Редакцияот 10.10.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КУРАМА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН

ТОКТОМУ

Курама айылдык кеңештин депутаттарынын 10-чакырылышынын кезектүү 11-сессиясы

 

2025-жылдын 10-октябры № 34

 

“Курама-Суу” муниципалдык ишканасынын техникасынын калкка кызмат көрсөтүүсү боюнча тарифтик баасын бекитүү жөнүндө

“Курама-Суу” муниципалдык ишканасынын сунушунун негизинде, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 18 жана 19-беренелерине, “Мамлекеттик жана муниципалдык менчик жөнүндө” Мыйзамына, “Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө” Мыйзамына жана Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” Мыйзамын жетекчиликке алуу менен Курама айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. “Курама-Суу “муниципалдык ишканасынын техникасынын калкка кызмат көрсөтүүсү боюнча тарифтик баалары төмөнкүдөй өлчөмдө бекитилсин.

·         Жүк жүктөөчү машина (фронтальный погрузчик) 1 саатка 2500 (эки миң беш жүз) сом баага дизель/бензин кирет.

·         Авто мунара 1 саатка (авто вышка) 2500 (эки миң беш жүз) сом баага дизель/бензин кирет.

·         Экскаватор 1 саатка 2500 (эки миң беш жүз) сом баага дизель/бензин кирет.

·         Трактор 1 саатка 800 (сегиз жүз) сом дизель/бензин өзүнчө эсептелет.

2. Социалдык жактан аз камсыз жана жакыр жашаган үй-бүлөлөргө 50% (элүү пайыз) арзандатуу колдонулсун.

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө укугу айылдык кеңештин тиешелүү туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

 

Төрага

А.К. Джумагулов