Документке
Мурунку14.04.2026

КАРАКОЛ ШААРДЫК КЕҢЕШИ

 

 

Каракол шаардык Кенешинин XXIX  чакырылышынын XV сессиясы

 

ТОКТОМ

 

 

23-декабрь 2025-жыл №29-15/9

 

«Каракол шаарынын А.Ахматов атындагы №4 жалпы билим берʏʏ мектебинин чатырын жана электр тутумунун чубалгыларын алмаштыруу” долбоору боюнча дем берʏʏчʏ грантты каржылашууга акча каражатын бѳлʏп берʏʏнʏ, Каракол шаарынын 2026-жылдын бюджетинин долбооруна киргизʏʏ жѳнʏндѳ

 

Каракол шаарынын аппарат жетекчиси Р.Ж.Сагымбаевдин, 2025-жылдын 18-ноябрындагы чыг:№01-17-5342 катын карап жана талкуулап, Каракол шаардык Кеңешинин экономика, бюджет, соода, ѳнѳр жай, инвестициялар, ишкердʏʏлʏктʏ колдоо боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун эске алуу менен,Каракол шаардык Кенешинин XXIX  чакырылышынын XV сессиясы,

токтом кылат:

 

  1. Каракол шаарынын финансы башкармалыгынын башчысы Ч.Абдиева, 5 608 259 (беш миллион алты жʏз сегиз миң эки жʏз элʏʏ тогуз) сом ѳлчѳмʏндѳгʏ акча каражатын, «Каракол шаарынын А.Ахматов атындагы №4 жалпы билим берʏʏ мектебинин  чатырын жана электр тутумунун чубалгыларын алмаштыруу”долбоору боюнча дем берʏʏчʏ грантты каржылашууга акча каражатын бѳлʏп берʏʏнʏ, Каракол шаарынын 2026-жылдын бюджетинин долбооруна киргизсин.
  2. Бул токтом Мамлекеттик ченемдик укуктук актыларынын реестерине киргизʏʏ ʏчʏн областтык юстиция башкармалыгына жиберилсин.
  3. Токтом ММКларда жарыялансын.
  4. Бул токтомдун аткарылышына кѳзѳмѳл кылуу, Каракол шаардык Кенешинин экономика, бюджет, соода, ѳнѳр жай, инвестициялар, ишкердʏʏлʏктʏ колдоо боюнча туруктуу комиссиясына жана Каракол шаарынын биринчи вице-мэрине   жʏктѳлсʏн.

 

 

Тѳрага                                                                        Таштанбек уулу С.

 

Жаңы15.04.2026