КУРАМА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
Курама айылдык кеңештин депутаттарынын 10-чакырылышынын кезектүү 11-сессиясы
2025-жылдын 10-октябры № 35
"Чүй облусунун Панфилов районунун Курама айыл округунун айыл өкмөтү" мекемесинин аталышын “Чүй облусунун Панфилов районунун Курама айыл аймагынын айыл өкмөтү” деп өзгөртүп, мамлекеттик кайра каттоодон өткөрүү жөнүндө
«Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 20-июлундагы №241 “Кыргыз Республикасынын нормативдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамына, 2021-жылдын 6-октябрындагы “Кыргыз Республикасынын жергиликтүү мамлекеттик администрациясы жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамына ылайык, Курама айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.“Чүй облусунун Панфилов районунун Курама айылдык округунун айыл өкмөтү” мекемесин (мамлекеттик кайра каттоодон өткөндүгү тууралуу күбөлүк; каттоо номери 110199-3308-М-е, ОКПО коду 4509025, ИНН 00101199611074) “Чүй облусунун Панфилов районунун Курама айыл аймагынын айыл өкмөтү” мекемеси деп кайра каттоодон өткөрүлсүн.
2. “Чүй облусунун Панфилов районунун Курама айыл аймагынын айыл өкмөтү” мекемесинин өз алдынча иштелип чыккан жаңы редакциядагы Уставы бекитилсин.
3. Курама айылдык кеңешинин “Чүй облусунун Панфилов районунун Курама айылдык округунун айыл өкмөтү” мекемесин “Чүй облусунун Панфилов районунун Курама айылдык аймагынын айыл өкмөтү” мекемеси деп кайра аталышын өзгөртүү токтому Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин аймактык бөлүмүндө кайра каттоодон өткөрүлсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Курама айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы М.Т.Бейсембаевага жүктөлсүн.
Төрага | А.К. Джумагулов |