Загрузка документа…
|
| Тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 7-апрелиндеги № 228 токтомуна) |
Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигинин алдындагы Апелляциялык кеңешке каршы пикирлерди, арыздарды берүү жана аларды кароо ЭРЕЖЕЛЕРИ
1-глава. Жалпы жоболор
1. Ушул Эрежелер (мындан ары - Эрежелер) Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигинин алдындагы Апелляциялык кеңешке каршы пикирлерди, арыздарды берүү жана аларды кароо тартибин аныктайт.
2. Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигинин алдындагы Апелляциялык кеңеш (мындан ары - Апелляциялык кеңеш) Кыргыз Республикасында өнөр жай менчик объекттерин жана селекциялык жетишкендиктерди укуктук коргоо маселелери боюнча талаш-тартыштарды кароо боюнча милдеттүү баштапкы орган болуп саналат жана интеллектуалдык менчик жаатындагы мыйзамдарда жана ушул Эрежелерде аныкталган ыйгарым укуктарды жүргүзөт.
3. Апелляциялык кеңештин курамы Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигинин (мындан ары - ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган) жана анын ведомстволук уюмдарынын кызматкерлеринин ичинен 7 мүчөдөн түзүлөт жана ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын буйругу менен бекитилет.
2-глава. Апелляциялык кеңешке берилүүчү каршы пикирлер жана арыздар
4. "Патент мыйзамы" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3, 31, 33, 34, 36, 38-беренелерине, "Товардык белгилер, тейлөө белгилери, географиялык көрсөтмөлөр жана товарлар чыгарылган жерлердин аталыштары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3, 16, 32, 41, 48-беренелерине, "Селекциялык жетишкендиктерди укуктук коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3, 12, 15, 31-статьяларына жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерге ылайык Апелляциялык кеңешке төмөнкүдөй каршы пикирлер берилиши мүмкүн:
1) ойлоп табууга патент берүүдөн баш тартуу жөнүндө формалдуу экспертизанын жана маңызы боюнча экспертизанын чечимине;
2) пайдалуу моделге патент берүүдөн баш тартуу жөнүндө формалдуу же алдын ала экспертизанын чечимине;
3) өнөр жай үлгүсүнө патент берүүдөн баш тартуу жөнүндө формалдуу экспертизанын же маңызы боюнча экспертизанын чечимине;
4) ойлоп табууга, пайдалуу моделге, өнөр жай үлгүсүнө, селекциялык жетишкендикке патент берүүгө каршы;
5) товардык белгини, тейлөө белгисин каттоодон баш тартуу жөнүндө билдирилген белгинин экспертизасынын чечимине;
6) товардык белгини, тейлөө белгисин каттоого каршы;
7) географиялык көрсөтмөнү каттоодон баш тартуу жөнүндө экспертизанын чечимине;
8) товар чыгарылган жердин аталышын каттоодон баш тартуу жөнүндө экспертизанын чечимине;
9) географиялык көрсөтмөнү каттоого жана географиялык көрсөтмөнү пайдалануу укугуна күбөлүктү берүүгө каршы;
10) товар чыгарылган жердин аталышын каттоого жана товар чыгарылган жердин аталышын пайдалануу укугуна күбөлүктү берүүгө каршы;
11) селекциялык жетишкендикке патент берүүдөн баш тартуу жөнүндө чечимге;
12) жаңылыкка кызыкдар кайсы болбосун адамга.
5. Апелляциялык кеңешке төмөнкүлөр жөнүндө арыздар берилиши мүмкүн:
1) Кыргыз Республикасынын аймагында товардык белгини жалпыга белгилүү деп таануу;
2) Кыргыз Республикасынын аймагында жалпыга белгилүү товардык белгини укуктук коргоону токтотуу.
3-глава. Каршы пикирлерди жана арыздарды берүү шарттары жана тартиби
6. Ушул Эрежелердин 4, 5-пункттарында каралган каршы пикирлер жана арыздар түздөн-түз арыз ээси тарабынан же анын өкүлү аркылуу берилет.
7. Каршы пикирлер же арыздар мамлекеттик же расмий тилдерде берилет.
8. Эгер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерде башка тартип белгиленбесе, чет өлкөлүк юридикалык жактар же Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары туруктуу жашаган жеке жактар же алардын патенттик ишенимдүү өкүлдөрү каршы пикирлерди берет, Апелляциялык кеңеш менен кат алышат жана ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда катталган патенттик ишенимдүү өкүлдөр аркылуу жыйналыштарга катышат.
