Редакцияот 28.04.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРА-СУУ ШААРДЫК КЕҢЕШИ

 

ТОКТОМ

 

Кара-Суу шаардык кеңешинин кезексиз VII сессиясы

 

2025-жылдын 28-апрели № 7/7

 

Суу чарба жана жайыт адистери жөнүндө        

           

           

           

Кара-Суу шаар мэриясынын алдындагы “Агрардык чарба жүргүзүү” муниципалдык ишканасын жоюу боюнча шаар мэриясынын 2025-жылдын 24-апрель №01-13/1565 сандуу катын карап жана талкуулап чыгып, Кара-Суу шаардык кеңеши токтом кылат:

 

1. Кара-Суу шаар мэриясынын алдындагы “Агрардык чарба жүргүзүү” муниципалдык ишканасын жоюлгандыгына байланыштуу суу чарба жана жайыт адистери Кара-Суу шаар мэриясынын алдындагы муниципалдык менчикти башкаруу департаментине өткөрүлсүн.

 

2. Бул токтомду мыйзам чегинде аткаруу жагы Кара-Суу шаар мэриясына милдеттендирилсин.

 

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө шаардык кеңештин өнөр жай, коммуналдык чарба, транспорт, соода, байланыш, энергетика боюнча комиссиясына жүктөлсүн.

 

 

Кара-Суу шаардык

кеңешинин төрагасы

 

Ж.Т.Полотов