Загрузка документа…
САРЫ-ӨЗӨН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН
САРЫ-ӨЗӨН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2025-жылдын 8-сентябры № 01-7/66
Жакынкы Арал айылы, Картанбаева көчөсү №152 дарегиндеги жер тилкесинин жерге жайгаштыруу схемасын жана долбоорун жаран Джунушев Нурдин Мелисовичке бекитүүгө макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жер-укуктук мамилелерди жөнгө салуу боюнча” 2022-жылдын 1-апрелиндеги №21 Кыргыз Республикасынын Мыйзамына жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин “Жерге мунапыс берүүнүн тартиби жөнүндө” Жобосун бекитүү тууралуу №291 токтомуна ылайык,Сокулук районунун шаар курулушу жана архитектура боюнча башкармалыгы тарабынан Сары-Өзөн айыл аймагынын Жакынкы Арал айылы, Картанбаева көчөсү №152 дарегиндеги жер тилкесинин 2025-жылдын 3-июнундагы №103-25 “Жер тилкесинин жерге жайгаштыруу схемасы жана долбоорунун” негизинде “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамын жетекчиликке алып, Сары-Өзөн айылдык кеңешинин кезексиз сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Сары-Өзөн айыл аймагынын Жакынкы Арал айылы, Картанбаева көчөсү №152 дарегиндеги жер тилкесинин укук белгилөөчү документи жок жаран Джунушев Нурдин Мелисовичке Сокулук районунун шаар курулушу жана архитектура боюнча башкармалыгы тарабынан 2025-жылдын 3-июнундагы №103-25 жер тилкесинин жалпы аянты 2200,0 чарчы метр жерге жайгаштыруу схемасын жана долбоорун бекитүүгө макулдук берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын айылдык кеңештин агрардык саясат, суу ресурстары жана экология маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Н.К.Сарбагышова тарабынан көзөмөлгө алынсын.
Төрага |
| М.Р. Кадыркулов |