Загрузка документа…
БИШКЕК ШААРЫНЫН МЭРИЯСЫНЫН
ТОКТОМУ
2026-жылдын 27-марты № 3-ЧУА
Бишкек шаарынын мэриясынын 2024-жылдын 5-июлундагы № 1-ЧУА «Бишкек шаарынын мэриясынын Муниципалдык инспекциясынын кызматкерлеринин ведомстволук форма кийими жана айырмалоочу белгилери жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 12-декабрындагы № 813 «Атайын жана ведомстволук форма кийимин кийүүнү тартипке келтирүү жөнүндө» токтомуна, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-мартындагы № 115 «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына өткөрүп берүү жөнүндө» токтомуна жана «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 44-беренесине ылайык токтом кылам:
1.Бишкек шаарынын мэриясынын 2024-жылдын 5-июлундагы № 1-ЧУА «Бишкек шаарынын мэриясынын Муниципалдык инспекциясынын кызматкерлеринин ведомстволук форма кийими жана айырмалоочу белгилери жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
˗ жогоруда көрсөтүлгөн токтомдун 1-тиркемеси ушул токтомдун 1-тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын;
˗ жогоруда көрсөтүлгөн токтомдун 2-тиркемеси ушул токтомдун 2-тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын.
2. Бишкек шаарынын мэриясынын Муниципалдык инспекциясы бир айлык мөөнөттө ушул токтомдон келип чыккан зарыл чараларды көрсүн.
3. Бишкек шаарынын мэриясынын Финансы департаменти ведомстволук форма кийимин даярдоо үчүн белгиленген тартипте акча каражат бөлүүнү камсыздасын.
4. Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.
5. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаарынын мэриясынын борбордук аппаратынын уюштуруу-контролдоо иштери башкармалыгына жүктөлсүн.
6. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Мэр | А.Дж. Джунушалиев |
1-тиркеме
Бишкек шаарынын мэриясынын Муниципалдык инспекциясынын кызматкерлеринин форма кийимин кийүү
ЭРЕЖЕСИ
1. Ушул Бишкек шаарынын мэриясынын Муниципалдык инспекциясынын кызматкерлеринин форма кийимин кийүү эрежеси (мындан ары - Эреже) Бишкек шаарынын мэриясынын Муниципалдык инспекциясынын (мындан ары - Муниципалдык инспекция) кызматкерлери кийүүгө милдеттүү болгон тийиштүү тышкы белгилери боюнча бирдейлештирилген кийимдин предметтеринин комплектисинен турган форма кийимин кийүүнүн тартибин аныктайт.
2. Ушул Эреженин талаптарына ылайык, аткарган ишинин мүнөзүнө байланыштуу, Муниципалдык инспекциянын жетекчиси тарабынан белгиленген тартипте кызмат учурунда күнүмдүк классикалык кийимин кийүүгө уруксат берилген кызматкерлерден тышкары, Муниципалдык инспекциянын кызматкерлери кызматтык милдеттерин аткарууда форма кийимин кийүүгө милдеттүү болуп саналат.
3. Ушул Эрежеде төмөнкүдөй түшүнүктөр колдонулат:
1) форма кийими - белгиленген үлгүдөгү форма жана атайын кийим;
2) айырмалоочу белгилер - кызматкердин Муниципалдык инспекцияга таандык экендигин аныктоочу форма кийиминин жабдууларынын элементтери;
3) төшкө тигилүүчү кыйык - Муниципалдык инспекциянын кызматкеринин форма кийимине жайгаштырылуучу жана анын класстык чендерин билдирген айырмалоочу белги;
4) Муниципалдык инспекциянын металлдан жасалган эмблемасы айырмалоочу белги болуп саналат жана Муниципалдык инспекциянын эмблемасы түшүрүлгөн металлдан жасалган буюмдан турат;
5) шеврондор - кызматкердин Муниципалдык инспекцияга таандык экендигин аныктаган жеңге тагылуучу айырмалоочу белгилер;
6) Муниципалдык инспекциянын металлдан жасалган кокардасы — кызматкерлердин баш кийимдерине жайгаштырылуучу жана Муниципалдык инспекцияга таандык экендигин аныктаган айырмалоочу белги;
7) Муниципалдык инспекциянын текстилдик кыйыктары — кызматкерлердин баш кийимдеринде жайгаштырылуучу Муниципалдык инспекциянын текстилдик эмблемасын, ошондой эле кызматтык форманын оң төш чөнтөгүнүн үстүнө жана кошумча түрдө кышкы куртканын арткы бетине жайгаштырылуучу «МУНИЦИПАЛДЫК ИНСПЕКЦИЯ» аталышы бар текстилдик тигилме кыйыктарды камтыган, кызматкердин Муниципалдык инспекцияга таандык экендигин визуалдык түрдө көрсөтүү үчүн арналган кызматтык форманын элементтери.
4. Түстөрдүн жана конструкциялардын, ошондой эле айырмалоочу белгилердин жана декоративдүү элементтердин, анын ичинде төшкө тигилүүчү кыйыктардын жана фурнитуралардын айкалышы Муниципалдык инспекциянын кызматкерлеринин форма кийиминин маанилүү белгилери болуп саналат.
5. Муниципалдык инспекциянын кызматкерлеринин форма кийиминин предметтери бекитилген үлгүлөргө, сыпаттамаларга ылайык келүүгө, жарашыктуу чак келүүгө, тазаланган жана үтүктөлгөн болууга, ошондой эле кынтыксыз абалда кармалууга тийиш.
6. Форма кийимин күнүмдүк кийим менен бирге кийүүгө, ошондой эле белгиленбеген түрдөгү форма кийимин кийүүгө жол берилбейт.
7. Муниципалдык инспекциянын кызматкерлеринин форма кийими күнүмдүк жана параддык болуп бөлүнөт. Күнүмдүк жана параддык форма кийимдеринин жайкы, кышкы жана жазгы-күзгү түрлөрү бар.
8. Муниципалдык инспекциянын кызматкерлеринин форма кийимдери төмөнкүдөй учурларда кийилет:
1) параддык - аземдик каада-салттарды аткарууда, салтанаттуу, расмий иш-чараларга, эл аралык сүйлөшүүлөргө катышууда;
2) күнүмдүк - күнүмдүк кызматтык иш-аракетти жүзөгө ашырууда, кызматтык маселелер боюнча кеңешмелерге, чогулуштарга, жыйындарга катышууда, жалпыга маалымдоо каражаттарында чыгып сүйлөөдө.
9. Муниципалдык инспекциянын кызматкерлеринин форма кийимдеринин түрү аба ырайынын шарттарына жана ушул Эреженин талаптарына ылайык, Муниципалдык инспекциянын жетекчиси тарабынан аныкталат.
10. Жайкы же кышкы форма кийимине өтүү, жаз мезгилинде кийүүнүн башталышы жана күз мезгилинде кийүүнүн токтотулушу ушул Эреженин талаптарына ылайык, Муниципалдык инспекциянын жетекчиси тарабынан аныкталат.
11. Бардык баш кийимдер түз, кыйшаюусуз кийилет жана төмөнкү чети каштын үстүнөн бир-эки манжа аралыкта жайгашууга, ал эми кепканын калкасы каштын деңгээлинде тургандай кийилет.
12. Баш кийимин төмөнкүдөй кийүүгө уруксат берилет:
1) кара түстөгү параддык фуражка - кара түстөгү параддык китель, жазгы-күзгү күрмө менен кийилет;
2) күнүмдүк фуражка - күнүмдүк китель жана костюм, жазгы-күзгү күрмө, пуловер жана күнүмдүк көйнөк, аялдардын форма көйнөгү менен кийилет;
3) кепка (бейсболка) - күнүмдүк костюм, футболка, көйнөк жана жазгы-күзгү күрмө, ошондой эле пуловер жана аялдардын форма көйнөгү менен кийилет;
4) кулакчындуу тумак же жылууланган тумак - жылууланган күрмө жана жылууланган костюм, ошондой эле пуловер менен кийилет.
13. Администрациялык имараттардын ичинде, транспорт каражаттарында форма кийимин баш кийимсиз кийүүгө уруксат берилет.
14. Күрмөнү жана пуловерди аба ырайынын шарттарына ылайык, топчулабастан кийүүгө уруксат берилет.
15. Күрмөнү, пуловерди жана жазгы-күзгү костюмду, мезгил аралык учурдан тышкары, жай жана кыш мезгилдеринде аба ырайынын тийиштүү шарттарында күнүмдүк кийим формасы менен кийүүгө уруксат берилет.
16. Жазгы-күзгү күрмөнү форма шымы менен костюмдан өзүнчө кийүүгө уруксат берилет.
17. Пуловерди бардык мезгилдерде, аба ырайынын шарттарына ылайык, күнүмдүк форма кийимин - китель менен күрмөнүн ордуна кийүүгө уруксат берилет. Пуловер астына узун жеңдүү көйнөк, галстук, же футболка кийүүгө уруксат берилет.
18. Күнүмдүк костюм күнүмдүк көйнөк жана кепка (бейсболка) менен кийилет.
19. Кызматтык кабинетте келүүчүлөр жок болгон учурда, күнүмдүк костюмду кийбестен футболка, шым же юбка кийип жүрүүгө уруксат берилет.
20. Салтанаттуу иш-чараларда ак түстөгү көйнөк кийилет.
21. Көйнөк (блузка) белгиленген үлгүдө жана түстө болууга тийиш.
22. Көйнөктү (блузканы) төмөнкүдөй сырткы кийимден өзүнчө кийүүгө уруксат берилет:
1) күнүмдүк кыска-жеңдүү көйнөктү - жайкы күнүмдүк форма кийимин кийүүдө кепка (бейсболка), шым же юбка менен, галстуксуз кийүүгө;
2) күнүмдүк узун жеңдүү көйнөктү - күнүмдүк форма кийимин кийүүдө кепка (бейсболка), шым же юбка менен, галстук жана кыстырма менен кийүүгө.
23. Көйнөк таза, жарашыктуу чак келген жана үтүктөлгөн, ошондой эле туура тандалган айырмалоочу белгилери менен болууга тийиш.
Өңү өчкөн жана бырышкан, айырмалоочу белгилеринин формасы бузулган, булганган көйнөктү кийүүгө, ошондой эле көйнөктүн арткы жана алдыңкы жагындагы кыры чыккан бүктөмөлөрүн түздөөгө жол берилбейт.
24. Кара түстөгү футболка жай мезгилинде кийилет.
25. Жилеттер кийимдин негизги комплектинин үстүнөн кийилет.
26. Бут кийим: белгиленген үлгүдө, жакшы абалда жана ар дайым тазаланган болууга тийиш. Бийик кончтуу ботинкалардын боосу тыкан байланууга тийиш.
Үстү тытылган же такасы эскирген бут кийимдерди кийүүгө жол берилбейт.
27. Байпактар кочкул түстө болууга тийиш.
28. Күнүмдүк форма менен кийилүүчү галстук узун жеңдүү күнүмдүк көйнөк менен кийилет. Көйнөктү өз алдынча кийген учурда, галстук үстүнкү үчүнчү жана төртүнчү топчунун ортосуна кыстырма менен бекитилет.
Галстуктар ар дайым таза жана тыкан болууга тийиш. Өңү өчкөн жана тыкан эмес галстуктарды кийүүгө жол берилбейт.
29. Кара түстөгү мээлейлер кышкы күнүмдүк форма кийими менен кийилет, ошондой эле суук аба ырайында жайкы жана жазгы-күзгү форма кийими менен кийүүгө уруксат берилет. Жылуу аба ырайында кышкы форма кийими менен мээлей кийбей жүрүүгө уруксат берилет.
Саламдашуу учурунда мээлейлер чечилбейт.
30. Жаан-чачындуу аба ырайында форма кийиминин үстүнө атайын жаандан сактоочу күрмө кийилет.
31. Каптама жана тилик чөнтөктөрдүн клапандары сыртка чыгарылган абалда болот.
32. Форма кийиминин бүчүлөмөсүнүн бардык илмектери, баскычтары жана топчулары толук топчуланат, сыдырма - аягына чейин сыдырылат, же зарыл болгон учурда каптама төш чөнтөктөрдүн клапандарынын жогорку бөлүгүнүн деңгээлине чейин сыдырылат.
