Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 8 апрели № 232
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарында жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында коррупциялык тобокелдиктерди табуу, баалоо жана башкаруу тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 5-июнундагы № 137 «2025–2030-жылдарга Кыргыз Республикасында коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча мамлекеттик стратегия жөнүндө» Жарлыгы менен бекитилген 2025–2030-жылдарга Кыргыз Республикасында коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча мамлекеттик стратегияны ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планынын 5-главасынын 1-пунктунун 1-пунктчасын аткаруу, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишинде коррупциялык тобокелдиктерди табуу, баалоо жана башкаруу системасын өркүндөтүү максатында, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарында жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында коррупциялык тобокелдиктерди табуу, баалоо жана башкаруу тартиби жөнүндө жобо (мындан ары – Жобо) тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын министрликтери жана административдик ведомстволору, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдары:
– тиешелүү мамлекеттик органдарда жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарында коррупциянын пайда болуу тобокелдиги бар учурлардын жана кырдаалдардын тизмегин Жободо белгиленген тартипте жана мөөнөттө бекитсин, аларды актуалдаштырууну камсыз кылсын;
– коррупциялык тобокелдиктерди системалуу идентификациялоону ишке ашырсын, аларды башкаруу механизмдерин киргизсин жана аларды минималдаштыруу же жоюу боюнча чараларды көрсүн;
– коррупциянын пайда болуу тобокелдиги бар учурлардын жана кырдаалдардын тизмегин ведомстволук расмий сайттарда үзгүлтүксүз жарыялоону камсыз кылсын.
3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-мартындагы № 115 «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына өткөрүп берүү жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин өткөрүп берилген ченем жаратуу ыйгарым укуктарын ишке ашыруу тартиби жөнүндө жободо:
– 13-пункт төмөнкүдөй мазмундагы тогузунчу абзац менен толукталсын:
«Министрлер Кабинети тарабынан өткөрүлүп берилген ченем жаратуу ыйгарым укуктарын ишке ашыруунун алкагында иштелип чыгуучу, мамлекеттик органдарда жана республикалык маанидеги шаарлардын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарында коррупциянын пайда болуу тобокелдиги бар учурлардын жана кырдаалдардын тизмегин бекитүү жөнүндө ченемдик укуктук актылардын долбоорлору коррупциянын алдын алуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашылууга тийиш.».
4. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 31-майындагы № 293 «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу боюнча айрым чаралар тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
– 1-пункт күчүн жоготту деп таанылсын.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
6. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2026-жылдын 8-апрелинин № 28 (3788) саны менен жарыяланды.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
|
А.А. Касымалиев |