Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 13-апрели № 243
Мамлекеттик сатып алуулар чөйрөсүндөгү административдик даттанууларды жана кайрылууларды кароо боюнча көз карандысыз комиссиянын ишине акы төлөөнүн тартиби жана шарттары жөнүндө
«Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 45-беренесине, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Мамлекеттик сатып алуулар чөйрөсүндөгү административдик даттанууларды жана кайрылууларды кароо боюнча көз карандысыз комиссиянын ишине акы төлөөнүн тартиби жана шарттары жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги белгиленген тартипте:
1) ушул токтомдон келип чыгуучу чараларды көрсүн;
2) «Кыргыз Республикасынын 2027-жылга жана 2028–2029-жылдардын пландык мезгилине республикалык бюджети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун иштеп чыгууда ушул токтомдон келип чыгуучу каражаттарды карасын.
3. Бул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана 2027-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.А. Касымалиев |