9. Өкүл же патенттик ишенимдүү өкүл аркылуу берилген каршы пикирге же арызга Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексине жана Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерге ылайык таризделген ишеним кат тиркелет.
10. Чет өлкөлүк юридикалык жактын же Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары туруктуу жашаган жеке жактын кызыкчылыктарын коргоого ишеним катты ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда катталган патенттик ишенимдүү өкүлгө бул адам түздөн-түз өзү же кайра ишеним көрсөтүү тартибинде анын өкүлү (патенттик ишенимдүү өкүлү) берет.
Апелляциялык кеңешке кайра ишеним көрсөтүү тартибинде кызыкчылыктарды коргоодо эки: ишеним көрсөтүүчү тарабынан патенттик ишенимдүү өкүлгө берилген жана ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда катталган акыркы патенттик ишенимдүү өкүлгө берилген ишеним кат же болбосо алардын тиешелүү түрдө күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрү берилет.
11. Каршы пикир, арыз, ушул Эрежелерде каралган аларга тиркелген материалдар Апелляциялык кеңешке кагаз жүзүндө: почта байланышы аркылуу же болбосо ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кириш корреспонденцияны кабыл алуу боюнча түзүмдүк бөлүмүнө түздөн-түз берилет.
12. Каршы пикир, арыз, ушул Эрежелерде каралган аларга тиркелген документтер жана материалдар ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын расмий сайты аркылуу электрондук түрдө берилиши мүмкүн.
13. Кагаз жүзүндө берилген каршы пикирге же арызга каршы пикирдин жана арыздын көчүрмөлөрүн жана ага тиркелген PDF форматындагы документтерди жана материалдарды камтыган электрондук алып жүрүүчү тиркелет.
14. Каршы пикирди же арызды, ага карата пикирди, ошондой эле тараптардын түшүндүрмөлөрүн жана өтүнүч каттарын электрондук түрдө расмий сайт аркылуу берүүдө квалификацияланган санарип кол тамгасы колдонулат.
15. Каршы пикир же арыз бир өтүнмөгө, ойлоп табууга, пайдалуу моделге, өнөр жай үлгүсүнө, селекциялык жетишкендикке бир патентке, эл аралык каттоо боюнча бир өнөр жай үлгүсүнө, бир товардык белгиге, тейлөө белгисине, географиялык көрсөтмөгө же товар чыгарылган жердин аталышына, географиялык көрсөтмөнү же товар чыгарылган жердин аталышын пайдалануу укугу жөнүндө бир күбөлүккө тиешелүү болууга тийиш.
16. Каршы пикир же арыз мамлекеттик же расмий тилде басылган түрдө түзүлүүгө тийиш. Документке аны берген адам (анын өкүлү) кол коюуга жана ал окууга жарактуу болууга тийиш.
17. Каршы пикир же арыз Апелляциялык кеңешке эки нускада берилет.
18. Каршы пикирде же арызда төмөнкүлөр көрсөтүлүүгө тийиш:
1) интеллектуалдык менчиктин тийиштүү объектине өтүнмөнүн каттоо номери, ал эми коргоо документин талашууда - патенттин же күбөлүктүн номери да;
2) арыз ээси жөнүндө маалыматтар: фамилиясы, аты, атасынын аты (жеке жактар үчүн) же толук аталышы (юридикалык жактар үчүн), ошондой эле кат алышуу үчүн дареги (анын ичинде электрондук почта дареги);
3) талаш-тартыштын предмети жана талашылган чечим жөнүндө маалыматтар (сунушталган жана ага каршы көрсөтүлгөн бардык объекттердин салыштырма талдоосун кошкондо, арыз ээсинин бардык мотивдерин жана далилдерин толугу менен көрсөтүү (коргоо документин берүүдөн баш тартууда);
4) арыз ээси өзүнүн талаптарын негиздеген далилдер жана негиздүү жагдайлар;
5) арыз ээсинин так билдирилген талаптары;
6) тиркелген документтердин тизмеги;
7) каршы пикир же арыз берилген дата;
8) берген адамдын же анын өкүлүнүн колу. Юридикалык жактын өкүлүнүн колу бул юридикалык жактын (болсо) мөөрү менен күбөлөндүрүлөт.
19. Ушул Эрежелердин 4-пунктунун 1, 2, 3, 5, 7, 8, 11-пунктчаларында каралган каршы пикирлер арыз ээсине чечим жиберилген датадан тартып үч айдын ичинде берилет.
20. Ушул Эрежелердин 4-пунктунун 4-пунктчасында каралган каршы пикир патентти колдонуунун бардык мөөнөтүнүн ичинде берилет.
