
Кыргыз Республикасы асылдандыруу иши жаатындагы эл аралык кызматташтыкты өнүктүрүүгө көмөктөшөт.
26-берене. Өткөөл жоболор
1. "Асыл тукум" БММТини толук киргизүү жана Бирдиктүү паспортко өтүү үчүн 2028-жылдын 1-январына чейин өткөөл мезгил белгиленсин.
2. Ушул Мыйзам күчүнө киргенге чейин колдонууда болгон мыйзамдарга ылайык берилген асыл тукум статусун тастыктоочу асыл тукум күбөлүктөрү жана башка документтер өткөөл мезгилдин ичинде жарактуу деп таанылат жана алар Бирдиктүү паспортко алмаштырылган учурга чейин, бирок өткөөл мезгилдин мөөнөтү аяктагандан кечиктирбестен Бирдиктүү паспорт менен бирдей юридикалык күчкө ээ болот.
3. Министрлер Кабинети өткөөл мезгилдин ичинде "Асыл тукум" БММТини түзүүнү, техникалык жактан ишке киргизүүнү жана өнөр жайлык эксплуатацияга киргизүүнү камсыз кылат.
4. Өткөөл мезгил ичинде асыл тукум мал жана асыл тукум мал чарбасынын субъекттери жөнүндө маалыматты колдонуудагы маалыматтар базасынан жана документтерден "Асыл тукум" БММТиге Министрлер Кабинети тарабынан аныкталуучу тартипте Бирдиктүү паспортту түзүү менен көчүрүү жүзөгө ашырылат.
5. Өткөөл мезгил аяктагандан кийин асыл тукум продукциянын (материалдын) статусун жана тегин тастыктоочу жалгыз документ болуп Бирдиктүү паспорт саналат.
Көнүл бургула! Ушул Мыйзамдын "Асыл тукум" БММТини жана Бирдиктүү паспортту милдеттүү түрдө пайдаланууга тийиштүү бөлүгүндөгү жоболору 2028-жылдын 1-январынан тартып колдонууга киргизилет.
27-берене. Ушул Мыйзамдын күчүнө кирүүсү жана аны колдонууга киргизүүнүн тартиби
1. Ушул Мыйзам, ушул берене менен колдонууга киргизүүнүн башка мөөнөттөрү белгиленген жоболорду кошпогондо. расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
«Эркин-Тоо» мамлекеттик расмий гезитинин 2026-жылдын 10-апрелиндеги № 27 (3787) саны менен жарыяланды
2. Ушул Мыйзамдын "Асыл тукум" БММТини жана Бирдиктүү паспортту милдеттүү түрдө пайдаланууга тийиштүү бөлүгүндөгү жоболору 2028-жылдын 1-январынан тартып колдонууга киргизилет.
3. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
1) "Кыргыз Республикасынын мал чарбасындагы асылдандыруу иши жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 27-апрелиндеги № 133 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2009-ж., № 4, 355-ст.);
2) "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2012-жылдын 10-октябрындагы № 170 Мыйзамынын 9-беренеси (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы. 2012-ж., № 9, 2862-ст.);
3) "Кыргыз Республикасынын мал чарбасындагы асылдандыруу иши жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын 2014-жылдын 18-февралындагы № 34 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2014-ж., № 2, 95-ст.);
4) "Кыргыз Республикасынын мал чарбасындагы асылдандыруу иши жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын 2019-жылдын 8-июлундагы № 80 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2019-ж., № 7-8, 468-ст.).
4. Министрлер Кабинети ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып алты айлык мөөнөттө ушул Мыйзамды ишке ашыруу үчүн зарыл болгон ченемдик укуктук актыларды кабыл алсын.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Н. Жапаров |
|
|
|
2026-жылдын 4-мартында |
| Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган |