Редакцияот 07.04.2026
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

    КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ

 2026-жылдын 7-апрели № 228

Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигинин алдындагы Апелляциялык кеңешке каршы пикирлерди, арыздарды берүү жана аларды кароо эрежелерин бекитүү жөнүндө

"Товардык белгилер, тейлөө белгилери, географиялык көрсөтмөлөр жана товарлар чыгарылган жерлердин аталыштары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 1-беренесинин 4-бөлүгүнө, 3-беренесинин 2-бөлүгүнө, "Патент мыйзамы" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 1-беренесинин 4-бөлүгүнө, 3-беренесинин 3-бөлүгүнө, "Селекциялык жетишкендиктерди укуктук коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-статьясынын 2-бөлүгүнө, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 12-майындагы № 145 "Илим, билим берүү, инновациялар жана интеллектуалдык менчик чөйрөсүндө мамлекеттик башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатуу жөнүндө" Жарлыгына, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигинин алдындагы Апелляциялык кеңешке каршы пикирлерди, арыздарды берүү жана аларды кароо эрежелери тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:

1) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 20-февралындагы № 80 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик агенттигинин алдындагы Апелляциялык кеңешке каршы пикирлерди, арыздарды берүүнүн жана аларды кароонун эрежелерин бекитүү жөнүндө" токтому;

2) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 24-ноябрындагы № 618 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 20-февралындагы № 80 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматынын алдындагы Апелляциялык кеңешке каршы пикирлерди, арыздарды берүүнүн жана аларды кароонун эрежелерин бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому.

3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

 

А.А. Касымалиев