Редакцияот 15.04.2026
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ОРГОЧОР АЙЫЛ  АЙМАГЫНЫН ЖЕРГИЛИКТҮҮ  КЕҢЕШИ

 

 

ОРГОЧОР  АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖЕРГИЛИКТҮҮ КЕНЕШИНИН I- ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН  №17 - КЕЗЕКТЕГИ  СЕССИЯСЫ

 

 

 

ТОКТОМ

 

 

2026-жылдын 10-февраль   №116

 

                                                                                    

Тилекмат айылынын Проектируемый-12 көчөсүнө Акматов Турдумамбеттин ысымын ыйгаруу жөнүндө

Кыргыз Республикасынын 1997-жылдын 25-сентябры N 67 “Кыргыз Республикасындагы географиялык аталыштар жөнүндө” Мыйзамына ылайык, Оргочор жергиликтүү кеӊешинин “Социалдык маселелер” боюнча туруктуу комиссиянын төрайымы А.Молдакматованын билдирүүлөрү угулуп жана талкууланып жергиликтүү кеңеш токтом кылат:

  1. Тилекмат айылынын жаңы конушунун  (0,12 сотых) Проектируемый-12 көчөсүнө  Тилекмат Акенин небереси, Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Акматов Турдумамбеттин   ысымы ыйгарылсын.

 

  1. Акматов Турдумамбеттин ысымы ыйгарылган көчөдөгү ар бир үйгө көчөнүн аталышы жана номер тагылган табличкаларды жасатып тагуу, ошондой эле көчөнү көрктөндүрүү, жарыктандыруу, жашылдандыруу жана санитардык тазалоо иштерин көзөмөлгө алуу жагы   балдарына, бир туугандарына, неберелерине тапшырылат.

 

  1. Ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин расмий веб сайтына жарыялоого тиешелүү электрондук иш кагаздарын жиберүүгѳ жана юстиция органына мамлекеттик реестрге киргизүү үчүн иш кагаздарын алып баруу жагы жергиликтүү кенешинин жооптуу катчысы Э.Тариеловага тапшырылсын.

 

  1. Токтомдун аткарылышын  көзөмөлдөө жагы жергиликтүү кеңешинин “Социалдык маселелер ” боюнча туруктуу комиссиясына  жана  айыл өкмөтүнө  жүктөлсүн.

 

 

            Төрага                    А.Тыныбеков