Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 7-апрели № 226
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин
2021-жылдын 18-октябрындагы № 222 «Кыргыз Республикасында жер үстүндөгү суу ресурстарын пайдалануу үчүн жыйымды аныктоонун жана алуунун тартибин бекитүү жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Суу кодексинин 47-беренесинин, 3-бөлүгүнө, Салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодексинин 88-беренесинин 2-бөлүгүнүн экинчи абзацына, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 18-октябрындагы № 222 «Кыргыз Республикасында жер үстүндөгү суу ресурстарын пайдалануу үчүн жыйымды аныктоонун жана алуунун тартибин бекитүү жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) преамбулада:
- «48» деген цифралар «47» деген цифраларга алмаштырылсын;
- «Суу жөнүндөгү» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-беренесине,» деген сөздөр алып салынсын;
2) 4-пункттун биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«4. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги, Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги, Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги, Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети (макулдашуу боюнча), Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясы төмөнкүлөрдү Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине киргизүүнү камсыз кылсын:»;
3) 5-пункттун биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«5. Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги:»;
4) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасында жер үстүндөгү суу ресурстарын пайдалануу үчүн жыйымды аныктоонун жана алуунун тартибинде:
- 3-пункттун экинчи абзацында «18» деген цифралар «22» деген цифраларга алмаштырылсын;
- 9-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«9. Жер үстүндөгү суу ресурстарын пайдалануу (П) үчүн жыйымдын суммасын аныктоо 1-формула боюнча жүргүзүлөт, сом менен:
1. П = Q x T,
мында:
Q – отчеттук мезгилде суу пайдалануучу алган жер үстүндөгү суунун иш жүзүндөгү көлөмү, м3;
T – жер үстүндөгү суу ресурстарын пайдалануу үчүн жыйымдын ставкасы, ал суу ресурстарын башкаруу, изилдөө, эсепке алуу, баалоо жана коргоо, суу ресурстарынын зыяндуу таасиринен коргоо боюнча ишти жүзөгө ашырган мамлекеттик уюмдардын жана мекемелердин иш жүзүндөгү чыгымдарынын, ошондой эле суу ресурстарын изилдөө, баалоо жана коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын иштөөсү боюнча иш-чараларга чыгымдардын суммасынын (С) суу ресурстарын башкаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан баалануучу Кыргыз Республикасынын бардык жер үстүндөгү суу ресурстарынын жылдык көлөмүнө (QBP) катышына барабар болот, сом/м3:
,
мында:
C – мамлекеттик уюмдардын жана мекемелердин отчеттук мезгилдеги чыгымдары, алар төмөнкүлөргө багытталат:
- суу ресурстарын кайра өндүрүүгө жана коргоого;
- суу объекттерин калыбына келтирүүгө жана сактоого;
- суу ресурстарына мониторинг жүргүзүүгө жана илимий-изилдөө иштерин жүргүзүүгө;
- кыйроолордун жана табигый кырсыктардын (сел, суу ташкындары, суу каптоолор, суу толуулар, эрозия жана жээктердин кулашы) натыйжасында сууга зыяндуу таасирлердин жана булгануунун алдын алуу, жоюу боюнча иш-чараларды ишке ашырууга;
- суу ресурстарын башкаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын иштөөсү боюнча иш-чараларды ишке ашырууга;
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталуучу башка максаттарга жетүүгө;
QBP – суу ресурстарын башкаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан баалануучу Кыргыз Республикасынын бардык жер үстүндөгү суу ресурстарынын жылдык көлөмү, м3.»;
- 11-пункттун биринчи абзацында «27» деген цифралар «33» деген цифраларга алмаштырылсын;
- 11-пункттун «г» пунктчасында «70» деген цифралар «65» деген цифраларга алмаштырылсын;
- 13-пунктта:
биринчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«13. Жыйым боюнча жеңилдиктер Кыргыз Республикасынын Суу кодексине ылайык жыйымды төлөөдөн бошотуу же жыйымды төлөөнү кийинкиге калтыруу түрүндө белгиленет.»;
- үчүнчү абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«– мамлекеттик жана муниципалдык менчикте турган жаратылыш коруктары, ботаникалык бактар, корукчалар, жаратылыш эстеликтери, дендрологиялык жана зоологиялык парктар, маданият, илим, билим берүү, саламаттык сактоо мекемелери жана мамлекеттик бюджеттин эсебинен каржылануучу башка мекемелер жана уюмдар;».
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
«Эркин-Тоо» мамлекеттик расмий гезитинин 2026-жылдын 10-апрелиндеги № 27 (3787) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
|
А.А. Касымалиев |