ОРГОЧОР АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖЕРГИЛИКТҮҮ КЕҢЕШИ
ОРГОЧОР АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖЕРГИЛИКТҮҮ КЕНЕШИНИН I- ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН КЕЗЕКТЕГИ СЕССИЯСЫ
ТОКТОМ
2026-жылдын 20-январы №106
Оргочор айыл аймагында Коммуналдык калдыктар менен иштөөнүн Эрежелерин бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 49-беренесинин, Кыргыз Республикасынын «Өндүрүш жана керектөө калдыктары жөнүндө», «Курчап турган чөйрөнү коргоо жөнүндө», «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» мыйзамдарынын негизинде, Кыргыз Республикасынын калдыктар менен иштөө жаатындагы башка ченемдик-укуктук актыларын аткаруу максатында “Оргочор айыл аймагында коммуналдык калдыктар менен иштөө Эрежелеринин” долбоорун карап жана талкуулап, Оргочор жергиликтүү кеңеши токтом кылат:
- “Оргочор айыл аймагында Коммуналдык калдыктар менен иштөөнүн Эрежелелери” 1-тиркемеге ылайык бекитилсин.
- Оргочор айыл өкмөт башчысы Н.Жусуповго:
- Коммуналдык калдыктар менен иштөөнүн Эрежелерин колдонууну ишке ашырууну камсыз кылсын;
- Эрежеге ылайык зарыл болгон каржылык жана материалдык керектөөлөрдүн эсебин алып, жергиликтүү бюджеттен каржылоо боюнча сунушун кеңешке киргизсин;
- Аткарылган иштер тууралуу 2026-жылдын 6 айынын жыйынтыгы менен, андан соң жыл сайын кеңешке отчет берүүнү уюштурсун.
- Ушул токтом тиркемеси менен веб-сайтка жарыялансын.
- Жергиликтүү кеңештин жооптуу катчысы Э.Тариелова бул токтомду каттоого алсын жана токтомдун көчүрмөсү тиркемеси менен бирге ченемдик-укуктук актылар Мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин Ысык-Көл облустук башкармалыгына жөнөтсүн.
- Ушул токтом Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актыларынын Мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн тартып күчүнө кирет.
- Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл чарба жана экология маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага А.Тыныбеков