ОРГОЧОР АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖЕРГИЛИКТҮҮ КЕҢЕШИ
ОРГОЧОР АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖЕРГИЛИКТҮҮ КЕНЕШИНИН
I-ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН №17 - КЕЗЕКТЕГИ СЕССИЯСЫ
ТОКТОМ
2026-жылдын 10 -февралы №112
Оргочор айыл аймагындагы турмуш-тиричилик катуу калдыктарын чогултуу, ташып чыгарууга тарифин бекитүү
Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесинин 11-пунктуна ылайык, Оргочор жергиликтүү кеңеш токтом кылат:
- “Кызыл-Суу Тазалык” муниципалдык ишканасынын жетекчиси Кененбаев Рысбек Бекташовичтин күйүүчү майга жана тетиктердин баасынын кескин кымбатташын эске алуу менен Оргочор айыл аймагынын турмуш -тиричиликтин катуу калдыктарын чогултуу, ташып чыгаруу жана жок кылуу жана кызмат көрсөтүүлөр үчүн тарифин бекитип берүү боюнча билдирүүлөрү эске алынсын.
- Оргочор айыл аймагы боюнча турмуш -тиричиликтин катуу калдыктарын чогултуу, ташып чыгаруу жана жок кылуу жана кызмат көрсөтүүлөр үчүн тарифи ар бир кожолукка айына -120 (бир жүз жыйырма) сом менен бекитилсин.
- Чоӊ-Кызыл-Суу, Светлая Поляна, Оргочор, Подгорный, Боз-Бешик, Кызыл-Суу бөлүмүнүн тургундарынан бекитилген тарифтердин негизинде акчаларды чогултуу жагы “Кызыл-Суу Тазалык” муниципалдык ишканасынын жетекчиси Р. Кененбаевге милдеттендирилсин.
- Ак-Дөбө, Тилекмат, Аӊ-Өстөн, Мундуз, Кургак-Айрык айылдарынын тургундарынан бекитилген тарифтердин негизинде акчаларды чогултуу жагы “МТАА Агро МТС” муниципалдык ишканасынын жетекчиси Г.Сейитказиевага милдеттендирилсин.
- “Кызыл-Суу Тазалык” муниципалдык ишканасынын жетекчиси Р. Кененбаев менен “МТАА Агро МТС” муниципалдык ишканасынын жетекчиси Г.Сейитказиевага Оргочор айыл аймагы боюнча катуу тиричилик калдыгын чыгаруу боюнча келишимдерин жаӊыртып, убагында таштандыларды чыгаруу жагы тапшырылсын.
- Оргочор айылдык кеӊешинин 2022-жылдын 23-декабрындагы №52 “Оргочор айыл аймагындагы ар бир түтүндөн салык эмес жыйым баасынын ставкасын бекитүү жөнүндөгү” токтому, Светлая Поляна айылдык кеӊешинин 2023-жылдын 11-январындагы №72 “Жергиликтүү деӊгээлде кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу долбоорунун алкагында катуу тиричилик калдыктарын чыгаруу тарифтерин өзгөртүү жөнүндө” токтому, 2025-жылдын 07-мартындагы №30/1 “Катуу таштандыларды ташып чыгарууга тарифтерди бекитүү” жөнүндөгү токтому күчүн жоготту деп таанылсын.
- Ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин расмий веб сайтына жарыялоого тиешелүү электрондук иш кагаздарын жиберүүгѳ жана юстиция органына мамлекеттик реестрге киргизүү үчүн иш кагаздарын алып баруу жагы жергиликтүү кенешинин жооптуу катчысы Э.Тариеловага тапшырылсын.
- Токтомдун аткарылышы көзөмөлдөө жагы жергиликтүү кеңешинин “Финансы –пландоо. Бюджеттин аткарылышын көзөмөлдөө жана сырттан келген инвестицияны көзөмөлдөө маселелери” боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага А.Тыныбеков