Редакцияот 31.03.2026
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЖАЗЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

 

ТОКТОМ

 

Жазы айылдык кеңешинин VIII-чакырылышынын кезектеги он экинчи

сессиясы

 

2026-жылдын 31-марты № 12/67

 

 

Жазы айыл өкмөтүнүн жерге укук берүү жөнүндөгү комиссиянын курамын түзүү жөнүндө

 

 

           

 

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 34- беренесине ылайык Жазы айыл өкмөтүнүн 16.03.2026-жылдагы №59 сунушун угуп жана талкуулап, Жазы айылдык кеңеши токтом кылат:

1. Жазы айыл өкмөтүнүн жерге укук берүү жөнүндөгү комиссиянын курамы:

1. Исаков Азамат – айылдык кеңештин депутаты, комиссиянын төргасы.

2. Чынгыз уулу Майрамбек – айыл өкмөтүнүн жоопту катчысы, комиссиянын катчысы.

Мүчөлөрү

3. Н.Кошмокова – айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары.

4. А.Балтабаев – айыл өкмөтүнүн жер маселелери боюнча башкы адиси.

5. Эгемберди уулу Жолболду – айыл өкмөтүнүн юристи.

6. К.Осмонова – айылдык кеңештин депутаты.

7. Э.Балбыров – айылдык кеңештин депутаты.

8. У.Турдумамбетов – айылдык кеңештин депутаты.

9. С.Абдурашитов – айылдык кеңештин депутаты.

10. Айыл башчылар.

2. Жогорудагы сунушталган жерге укук берүү жөнүндөгү комиссиянын курамы бекитилсин.

 

 

Төрага

 

К.Камчибеков