21. Ушул Эрежелердин 4-пунктунун 6-пунктчасында каралган каршы пикир товардык белгини каттоону колдонуунун бардык мөөнөтүнүн ичинде берилет.
22. Ушул Эрежелердин 4-пунктунун 9-пунктчасында каралган каршы пикир географиялык көрсөтмөнү каттоону, географиялык көрсөтмөнү пайдалануу укугуна күбөлүктү колдонуу мезгилинде берилет.
23. Ушул Эрежелердин 4-пунктунун 10-пунктчасында каралган каршы пикир товар чыгарылган жердин аталышын каттоону, товар чыгарылган жердин аталышын пайдалануу укугуна күбөлүктү колдонуу мезгилинде берилет.
24. Ушул Эрежелердин 4-пунктунун 12-пунктчасында каралган каршы пикир алты айдын ичинде берилет.
25. Ушул Эрежелердин 5-пунктунун 2-пунктчасында каралган арыз жалпыга белгилүү товардык белгини каттоону колдонуунун ичинде берилет.
26. Каршы пикирге же арызга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 3-октябрындагы № 523 токтому менен бекитилген Ойлоп табууларды, пайдалуу моделдерди, өнөр жай үлгүлөрүн, селекциялык жетишкендиктерди патенттөө, товардык белгилерди, тейлөө белгилерин, географиялык көрсөтмөлөрдүн, товардын чыккан жерлеринин аталыштарын каттоо, товардын чыккан жерлеринин аталыштарын каттоо, товарлардын чыккан жерлеринин аталыштарын пайдалануу укугун берүү жана патенттик ишенимдүү өкүлдөрүн каттоо үчүн алымдар жөнүндө жобого ылайык белгиленген өлчөмдө каршы пикирди же арызды бергендиги үчүн тиешелүү алымдын төлөнгөндүгүн ырастоочу документ тиркелүүгө тийиш.
27. Бир түрдүү товарларга карата ушул Эрежелердин 4-пунктунун 5-пунктчасында каралган каршы пикирге "Товардык белгилер, тейлөө белгилери, географиялык көрсөтмөлөр жана товарлар чыгарылган жерлердин аталыштары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 10-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1, 2, 3-пункттарында көрсөтүлгөн товардык белгинин укук ээсинин жазуу жүзүндөгү макулдугу тиркелет.
28. Жеке адамдын өзү тарабынан же анын өкүлү аркылуу берилген каршы пикирге же арызга жеке мүнөздөгү маалыматты (жеке маалыматтарды) чогултууга, сактоого, иштетүүгө, колдонууга, өткөрүп берүүгө, анын ичинде трансчек аралык өткөрүп берүүгө жазуу жүзүндөгү макулдук тиркелет. Аталган макулдук талаш-тартышты Апелляциялык кеңеште кароо максатында жеке мүнөздөгү маалымат жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык таризделет.
29. Каршы пикирди же арызды берүү датасы катары аны тариздөөгө карата талаптар сакталган жана белгиленген өлчөмдөгү алымдын төлөнгөндүгүн ырастоочу документ берилген шартта ушул Эрежелердин талаптарына ылайык таризделген каршы пикир же арыз келип түшкөн күн таанылат.
30. Эгерде алым толук көлөмдө төлөнбөсө же берилген документтер толуктап иштеп чыгууну талап кылса, берүүнүн датасы катары жетишпеген же тиешелүү түрдө оңдолгон материалдардын акыркысы келип түшкөн күн таанылат.
31. Каршы пикир же арыз ушул Эрежелердин талаптарына шайкеш келбесе, ошондой эле белгиленген өлчөмдөгү алымдын төлөнгөндүгүн ырастоочу документ берилбеген учурда арыз ээсине аныкталган бузууларды жоюу зарылдыгы жөнүндө суроо-талап жиберилет.
32. Оңдолгон материалдар же алымдын кошумча төлөнгөндүгүн ырастоочу документ белгиленген мөөнөттө берилбеген учурда каршы пикир же арыз кароосуз арыз ээсине кайтарып берилет. Каршы пикирди же арызды кароо мөөнөтү оңдолгон документтин акыркысы же алымды кошумча төлөө жөнүндө документ келип түшкөн датадан тартып эсептелет.
33. Каршы пикирди же арызды берген адамдын өтүнүч каты боюнча каршы пикирди же арызды бергендиги үчүн төлөнгөн алым мындай өтүнүч кат тараптарга каршы пикирди же арызды кароо датасын дайындоо жөнүндө кабарлама жиберилген датага чейин келип түшкөн шартта кайтарып берилет.
