Редакцияот 15.04.2026
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ОРГОЧОР АЙЫЛ  АЙМАГЫНЫН ЖЕРГИЛИКТҮҮ  КЕҢЕШИ

 

 

 

ОРГОЧОР  АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖЕРГИЛИКТҮҮ КЕНЕШИНИН                                  I- ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН  №17 - КЕЗЕКТЕГИ  СЕССИЯСЫ

 

 

 

ТОКТОМ

 

2026-жылдын 10-февраль   №117        

 

 

Катуу калдыктарды чыгаруу боюнча муниципалиттер аралык кызматташуу жөнүндө

Жети-Өгүз районунда катуу тиричилик калдыктарын чыгаруу жана  жок кылуу кызматын жакшыртуу аракеттер планына (КЖАП) ылайык, Жети-Өгүз райондук муниципалиттер аралак кызматташууга макулдук берүү максатында Оргочор айыл өкмөт башчысы Н.Жусуповдун билдирүүсү угулуп жана талкууланып жергиликтүү кеңеш токтом кылат:

  1. Жети-Өгүз районунда катуу тиричилик калдыктарын чыгаруу жана  жок кылуу кызматын жакшыртуу аракеттер планына (КЖАП) ылайык, Жети-Өгүз райондук муниципалиттер аралак кызматташууга макулдук берилсин.

 

  1. Айыл өкмөтү менен Кызыл Суу тазалык муниципалдык ишканасы ортосунда кызматташуу боюнча келишим түзүү иштерин жетекчиликке алынсын.

 

  1. Ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин расмий веб сайтына жарыялоого тиешелүү электрондук иш кагаздарын жиберүүгѳ жана юстиция органына мамлекеттик реестрге киргизүү үчүн иш кагаздарын алып баруу жагы жергиликтүү кенешинин жооптуу катчысы Э.Тариеловага тапшырылсын.

 

  1. Токтомдун аткарылышын  көзөмөлдөө жагы жергиликтүү кеңештин “Социалдык маселелер ” боюнча туруктуу комиссиясына  жана  айыл өкмөтүнө  жүктөлсүн.

 

 

            Төрага                   А.Тыныбеков