Редакцияот 10.04.2026
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ

 

2026-жылдын 10-апрели № 371-VIII

 

«2025-жылдын 30-декабрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы «Өзгөчө кырдаал учурларында каржылоо (Атайын операциялар) (Кырсык учурларында жардам көрсөтүүнү көп деңгээлдүү каржылоо программасы)» компоненти боюнча грант жөнүндө макулдашууну, Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы «Табигый кырсык болгон учурларга карата облигацияларды чыгаруу (Атайын операциялар) (Кырсык учурларында жардам көрсөтүүнү көп деңгээлдүү каржылоо программасы)» компоненти боюнча грант жөнүндө макулдашууну жана Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы Өлкө менен кызматташуу (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин табигый кырсык учурларындагы тобокелдиктеринин бир бөлүгүн өткөрүп берүү боюнча транзакциялардын сериясынын түзүмү жана ишке ашыруу) жөнүндө катты ратификациялоо тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамын кабыл алуу жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши   т о к т о м к ы л а т:

 

1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан демилгеленген (2026-жылдын 27-мартындагы чыг. № 25-3642) «2025-жылдын 30-декабрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы «Өзгөчө кырдаал учурларында каржылоо (Атайын операциялар) (Кырсык учурларында жардам көрсөтүүнү көп деңгээлдүү каржылоо программасы)» компоненти боюнча грант жөнүндө макулдашууну, Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы «Табигый кырсык болгон учурларга карата облигацияларды чыгаруу (Атайын операциялар) (Кырсык учурларында жардам көрсөтүүнү көп деңгээлдүү каржылоо программасы)» компоненти боюнча грант жөнүндө макулдашууну жана Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы Өлкө менен кызматташуу (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин табигый кырсык учурларындагы тобокелдиктеринин бир бөлүгүн өткөрүп берүү боюнча транзакциялардын сериясынын түзүмү жана ишке ашыруу) жөнүндө катты ратификациялоо тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы кабыл алынсын.

2. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

 

Төрага

 

 

М.А. Маматалиев