Каршы пикирди же арызды кароо датасын дайындоо жөнүндө кабарлама жиберилгенден кийин төлөнгөн алым кайтарып берилет.
34. Каршы пикирди же арызды берген адам же анын өкүлү Апелляциялык кеңештин чечиминин резолюциялык бөлүгү жарыяланган учурга чейин кароонун ар кандай стадиясында аны чакыртып алууга укуктуу.
Каршы пикир (арыз) чакыртып алынган учурда ал боюнча өндүрүш токтотулат, ал эми төлөнгөн алым кайтарып берилбейт.
35. Арыз ээсинин өтүнүч каты боюнча алымдын ашык төлөнгөн суммасы, ошондой эле каршы пикирди же арызды бергендиги үчүн төлөнгөн алым кайтарып берилет же башка алымдарды төлөөнүн эсебине белгиленген тартипте чегерилет.
Акча каражаттарын кайтарып берүү же чегерүү тартиби интеллектуалдык менчик жаатындагы мыйзамдарга ылайык жүргүзүлөт.
36. Арыз ээси тарабынан ушул Эрежелердин 19-25-пункттарында көрсөтүлгөн каршы пикирди берүү үчүн өтүп кеткен мөөнөт арыз ээсинин өтүнүч каты боюнча калыбына келтирилиши мүмкүн.
37. Өтүп кеткен мөөнөттү калыбына келтирүү жөнүндө өтүнүч кат каршы пикирди берүү мөөнөтүн өткөрүп жиберүүнүн жүйөлүү себептерин ырастоону камтууга тийиш жана ага өтүп кеткен мөөнөттү калыбына келтирүү үчүн белгиленген өлчөмдө алымдын жана каршы пикирди берүү үчүн алымдын төлөнгөндүгүн ырастоочу документ тиркелүүгө тийиш.
Көрсөтүлгөн документтер берилбесе жана каршы пикирдин мөөнөтүн өткөрүп жиберүүнүн жүйөлүү себептери ырасталбаса же алымдар белгиленген өлчөмдө төлөнбөсө өтүнүч кат жана каршы пикир берилген жок деп таанылат жана арыз ээсине кайтарып берилет.
38. Арыз ээсинин өтүнүч каты боюнча алымдын ашыкча төлөнгөн суммасы, ошондой эле өткөрүп жиберилген мөөнөттү калыбына келтирүү үчүн жана берилген жок деп таанылган каршы пикирди берүү үчүн төлөнгөн алымдар кайтарып берилүүгө тийиш же башка алымдарды төлөөнүн эсебине белгиленген тартипте чегерилет.
Көрсөтүлгөн алымдарды эсепке алуу же кайтарып берүү интеллектуалдык менчик чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жүргүзүлөт.
4-глава. Каршы пикирлерди жана арыздарды каттоо жана кабыл алуу
39. Келип түшкөн каршы пикирди же арызды кабыл алуу жана каттоо ушул Эрежелердин 3-главасында белгиленген талаптардын сакталышын текшерүүнү жана ал келип түшкөн датаны белгилөө менен документке каттоо номерин ыйгарууну камтыйт.
40. Каршы пикирди же арызды кабыл алуу, каттоо жана Апелляциялык кеңештин катчысына тиркелген материалдары менен берүү иш кагаздарын жүргүзүү үчүн жооптуу түзүмдүк бөлүм тарабынан алар ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга келип түшкөн күндөн тартып үч жумуш күнгө чейинки мөөнөттө жүргүзүлөт.
41. Апелляциялык кеңештин катчысы ушул Эрежелердин талаптарына ылайык келип түшкөн каршы пикирдин же арыздын жана аларга тиркелген материалдардын толуктугун формалдуу текшерүүнү жүргүзөт.
42. Ушул Эрежелердин 5-15-пункттарында каралган берүү талаптары сакталбаган учурда Апелляциялык кеңештин катчысы кемчиликтерди оңдоо үчүн эки айдан ашпаган мөөнөттү белгилөө менен аныкталган кемчиликтерди жоюу жөнүндө суроо-талапты арыз ээсине жиберет.
43. Интеллектуалдык менчик жаатындагы мыйзамдарда жана ушул Эрежелерде талап кылынган документтер (ишеним каттар, алымдын төлөнгөндүгүн ырастоочу документ, зарыл болгон сандагы нускадагы каршы пикир же арыз ж.б.) каршы пикирдин же арыздын материалдарында жок болгон учурда Апелляциялык кеңештин катчысы аларды берүү зарылдыгы жөнүндө арыз ээсине кабарлайт.
