ОРГОЧОР АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖЕРГИЛИКТҮҮ КЕҢЕШИ
ОРГОЧОР АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖЕРГИЛИКТҮҮ КЕНЕШИНИН I- ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН КЕЗЕКТЕГИ СЕССИЯСЫ
ТОКТОМ
2026-жылдын 10-февралы №109
Айыл өкмөтүнүн 2025-жыл ичинде аткарган иштери боюнча отчету жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамдарынын негизинде, Оргочор айыл өкмөт башчысы Н.Жусуповдун 2025-жыл ичиндеги социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасынын аткарылышы боюнча отчетун угуп жана талкуулап, Оргочор жергиликтүү кеңеши токтом кылат:
- Оргочор айыл өкмөт башчысы Н.Жусуповдун 2025-жыл ичинде аткарылган иштеринин отчетун “канааттандыраарлык” деп табылсын.
- 2025-жылга карата бекитилген бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүгүнүн аткарылышы боюнча финансылык отчет алымча кошумчасы менен бекитилсин.
- Ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин расмий веб сайтына жарыялоого тиешелүү электрондук иш кагаздарын жиберүүгѳ жана юстиция органына мамлекеттик реестрге киргизүү үчүн иш кагаздарын алып баруу жагы жергиликтүү кенешинин жооптуу катчысы Э.Тариеловага тапшырылсын.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө финасы пландоо, бюджеттин аткарылышын жана сырттан келген инвестицияларды көзөмөлдөө боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага А.Тыныбеков