Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 7-апрели № 227
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 24-сентябрындагы № 609 «Өзгөчө укуктук режимдеги жана статустагы «Тамчы» атайын финансылык инвестициялык аймагын башкаруу боюнча кеңешти түзүү жана анын ишин уюштуруу тартибин бекитүү жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Өзгөчө укуктук режимдеги жана статустагы «Тамчы» атайын финансылык инвестициялык аймагын башкаруу боюнча кеңештин ишин укуктук жөнгө салууну оптималдаштыруу, анын ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу максатында, «Өзгөчө укуктук режимдеги жана статустагы «Тамчы» атайын финансылык инвестициялык аймагы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесине, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 24-сентябрындагы № 609 «Өзгөчө укуктук режимдеги жана статустагы «Тамчы» атайын финансылык инвестициялык аймагын башкаруу боюнча кеңешти түзүү жана анын ишин уюштуруу тартибин бекитүү жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Өзгөчө укуктук режимдеги жана статустагы «Тамчы» атайын финансылык инвестициялык аймагын башкаруу боюнча кеңешти түзүү жана анын ишин уюштуруу тартибинде:
– 11-пункт төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:
«Бир адам Кеңештин төрагасынын жана башкаруучу компаниянын жетекчисинин кызмат орундарын айкалыштыра албайт.»;
– 13-пунктта «жети» деген сөз «беш» деген сөзгө алмаштырылсын;
– 24-пунктта «жети» деген сөз «беш» деген сөзгө алмаштырылсын.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2026-жылдын 14-апрелиндеги № 28 (3788) саны менен жарыяланды.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.А. Касымалиев |