Көрсөтүлгөн документтер кабарламаны алган датадан тартып он жумуш күндүн ичинде, ал эми чет өлкөлүк арыз ээси үчүн - эки айдан ашпаган мөөнөттө берилүүгө тийиш.
44. Апелляциялык кеңеш каршы пикирди же арызды төмөнкү учурларда кайтарып берет:
1) эгерде арыз ээси тарабынан кемчиликтер ушул Эрежелердин 43-пунктунда белгиленген тартипте жана мөөнөттө жоюлбаса;
2) эгерде каршы пикир же арыз ушул Эрежелердин 19-25-пункттарында каралган мөөнөттөр аяктагандан кийин берилсе жана бул мөөнөттөр белгиленген тартипте калыбына келтирилбесе.
45. Каршы пикирди же арызды кайтарып берүү мөөнөттөр сакталган шартта аны кайтарып берүү үчүн негиз болгон себептер жоюлгандан кийин Апелляциялык кеңешке кайрадан кайрылууга тоскоолдук кылбайт.
46. Эгерде каршы пикирдин же арыздын талаптары Апелляциялык кеңештин компетенциясына кирбесе Апелляциялык кеңеш аны кароого кабыл алуудан баш тартуу жөнүндө жүйөлүү аныктаманы чыгарат.
47. Каршы пикир же арыз кайтарып берилген же кароого кабыл алуудан баш тартылган учурларда Апелляциялык кеңештин катчысы каршы пикирдин же арыздын бир нускасын, ошондой эле ага тиркелген документтерди же алардын көчүрмөлөрүн өзүндө сактайт.
48. Арыз ээси каршы пикирди же арызды кайтарып берүү же кароосуз калтыруу менен макул болбогон учурда бул чечим сотко даттанылышы мүмкүн. Каршы пикирди же арызды кайтарып берүү же кароосуз калтыруу мыйзамсыз деп таанылган учурда ал биринчи кайрылган күнү берилген деп эсептелет.
49. Ушул Эрежелердин 3-пунктунун 4, 6, 9, 10-пунктчаларында, 4-пунктунун 2-пунктчасында каралган каршы пикирди же арызды кароого кабыл алуу жөнүндө Апелляциялык кеңештин катчысы талашылган коргоо документинин ээсине кабарламаны жиберет. Кабарламага билдирилген талаптардын маңызы боюнча белгиленген мөөнөттө өзүнүн далилдерин берүү сунушу менен каршы пикирдин же арыздын көчүрмөсү тиркелет.
50. Белгилерди эл аралык каттоо жөнүндө Мадрид макулдашуусуна же анын Протоколуна ылайык эл аралык каттоонун ээсине аталган кабарлама Эл аралык реестрде көрсөтүлгөн дарекке түздөн-түз жиберилет. Кабарламада Аппеляциялык кеңеште ишти андан ары жүргүзүү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларды кошпогондо, ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда катталган патенттик ишенимдүү өкүл аркылуу жүргүзүлөт деп түшүндүрүлөт.
51. Эгерде каршы пикир же арыз ушул Эрежелердин 3-главасында белгиленген аны берүү талаптарына шайкеш келбесе, мындай каршы пикир же арыз берилген жок деп таанылат жана арыз ээсине кайтарып берилет.
5-глава. Каршы пикирлерди жана арыздарды кароо мөөнөттөрү
52. Ушул Эрежелердин 4-пунктунун 1-3, 5-11-пунктчаларында каралган каршы пикирлер Апелляциялык кеңеш тарабынан алар келип түшкөн датадан тартып үч айдын ичинде каралат.
53. Ушул Эрежелердин 4-пунктунун 4-пунктчасында каралган каршы пикирлер Апелляциялык кеңеш тарабынан алар келип түшкөн датадан тартып алты айдын ичинде каралат.
54. Ушул Эрежелердин 5-пунктунун 1-2-пунктчаларында каралган арыздар Апелляциялык кеңеш тарабынан алар келип түшкөн датадан тартып төрт айдын ичинде каралат.
55. Апелляциялык кеңештин кароосуна каршы пикирди же арызды кабыл алуу жөнүндө кабарлама жиберилген ар кандай адам жүйөлүү себептер болгон учурда Апелляциялык кеңешке жыйналыштын датасын жылдыруу тууралуу өтүнүч кат менен кайрылууга укуктуу.
