Загрузка документа…
САРЫ-ӨЗӨН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН
САРЫ-ӨЗӨН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2025-жылдын 14-октябры № 01-7/71
Материалдык жардам көрсөтүү жөнүндө
Сары-Өзөн айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын 19-сентябрындагы №01-16/3004 кайрылуу катынын негизинде Асылбаш айылынын тургуну Б.Стамбаевага небереси Таллинов Нургазынын эпилепсия менен жабыркап, операция жазатууга материалдык жактан колдоо көрсөтүү жөнүндө маселе каралып, Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябры №123 “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамын жетекчиликке алып, Сары-Өзөн айылдык кеңешинин кезектеги сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Асылбаш айылынын Ноорузбай көчөсү №59 дарегинин тургуну Б.Стамбаевага небересинин операциясы үчүн Сары-Өзөн айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин эсебинен 20 000 (жыйырма миң) сом өлчөмүндө бир жолку материалдык жардам көрсөтүлсүн.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Э.Бектемировго тапшырылсын.
Төрага |
| М.Р. Кадыркулов |