Редакцияот 15.04.2026
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

ОРГОЧОР АЙЫЛ  АЙМАГЫНЫН ЖЕРГИЛИКТҮҮ  КЕҢЕШИ

 

 

ОРГОЧОР  АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖЕРГИЛИКТҮҮ КЕНЕШИНИН  I- ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН  №17 - КЕЗЕКТЕГИ  СЕССИЯСЫ

 

 

 

ТОКТОМ

 

 

2026-жылдын 10-февраль   №115        

 

Оргочор айыл аймагынын “Ардактуу атуулу” наамын

ыйгаруу жɵнүндɵ

 

Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары” Мыйзамына жана «Оргочор айыл аймагынын Ардактуу атуулу» наамын ыйгаруу жөнүндөгү  жобого ылайык, Оргочор  жергиликтүү кеңештин сессиясы  токтом кылат:

 

  1. 15-февраль Советтик аскерлердин Ооганстандан чыгарылгандыгына карата, жоокерлердин эрдигин баалоо жана жаш мууӊдарды мекенчилдикке тарбиялоого кошкон зор салымдарын эске алуу менен Оргочор айыл аймагынын “Ардактуу атуулу” наамы Светлая Поляна айылынын тургуну Базаркулов Доктурбек Бердиевичке ыйгарылсын.

                   

  1. Ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин расмий веб сайтына жарыялоого тиешелүү электрондук иш кагаздарын жиберүүгѳ жана юстиция органына мамлекеттик реестрге киргизүү үчүн иш кагаздарын алып баруу жагы жергиликтүү кенешинин жооптуу катчысы Э.Тариеловага тапшырылсын.

 

  1. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы жергиликтүү кеңештин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жана  айыл өкмөт башчсы  Н.Жусуповго тапшырылсын.

 

 

           Тѳрага                                                          А.Тыныбеков