Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ
2026-жылдын 9-апрели № 139
Административдик мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарын ээлөөнүн айрым маселелери жөнүндө
Административдик мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарын ээлөө маселелерин андан ары регламенттөө максатында, "Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5, 17-беренелерине, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренесине ылайык токтом кылам:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2017-жылдын 31-январындагы № 17 "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарынын реестрин бекитүү жөнүндө" Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 2-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2. Төмөнкүлөр белгиленсин:
- административдик мамлекеттик жана административдик муниципалдык кызмат орундарынын категориясы болуп мамлекеттик жарандык кызматчылар жана муниципалдык кызматчылар ээлеген, кызматтык ыйгарым укуктардын көлөмүн жана мүнөзүн чагылдырган административдик кызмат орундарынын жыйындысынын классификациялык мүнөздөмөсү саналат. Административдик кызмат орундарынын жогорку, башкы, улук, кенже топтору Ж-А, Ж-Б, Б-А, Б-Б, У-А, У-Б, К-А, К-Б категорияларына бөлүнөт;
- ушул Жарлыкты ишке ашыруу менен байланышкан чыгымдар мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары үчүн каралган каражаттардын чегинде жүргүзүлөт;
- айрым административдик мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарына өзгөчө (конкурстан тышкары) тартипте дайындоо дайындалуучу адам мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат чөйрөсүндөгү мыйзамдарда белгиленген квалификациялык жана башка талаптарга шайкеш келген шартта жүзөгө ашырылат;
- министрликтердин борбордук аппараттарындагы бош административдик мамлекеттик кызмат орундарын өзгөчө (конкурстан тышкары) тартипте министрликтин борбордук аппаратынын белгиленген штаттык санынын он пайызынан ашпаган өлчөмдө ээлөө министрликтин тиешелүү иш чөйрөсүндө реформаларды иштеп чыгууну жана натыйжалуу ишке ашырууну камсыз кылуу максатында жүзөгө ашырылат.";
2) жогоруда аталган Жарлык менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарынын реестринде:
- I бөлүмдүн 1-главасында:
он биринчи абзац "Жогорку Кеңештин Конституциялык соттогу туруктуу өкүлү" деген сөздөрдөн кийин ", Жогорку Кеңештин Төрагасынын басма сөз-катчысы" деген сөздөр менен толукталсын;
он бешинчи абзац "Жогорку Кеңештин Аппаратынын консультанты" деген сөздөрдөн кийин ", Жогорку Кеңештин Төрагасынын спичрайтери" деген сөздөр менен толукталсын;
- II бөлүмдүн 4-главасында:
1-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппараты
Категориялар | Жогорку Кеңештин Аппараты |
Башкы кызмат орду | |
Б-А | Фракциянын (депутаттык топтун) катчылыгынын башчысы(*) |
Б-Б | Фракциянын (депутаттык топтун) катчылыгынын эксперти(*) |
Улук кызмат орду | |
У-А | Фракциянын (депутаттык топтун) катчылыгынын улук консультанты(*) Фракциянын (депутаттык топтун) катчылыгынын консультанты(*) Башкы адис(*) |
";
6-пункттун "Башкы кызмат орду" тобунда:
"Б-А" категориясынын "Министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин аймактык органдары" графасынын үчүнчү абзацындагы "(*****)" белгиси алып салынсын;
"Б-Б" категориясынын "Министрликтер, мамлекеттик комитеттер" графасынын төртүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Өзгөчө тапшырмалар боюнча министрдин ыйгарым укуктуу өкүлү(****)";
9-пункттун "Улук кызмат орду" тобунун "У-А" категориясынын "Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар" графасынын экинчи абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;
10-пункттун "Улук кызмат орду" тобунун "У-А" категориясынын "Укук коргоо органдары" графасынын үчүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Коррупциянын алдын алуу маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүл(*****)";
1-4-главаларга эскертүү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1-4-главаларга эскертүү:
"Жетекчи", "жетекчинин орун басары" деген аталыштар тиешелүү мамлекеттик органдын жетекчисинин кызмат ордунун унификацияланган аталыштары болуп саналат. Бул эреже мамлекеттик органдын өзүнүн тиешелүү бөлүмдөрүнө (түзүмдүк, аймактык ж.б.) да жайылтылат.
Мамлекеттик органдын/мамлекеттик органдын бөлүмүнүн жетекчисинин орун басарынын кызмат орду мамлекеттик органдын/мамлекеттик органдын бөлүмүнүн жетекчисинин биринчи орун басарынын кызмат ордун камтыйт.
Башчынын кызмат орду ошондой эле начальниктин кызмат ордун, жетекчинин кызмат орду - директордун/башчынын/начальниктин кызмат ордун билдирет.
(*) - өзгөчө (конкурстан тышкары) тартипте дайындалуучу административдик мамлекеттик кызмат орундары.
Ошол эле учурда:
- министрликтердин борбордук аппараттарында мамлекеттик жарандык кызматтын бош кызмат орундарын өзгөчө (конкурстан тышкары) тартипте министрликтин борбордук аппаратынын белгиленген штаттык санынын он пайызынан ашпаган өлчөмдө ээлөөгө жол берилет. Өзгөчө (конкурстан тышкары) тартипте дайындалуучу административдик мамлекеттик кызмат орундарынын тизмеги тиешелүү министр тарабынан мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат иштери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча ушул Реестрдин II бөлүмүнүн 4-главасынын 6-пунктунда каралган өзгөчө "конкурстан тышкары" тартипте дайындалуучу кызмат орундарын эске алуу менен жылына бир жолудан көп эмес бекитилет;
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жарандык авиация мамлекеттик агенттигинде бардык бош административдик мамлекеттик кызмат орундарына өзгөчө (конкурстан тышкары) тартипте дайындоо жүзөгө ашырылат;
(**) - административдик мамлекеттик кызмат орду Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын маалыматтык саясат маселелерин тейлеген түзүмдүк бөлүмү менен макулдашуу боюнча мамлекеттик органдардын ведомстволук бөлүмдөрүндө каралышы мүмкүн;
(***) - административдик мамлекеттик кызмат орду Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн аппараттарынын түзүмүн жана штаттык расписаниесин бекитүү жөнүндө тиешелүү чечим кабыл алынганга чейинки мезгилге Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратында пилоттук негизде киргизилет;
(****) - Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин жана Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин борбордук аппараттарындагы административдик мамлекеттик кызмат орду;
(*****) - Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасындагы административдик мамлекеттик кызмат орду.".
2. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 30-январындагы № 15 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жарандык авиация мамлекеттик агенттигинин административдик мамлекеттик жарандык кызмат орундарына өзгөчө тартипте (конкурстан тышкары) кабыл алуунун эрежелерин бекитүү жөнүндө" Жарлыгы күчүн жоготту деп таанылсын.
3. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2026-жылдын 10-апрелиндеги № 27 (3787) саны менен жарыяланды.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Н. Жапаров |