Редакцияот 03.04.2026
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫЗЫЛ-ОКТЯБРЬ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН

КЫЗЫЛ-ОКТЯБРЬ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ

 

2026-жылдын 3-апрели №I/18-73

Мамлекеттик жайыттарды башкаруу жана пайдалануу ыйгарым

укуктарын жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу

органдарынан Кызыл-Октябрь айыл өкмөтү “Кызыл-Октярь”

муниципалдык ишканасына өткөрүп берүү жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 24 беренесинин 2 пунктунун айыл өкмөтүнүн жер мамилелерин жөнгө салуу чөйрөсүндөгү компетенциясына ылайык, Кызыл-Октябрь айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.Мамлекеттик жайыттарды башкаруу жана пайдалануу ыйгарым укуктарын жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органы Кызыл-Октябрь айыл өкмөтү “Кызыл-Октябрь ” муниципалдык ишканасына өткөрүп берилсин.

2.Токтом Кыргыз Республикасынын юстиция Министрлигинин мамлекеттик нормативдик укуктук акттар реестрлинде катталсын.

3.Токтомдун аткарылышысын козомолдоо жана аткаруу жагы Кызыл-Октябрь айыл өкмөтүнүн башчысы Сулайманов Н.Ж жана “Кызыл-Октябрь” муниципалдык ишканасынын директору Дастан уулу Канатка милдеттерилсин.

2026-жылдын 10-апрелинде https://kyzyl-oktyabr.gov.kg/mamlekettik-zhajyttardy-bashkaruu-zhana-pajdalanuu-yjgarym-ukuktaryn-zhergilikt-z-aldyncha-bashkaruunun-atkaruu-organdarynan-kyzyl-oktyabr-ajyl-km-t-kyzyl-oktyar-munitsipaldyk-ishkanasyna-tk-r-p-ber-z/ расмий сайтында жарыяланды

 

 

Кеңештин төрагасы

А.Карамырзаев