Өтүнүч кат жылдыруунун жүйөлүү себептерин ырастаган документтерди тиркөө менен жазуу жүзүндө берилет. Эгерде өтүнүч кат Апелляциялык кеңешке жыйналыштын белгиленген датасына чейин үч жумуш күн мурда келип түшсө, ал каралууга тийиш.
Өтүнүч кат канааттандырылган учурда Апелляциялык кеңештин жыйналышын өткөрүүнүн жаңы датасы белгиленет, бул жөнүндө процесстин бардык катышуучуларына кабарланат.
56. Апелляциялык кеңеш иш боюнча өндүрүштү төмөнкү учурларда токтото турууга милдеттүү:
1) жеке жак каза болсо, процесстин катышуучусу болуп саналган юридикалык жак жоюлса же кайра өзгөртүп түзүлсө, эгер талашылган укуктук мамиле укук улантуучулукка уруксат берсе - укук улантуучу аныкталганга чейин;
2) жарандык, кылмыш же административдик сот өндүрүшү тартибинде каралуучу башка талаш-тартыш чечилгенге чейин ишти кароого мүмкүн болбосо.
57. Иш боюнча өндүрүш токтотула турган күндөн тартып мыйзамдарда белгиленген бардык процессуалдык мөөнөттөр токтотула турат.
58. Иш боюнча өндүрүш процесстин катышуучусунун өтүнүч каты боюнча же анын токтотуп турууга негиз болгон жагдайлар жоюлгандан кийин Апелляциялык кеңештин демилгеси боюнча кайрадан башталат.
59. Өндүрүш кайрадан башталганда Апелляциялык кеңеш жыйналыштын датасын белгилейт жана катышуучуларга ушул Эрежелерде белгиленген тартипте кабарлайт. Процесстик мөөнөттөр өндүрүш кайра башталган күндөн тартып улантылат.
6-глава. Апелляциялык кеңештин жыйналышында каршы пикирди же арызды кароо
60. Каршы пикир же арыз төрагалык кылуучуну кошкондо, курамында анын жети мүчөсү бар Апелляциялык кеңештин жыйналышында каралат.
Эгерде Апелляциялык кеңештин бекитилген курамынан бештен кем эмес адам ага катышса, жыйын мыйзамдуу (кворум бар) деп эсептелет.
61. Апелляциялык кеңештин мүчөсү ишти кароого катыша албайт жана четтетилүүгө (өз алдынча баш тартууга) тийиш, эгерде ал:
1) ишке катышкан кайсы бир адамдын же алардын өкүлдөрүнүн үй-бүлөсүнүн мүчөсү, жакын тууганы болсо;
2) иштин натыйжасына жеке, түз же кыйыр кызыкдар болсо же анын объективдүүлүгүнө жана калыстыгына негизделген шек туудурган башка жагдайлар болсо;
3) өтүнмөнүн материалдарын кароого эксперт катары катышса;
4) Апелляциялык кеңештин жыйналышында ал расмий каралганга чейин иштин мүмкүн болгон натыйжасы жөнүндө ачык же жеке пикирин билдирсе.
62. Апелляциялык кеңештин жыйналышына төмөнкүлөр катыша алат:
1) каршы пикирди же арызды берген адам жана талашылган коргоо документинин ээси же алардын тиешелүү түрдө ыйгарым укуктуу өкүлдөрү;
2) ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын тиешелүү экспертиза бөлүмүнүн өкүлү.
63. Эгерде ишти объективдүү кароо үчүн алардын катышуусу зарыл болсо, Апелляциялык кеңеш добуш берүү укугусуз башка адамдардын (эксперттердин, адистердин, котормочулардын) жыйналышка катышуусуна уруксат берүүгө укуктуу.
64. Процесстин катышуучулары ушул Эрежелердин 61-пунктунда каралган негиздер боюнча Апелляциялык кеңештин ар кайсы мүчөсүнө (мүчөлөрүнө) жүйөлүү баш тартууну билдирүүгө укуктуу.
65. Баш тартуу ишти маңызы боюнча кароо башталганга чейин жазуу жүзүндө билдирилет. Ишти кароонун жүрүшүндө баш тартуу жөнүндө билдирүүгө ал үчүн негиз жыйналыш башталгандан кийин катышуучуга белгилүү болгон учурда гана жол берилет.
66. Билдирилген баш тартуу боюнча чечим Апелляциялык кеңеш тарабынан баш тартуу билдирилген Кеңештин мүчөсү жок болсо токтоосуз кабыл алынат. Добуштар тең болуп калса баш тартуу канааттандырылды деп эсептелет. Баш тартуу жөнүндө аныктама даттанылбайт. Далилдер негизсиз болгондо баш тартууну канааттандыруудан баш тартылат.
