Загрузка документа…
КУРАМА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2025-жылдын 10-октябры № 40
“Панфилов районунун Эфиронос айылынын Некрасова-Самат-Ата көчөлөрүн асфальттоо иштери” боюнча
(Курама айылдык кеңешинин “27” январдын 2026-жылдагы №13 токтомунун редакциясына ылайык)
Курама айыл өкмөтүнүн башчысы М.Т. Бейсембаеванын Панфилов районундагы Эфиронос айылында жайгашкан Некрасова-Самат-Ата көчөлөрүн асфальттоо иштери боюнча дем берүүчү гранттын долбоорунун жалпы баасы 6 288 105 (алты миллион эки жүз сексен сегиз миң жүз беш сом) түзөрүн, анын ичинен Курама айыл өкмөтүнүн каржылык салымы 1 288 105 сомду (бир миллион эки жүз сексен сегиз миң жүз беш сом) түзөрүн маалымдаган. Жогоруда айтылгандарды эске алып, Курама айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Эфиронос айылындагы Некрасова-Самат-Ата көчөлөрүн асфальттоо иштери боюнча долбоор бекитилип, жергиликтүү бюджеттен 1 475 505 сом (бир миллион төрт жүз жетимиш беш миң беш жүз беш сом) каражат бөлүнсүн.
(Курама айылдык кеңешинин “27” январдын 2026-жылдагы №13 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Долбоор боюнча материалдарды Панфилов районунун финансылык бөлүмүнө жана Кыргыз Республикасынын Каржы министрлигине жиберилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Курама айыл өкмөтүнүн башчысы М.Т. Бейсембаевага жүктөлсүн.
Төрага | А.К. Джумагулов |