Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 10-апрели № 240
Кыргыз Республикасынын кесиптик орто билим
берүүнүн билим берүү уюмдарына кабыл алуу
тартибин бекитүү жөнүндө
Кесиптик орто билим берүү жаатындагы ченемдик укуктук актыларды өркүндөтүү максатында, «Билим берүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31, 64-беренелерине, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын кесиптик орто билим берүүнүн билим берүү уюмдарына кабыл алуу тартиби тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
1) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 4-июлундагы № 470 «Кыргыз Республикасынын кесиптик орто билим берүү уюмдарынын ишин жөнгө салуучу актыларды бекитүү жөнүндө» токтому;
2) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 11-июнундагы № 279 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кесиптик жогорку жана орто билим берүү чөйрөсүндөгү айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтому;
3) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 22-июлундагы № 391 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 4-июлундагы № 470 «Кыргыз Республикасынын кесиптик орто билим берүү уюмдарынын ишин жөнгө салуучу актыларды бекитүү жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» токтому;
4) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 5-июлундагы № 334 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 4-июлундагы № 470 «Кыргыз Республикасынын кесиптик орто билим берүү уюмдарынын ишин жөнгө салуучу актыларды бекитүү жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» токтому.
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2026-жылдын 14-апрелиндеги № 28 (3788) саны менен жарыяланды.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
|
А.А. Касымалиев |