Редакцияот 15.04.2026
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ОРГОЧОР АЙЫЛ  АЙМАГЫНЫН ЖЕРГИЛИКТҮҮ  КЕҢЕШИ

 

 

 

ОРГОЧОР  АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖЕРГИЛИКТҮҮ КЕНЕШИНИН  I- ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН  КЕЗЕКТЕГИ  СЕССИЯСЫ

 

 

ТОКТОМ

 

2026-жылдын 20-январы   №107        

 

Айыл аймагындагы билим берүү мекемелери менен түзүлгөн 2026-2028-жылдарга карата үч тараптуу  келишимдерди бекитүү жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын Эмгек Кодексининин талаптарын аткаруу, билим берүү кызматкерлеринин социалдык укуктарын коргоо жана мекемелеринин материалдык базасын чыӊдоо максатында Оргочор жергиликтүү  кеңеши токтом кылат:

 

  1. Билим берүү кызматкерлеринин мыйзамдык укуктарын, социалдык-экономикалык кызыкчылыктарын коргоо жана мектептин материалдык-техникалык базасын чыӊдоо максатында төмөндөгү билим берүү мекемелеринин 2026-2028-жылдар үчүн түзүлгөн үч тараптуу келишимдери бекитилсин:

1)    Р.Шаршебаева атындагы “Керемет” мектепке чейинки билим берүү уюму;

2)    Бактылуу балалык атындагы мектепке чейинки билим берүү уюму;

3)    Ы.Сооронбаев атындагы билим берүү мектеби;

4)    Ж.Желдеӊбаев атындагы Боз-Бешик жалпы билим берүү мектеби;

5)    К.Байбеков атындагы жалпы билим берүү мектеби;

6)    “Гүлүя” атындагы мектепке чейинки билим берүү уюму;

7)    “Кенешкан Ысманова” атындагы мектепке чейинки билим берүү уюму;

8)    Ж.Байболотов атындагы жалпы билим берүү мектеби;

9)    Светлая Поляна мектепке чейинки билим берүү уюму;

10) А.Алыбаков атындагы жалпы орто билим берүү мектеби;

11) М.Тынаев атындагы жалпы билим берүү мектеби;

12) “Айданек” мектепке чейинки билим берүү уюму;

13) С.Давлетов атындагы жалпы билим берүү мектеби;

14) А.Алтымышбаев атындагы жалпы билим берүү мектеби;

15) “Баластан” мектепке чейинки билим берүү уюму;

16) “Алымбекова Кулуйпа” атындагы мектепке чейинки билим берүү уюму;

17) “Алтын бешик” мектепке чейинки билим берүү уюму;

18) Т.Жамгырчиев атындагы Ак-Шыйрак жалпы билим берүү жатак мектебинин баштапкы бирлик уюму.

 

  1. Мыйзам чегинде жергиликтүү бюджетти пландоодо билим берүү мекемелеринин чарбалык муктаждыктарын эске алуу жагы  айыл өкмөт башчысы Н.Жусуповго тапшырылсын. 

 

  1. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын жергиликтүү кеӊештин төрагасынын орун басары Э.Саадат уулуна   жүктөлсүн.

 

            Төрага   А.Тыныбеков