ОРГОЧОР АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖЕРГИЛИКТҮҮ КЕҢЕШИ
ОРГОЧОР АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖЕРГИЛИКТҮҮ КЕНЕШИНИН I- ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН №17 - КЕЗЕКТЕГИ СЕССИЯСЫ
ТОКТОМ
2026-жылдын 10 -февралы №113
Жерди которуу (тарнсформациялоо) жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 “Жергиликтуу мамлекеттик администрация жана жергиликтуу оз алдынча башкаруу органдары” Мызамынын 27-беренесинин 1-болугунун 2-пунктун, Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 15-июлундагы №145 “Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө” Мыйзамынын, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2014-жылдын 19-мартындагы №169 токтому менен бекитилген “Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндөгү убактылуу Жобосун” жетечиликке алып Оргочор жергиликтүү кеңеши токтом кылат:
- Жайыт (таштак) жерлерди энергетика, транспорттук жана байланыш объектилерин жайгаштыруу үчүн трансформациялоого макулдук берилсин.
- Ак-Шыйрак дарыясынын жээгинде курула турган чакан ГЭСтин курулушу үчүн 16,78 га. “Жайыт (таштак) багытындагы жерлердин” категориясынын “Өнөр жайынын, транспорттук, байлыныштын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер” категориясынына трасформациялоого төмөндөгү категориядагы жерлерге уруксат берилсин.
Жети-Өгүз районунун Ысык-Көл колхозунун 1994-жылкы инвентаризациялоо китебинин негизинде (Оргочор айыл аймагы)
№ | Контур | Жалпы аянты (га) | Которулуучу аянт (га) |
1 | 237 (таштак жайыт) | 15,3 | 2,38 |
2 | 240 (таштак жайыт) | 53,7 | 12,86 |
3 | 241 (таштак жайыт) | 15,5 | 1,54 |
Жалпы |
| 84,5 | 16,78 |
- Жети-Өгүз райондук мамлекеттик администрациясына жерди которуу (трансформациялоо) боюнча тиешелүү документтерди даярдоого жөнөтүлсүн жана жүргүзулгөн иштерге көзөмөл кылып иш алып баруу жагы Оргочор айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Жусуповго милдеттендирилсин.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл чарба жана экология маселелери боюнча, финансы пландо, бюджеттин аткарылышын көзөмөлдөө жана сырттан келген инвестицияларды көзөмөлдөө маселелери боюнча туруктуу комиссияларына тапшырылсын.
Төрага А.Тыныбеков