Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2026-жылдын 2-апрели № 37
2022-жылдын 11-ноябрында Самарканд шаарында кол коюлган 2009-жылдын 3-октябрындагы Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташуусунун кеңешин түзүү жөнүндө Нахчыван макулдашуусуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протоколду ратификациялоо жөнүндө
1-берене.
2022-жылдын 11-ноябрында Самарканд шаарында кол коюлган 2009-жылдын 3-октябрындагы Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташуусунун кеңешин түзүү жөнүндө Нахчыван макулдашуусуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протокол төмөнкүдөй эскертме менен ратификациялансын:
"2009-жылдын 3-октябрындагы Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташуусунун кеңешин түзүү жөнүндө Нахчыван макулдашуусунун 16-беренесине түзүмдөргө Түрк мамлекеттер уюмундагы байкоочу статусун берүү бөлүгүндө өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протоколду ратификациялоо Кыргыз Республикасы тарабынан мындай түзүмдөрдү мамлекет же эл аралык укуктун башка субъекттери катары таануу актысы болуп саналбайт.".
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги 1-беренеде көрсөтүлгөн эскертме менен аталган Протоколдун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылгандыгы жөнүндө Түрк мамлекеттер уюмунун катчылыгына кабарласын.
3-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Эркин-Тоо мамлекетик расмий газетасынын 2026-жылдын 7-апрелиндеги № 26 (3786) жарыяланды.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Жапаров |
|
|
|
2026-жылдын 5-мартында |
| Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган |