Документке
Мурунку14.04.2026

КАРАКОЛ ШААРДЫК КЕҢЕШИ

 

Каракол шаардык КенешининXXIX  чакырылышынын XV сессиясы

 

ТОКТОМ

 

23-декабрь 2025-жыл  №29-15/11

 

 

“Каракол шаардык олимпиадалык адистештирилген балдар жана ѳспʏрʏмдѳр мектебинин №1 спорттук бокс залынын имаратын капиталдык ремонттон ѳткѳрʏʏ” долбоору боюнча дем берʏʏчʏ грантты каржылашууга акча каражатын бѳлʏп берʏʏнʏ, Каракол шаарынын 2026-жылдын бюджетинин долбооруна киргизʏʏ жѳнʏндѳ

 

Каракол шаарынын аппарат жетекчиси Р.Ж.Сагымбаевдин, 2025-жылдын 18-ноябрындагы чыг:№01-17-5342 катын карап жана талкуулап, Каракол шаардык Кеңешинин экономика, бюджет, соода, ѳнѳр жай, инвестициялар, ишкердʏʏлʏктʏ колдоо боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун эске алуу менен,Каракол шаардык КенешининXXIX  чакырылышынын XV сессиясы,

токтом кылат:

 

  1. Каракол шаарынын финансы башкармалыгынын башчысы Ч.Абдиева, 4 585 454(тѳрт миллион беш жʏз сексен беш миң тѳрт жʏз элʏʏ тѳрт) сом ѳлчѳмʏндѳгʏ акча каражатын, “Каракол шаардык олимпиадалык адистештирилген балдар жана ѳспʏрʏмдѳр мектебинин №1 спорттук бокс залынын имаратын капиталдык ремонттон ѳткѳрʏʏ”долбоору боюнча дем берʏʏчʏ грантты каржылашууга акча каражатын бѳлʏп берʏʏнʏ, Каракол шаарынын 2026-жылдын бюджетинин долбооруна киргизсин.
  2. Бул токтом Мамлекеттик ченемдик укуктук актыларынын реестерине киргизʏʏ ʏчʏн областтык юстиция башкармалыгына жиберилсин.
  3. Токтом ММКларда жарыялансын.
  4. Бул токтомдун аткарылышына кѳзѳмѳл кылуу, Каракол шаардык Кенешинин экономика, бюджет, соода, ѳнѳр жай, инвестициялар, ишкердʏʏлʏктʏ колдоо боюнча туруктуу комиссиясына жана Каракол шаарынын биринчи вице-мэрине   жʏктѳлсʏн.

 

 

 

Тѳрага                                                                        Таштанбек уулу С.

 

Жаңы15.04.2026