Редакцияот 15.04.2026
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ОРГОЧОР АЙЫЛ  АЙМАГЫНЫН ЖЕРГИЛИКТҮҮ  КЕҢЕШИ

 

 

 

ОРГОЧОР  АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖЕРГИЛИКТҮҮ КЕНЕШИНИН  I- ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН  №17 - КЕЗЕКТЕГИ  СЕССИЯСЫ

 

 

 

ТОКТОМ

 

 

 

2026-жылдын 10 -февралы   №114

 

                           

Жерди которуу (тарнсформациялоо) жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары” Мыйзамынын 27-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктун, Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 15-июлундагы №145 “Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө” Мыйзамынын, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2014-жылдын 19-мартындагы №169 токтому менен бекитилген “Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндөгү убактылуу Жобосун” жетечилике алып Оргочор жергиликтүү  кеңеши токтом кылат:

  1. Жайыт (таштак) жерлерди энергетика, транспорттук жана байланыш объектилерин жайгаштыруу үчүн трансформациялоого макулдук берилсин.
  2. Ак-Шыйрак дарыясынын жээгинде курула турган  чакан ГЭСтин курулушу үчүн 22,04 га. “Жайыт (таштак) багытындагы жерлердин” категориясынын “Өнөр жайынын, транспорттук, байлыныштын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер” категориясынына трасформациялоого төмөндөгү категориядагы жерлерге уруксат берилсин.

 

Жети-Өгүз районунун  Ак-Тилек совхозунун  1994-жылкы инвентаризациялоо китебинин негизинде   (Оргочор айыл аймагы)

№

Контур

Жалпы аянты (га)

Которулуучу аянт (га)

1

328  (таштак жайыт)

30,0

6,14

2

330  (таштак жайыт)

79,6

8,46

3

332 (суу)

6,6

0,42

4

329 (шагыл)

12,1

2,23

5

331 (шагыл)

30,2

3,15

6

333 (шагыл)

6,0

1,64

Жалпы

 

164,5

22,04

  1. Жети-Өгүз райондук мамлекеттик администрациясына жерди которуу (трансформациялоо) боюнча тиешелүү документтерди даярдоого жөнөтүлсүн жана жүргүзулгөн иштерге  көзөмөл кылып иш алып баруу жагы Оргочор  айыл өкмөтүнүн башчысы  Н.Жусуповго милдеттендирилсин.
  2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл чарба жана экология маселелери боюнча, финансы пландо, бюджеттин аткарылышын көзөмөлдөө жана сырттан келген инвестицияларды көзөмөлдөө маселелери боюнча туруктуу комиссияларына тапшырылсын.

 

 

          Төрага          А.Тыныбеков