Загрузка документа…
САРЫ-ӨЗӨН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН
САРЫ-ӨЗӨН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2025-жылдын 8-сентябры № 01-7/60
Жеке турак жай куруу үчүн жер участокторду берүүдө жана башка жер маселелери боюнча жер комиссиясынын курамына өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 6-майындагы №177 токтомунун негизинде “Жеке турак жай куруу үчүн жер участокторун берүүнүн тартиби жөнүндө” жобосунун 10.11.12.13.14.15. – пункттарына ылайык Сары-Өзөн айылдык кеңешинин кезексиз сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Сары-Өзөн айылдык кеңешинин 2025-жылдын 15-январындагы №01-7/05 “Жеке турак жай куруу үчүн жер участокторду берүүдө жана башка жер маселелери боюнча комиссиясынын курамын бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүү киргизилсин.
2. Жеке турак жай куруу үчүн жер участокторду берүүдө жана башка жер маселелери боюнча комиссия төмөнкүдөй курамда бекитилсин:
1. Сары-Өзөн айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары, комиссиянын төрагасы;
2. Анырова Субагүл Жумакадыровна - Сары-Өзөн айылдык кеңештин жооптуу катчысы, комиссиянын катчысы.
Комиссия мүчөлөрү:
3. Каратаева Элиза Таянычовна - Сары-Өзөн айылдык кенешинин депутаты;
4. Мадемилов Жолдошбек Макенович - Сары-Өзөн айылдык кенешинин депутаты;
5. Солтокеев Улан Джамалбекович - Сары-Өзөн айылдык кенешинин депутаты;
6. Сокулук райондук шаар курулуш жана архитектура башкармалыгынын өкүлү;
7. Сокулук райондук жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармалыгынын өкүлү;
8. Айыл өкмөтүнүн жетектөөчү адиси-юристи;
9. Айыл өкмөтүнүн жер маселелери боюнча адистери;
10. Сүйналиев Турарбек Муратбекович – айыл өкмөтүнүн жашылдандыруу, көрктөндүрүү боюнча эколог - инженери;
11. Асылбаш, Төш-Булак, 1-Май, Жакынкы Арал жана Алыскы Арал айылдарынын башчылары, тиешелүүлүгүнө жараша.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу Сары-Өзөн айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары С.Б.Бекмырзаевге тапшырылсын.
Төрага |
| М.Р. Кадыркулов |