67. Ушул Эрежелердин 61-пунктунда каралган жагдайлар болгондо Апелляциялык кеңештин мүчөсү өз алдынча баш тартуу жөнүндө билдирүүгө милдеттүү.
Өз алдынча баш тартуу ишти маңызы боюнча кароо башталганга чейин жазуу жүзүндө билдирилет.
Эгерде Апелляциялык кеңештин мүчөсүнө өз алдынча баш тартуу үчүн негиздер жыйналыш башталгандан кийин белгилүү болсо, ал процесстин учурдагы стадиясында өз алдынча баш тартуу жөнүндө токтоосуз билдирүүгө милдеттүү.
Өз алдынча баш тартуу жөнүндө арыз Апелляциялык кеңеш тарабынан ушул Эрежелердин 66-пунктунда белгиленген тартипте каралат.
68. Апелляциялык кеңештин жыйналышынын датасы, убактысы жана орду жөнүндө тиешелүү түрдө кабарланган адамдардын биринин келбей калышы каршы пикирди же арызды кароого тоскоолдук болуп саналбайт.
Апелляциялык кеңеш өз демилгеси боюнча же процесстин катышуучусунун өтүнүч каты боюнча, эгерде тараптын келбей калышын жүйөлүү, ал эми анын катышуусу - иштин бардык жагдайларын объективдүү аныктоо үчүн зарыл деп тааныса, жыйналышты башка күнгө жылдырууга укуктуу.
69. Апелляциялык кеңеште өндүрүш мамлекеттик же расмий тилдерде жүргүзүлөт.
70. Ишке катышкан, өндүрүштүн тилин билбеген адамдарга котормочу аркылуу иштин материалдары менен таанышуу жана жыйналышка катышуу укугу камсыз кылынат.
Котормочунун кызмат көрсөтүүлөрү менен камсыз кылууну кызыкдар тарап өз алдынча жүргүзөт.
71. Аудио жана видео жазуучу аппаратураны пайдаланууга, ошондой эле жыйналышты трансляция жүргүзүүгө төрагалык кылуучунун уруксаты менен жана процесстин катышуучулары тарабынан каршы пикирлер болбогон учурда гана жол берилет.
72. Апелляциялык кеңештин жыйналышын төрагалык кылуучу жетектейт.
Төрагалык кылуучу жыйналышты ачат жана Апелляциялык кеңештин курамын жана процесстин катышуучуларын тааныштырат, ошондой эле ишке катышкан адамдарга алардын процессуалдык укуктарын жана милдеттерин, анын ичинде төмөнкү укуктарын түшүндүрөт:
- Апелляциялык кеңештин мүчөлөрүнө баш тартууну билдирүү;
- өтүнүчүн билдирүү жана түшүндүрмө берүү;
- далилдерди берүү жана алардын изилдөөгө катышуу;
- жыйналыштын протоколу менен таанышуу жана ага сын-пикирлерди берүү.
73. Каршы пикирди же арызды маңызы боюнча кароо төрагалык кылуучунун же Апелляциялык кеңештин мүчөлөрүнүн биринин иштин жагдайы жана берилген каршы пикирдин же арыздын мазмуну жөнүндө баяндамасынан башталат.
74. Ишти андан ары кароо төмөнкүдөй ырааттуулукта жүргүзүлөт:
1) каршы пикирди же арызды берген адамдын чыгып сүйлөөсү жана Апелляциялык кеңештин мүчөлөрүнүн суроолоруна анын жооптору;
2) коргоо документинин ээсинин чыгып сүйлөөсү жана суроолорго анын жооптору;
3) экспертизанын өкүлүнүн түшүндүрмөлөрүн угуу;
4) тараптардын бири-бирине жана Апелляциялык кеңештин мүчөлөрүнө (жарыш сөздөргө) суроолору;
5) процесстин катышуучуларынын корутунду толуктоолору.
75. Апелляциялык кеңештин ар бир жыйналышынын жүрүшүндө катчы тарабынан протокол жүргүзүлөт.
76. Протоколдо Апелляциялык кеңештин курамы, процесстин катышуучулары жөнүндө маалыматтар, алардын сүйлөгөн сөздөрүнүн кыскача мазмуну, билдирилген өтүнүчтөр, добуш берүүнүн натыйжалары жана кабыл алынган чечим чагылдырылат.
77. Жыйналыштын протоколу жазуу жүзүндө түзүлөт жана төрагалык кылуучу, катышкан бардык мүчөлөр жана Апелляциялык кеңештин катчысы тарабынан кол коюлат.
78. Атайын билимди талап кылган маселелерди түшүндүрүү үчүн Апелляциялык кеңеш өзүнүн аныктамасы менен көз карандысыз экспертизаны дайындоого укуктуу.
Аныктамада эксперттин алдына коюлган маселелер жана корутунду берүүнүн мөөнөтү көрсөтүлөт.
79. Көз карандысыз экспертизаны жүргүзүү бул үчүн зарыл болгон билимге ээ компетенттүү адистерге тапшырылууга тийиш.
80. Көз карандысыз эксперт зарыл болгон учурда Апелляциялык кеңештен кошумча материалдарды суроого укуктуу.
81. Көз карандысыз экспертке берилүүчү материалдарда арыз ээси жана талаш-тартыштын катышуучулары же алардын өкүлдөрү жөнүндө маалыматтар болбоого тийиш.
82. Көз карандысыз эксперттин корутундусу жазуу жүзүндө берилет жана төмөнкүлөрдү камтууга тийиш:
- жүргүзүлгөн изилдөөлөрдүн толук баяндамасын;
- негизделген тыянактар жана коюлган суроолорго толук жоопторду.
Корутунду толук эмес же так эмес болгон учурда Апелляциялык кеңеш кошумча же кайрадан экспертизаны дайындоого укуктуу, аны жүргүзүүнү ошол эле экспертке же башка көз карандысыз экспертке же эксперттик комиссияга тапшырат.
7-глава. Чечимдердин күчүнө кириши
83. Апелляциялык кеңештин чечими каршы пикирди же арызды маңызы боюнча кароо аяктагандан кийин кабыл алынат.
84. Чечим Апелляциялык кеңештин жыйналышка катышкан мүчөлөрүнүн жөнөкөй көпчүлүк добушу менен кабыл алынат. Добуштар тең болуп калган учурда Апелляциялык кеңештин жыйналышына төрагалык кылуучунун добушу чечүүчү болуп саналат. Апелляциялык кеңештин мүчөлөрү добуш берүүдөн баш тартууга укугу жок.
Апелляциялык Кеңеш тарабынан чечим кабыл алынгандан кийин төрагалык кылуучу анын резолюциялык бөлүгүн процесстин катышуучуларына жарыялайт жана даттануунун тартибин жана мөөнөтүн түшүндүрөт.
85. Көпчүлүктүн чечими менен макул болбогон Апелляциялык кеңештин мүчөсү жыйналыштын протоколуна жана чечимге кол коюуга милдеттүү, бирок өзүнүн өзгөчө пикирин жазуу жүзүндө баяндоого укуктуу.
Өзгөчө пикир иштин материалдарына өзүнчө документ катары тиркелет, анын ажырагыс бөлүгү болуп саналат жана чечимдин резолюциялык бөлүгүн жарыялоодо жарыяланбайт.
86. Апелляциялык кеңештин чечими жазуу жүзүндө түзүлөт, төрагалык кылуучу жана жыйналышка катышкан Апелляциялык кеңештин бардык мүчөлөрү тарабынан кол коюлат.
87. Каршы пикирлерди же арыздарды кароонун натыйжалары боюнча Апелляциялык кеңеш төмөнкүлөр жөнүндө чечимдердин бирин кабыл алат:
1) каршы пикирди же арызды толугу менен канааттандыруу;
2) каршы пикирди же арызды жарым-жартылай канааттандыруу;
3) каршы пикирди же арызды канааттандыруудан баш тартуу.
88. Апелляциялык кеңештин жүйөлүү чечими чечим чыгарылган датадан тартып бир айдын ичинде түзүлөт жана процесстин катышуучуларына жиберилет.
Коргоо документи же каттоо талашка түшкөн учурда чечим каршы пикирди же арызды берген адамга да, укук ээсине да жиберилет.
Чечимдин көчүрмөсү мамлекеттик реестрлерге өзгөртүүлөрдү киргизүү жана зарыл болгон каттоо иш-аракеттерин жүргүзүү үчүн ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын тиешелүү бөлүмдөрүнө милдеттүү түрдө жиберилет.
89. Апелляциялык кеңештин чечими ал кабыл алынган датадан тартып күчүнө кирет.
90. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларда Апелляциялык кеңештин чечими менен макул болбосо, каршы болгон тараптардын кайсынысы болбосун чечимди алган датадан тартып үч айлык мөөнөттө сотко даттанууга укуктуу.