33. Чечилген баш кийим илгичке алкактын арткы бөлүгү менен тыкан илинет же текчеге, ылайыктуу эмеректин үстүнө коюлат, же болбосо сол колго горизонталдуу абалда кармалат.
34. Чечилген күрмө жана китель илгичке кылдаттык менен илинет же оң жагын сыртка каратуу менен тыкан бүктөлүп, сол колго кармалат.
35. Форма кийимин кызматтык жайларда шкафтарда (бар болгон учурда) же гардеробдордо сактоого уруксат берилет.
36. Төмөнкүлөрдү кийүүгө уруксат берилет:
1) белгиленген үлгүдөгү жана ушундай эле дизайндагы материалдардан даярдалган күнүмдүк классикалык бут кийим. Кызматтык кабинетте келүүчүлөр жок болгон учурда, кара түстөгү ыңгайлуу бут кийим кийүүгө жол берилет;
2) күнүмдүк классикалык типтеги мээлейлер, ошондой эле булгаарыдан жасалган окшош дизайндагы мээлейлер;
3) ушул Эреженин 2-пунктунда көрсөтүлгөн кызматкерлер үчүн күнүмдүк классикалык форма кийими.
37. Төмөнкүлөрдү кийүүгө тыюу салынат:
1) белгиленген үлгүлөргө жана түстөргө ылайык келбеген форма кийиминин предметтерин, жабдууларын жана айырмалоочу белгилерин;
2) форма кийиминин жараксыз, булганган, өңү өчкөн, бырышкан, жакасы чоюлган предметтерин;
3) ачык түстүү сумкаларды;
4) Муниципалдык инспекциянын кызматкерлери болуп эсептелбеген адамдар тарабынан форма кийиминин жана атайын кийимдин кийилишине.
38. Айырмалоочу белгилер.
Муниципалдык инспекциянын кызматкерлеринин айырмалоочу белгилери болуп металлдан жасалган кокарда, төшкө тигилүүчү кыйыктар жана текстилдик кыйыктар саналат. Алар форма кийимине жайгаштырылат, кызматкердин класстык чендерин жана Муниципалдык инспекцияга таандык экендигин белгилөө үчүн арналат.
Муниципалдык инспекциянын металлдан жасалган кокардасы - кара түстөгү фуражкага жана кулакчындуу тумакка жайгаштырылуучу айырмалоочу белгиси болуп саналат, Муниципалдык инспекциянын логотиби түшүрүлгөн диаметри 60 мм болгон алтын түстөгү металл кокарда түрүндө аткарылат.
Төшкө тигилүүчү кыйык - айырмалоочу белгилер, форма кийиминин сол төш чөнтөгүнүн үстүнө жайгаштырылат. Кителде, күрмөдө, пальтодо, пуловерде, көйнөктө, футболкада жана жилетте колдонулат. Төшкө тигилүүчү кыйыктын фондук түсү форма кийимдин түрүнө (күнүмдүк же параддык) жараша аныкталат.
Төшкө тигилүүчү кыйык - форма кийиминин 120 × 40 мм өлчөмүндөгү тик бурчтуу элементи болуп саналат, анда төмөнкүлөр жайгаштырылат:
- анын каптал жактарында — Муниципалдык инспекциянын эмблемасы түшүрүлгөн, өлчөмү 20 × 15 мм болгон металл белгилер;
- төрт бурчтуу жылдыз түрүндө алтын түстөгү айырмалоочу металл белгилер;
- жашыл түстөгү тик тилкелер (Муниципалдык инспекциянын бардык категориядагы кызматкерлеринин төшкө тигилүүчү кыйыгында жайгаштырылат). Муниципалдык инспекциянын кызматкеринин класстык чендерине жараша төрт бурчтуу металл жылдыздардын жана тик тилкелердин саны аныкталат.
Төшкө тигилүүчү кыйыктын периметри боюнча туурасы 2,5 мм жашыл түстөгү кыюу тартылат.
Муниципалдык инспекциянын текстилдик кыйыктары айырмалоочу белгилер болуп саналат жана төмөнкүлөрдү камтыйт:
Муниципалдык инспекциянын текстилдик эмблемасын, ал 50 × 40 мм өлчөмүндө жасалат жана кызматкерлердин баш кийимдерине (кепи (бейсболка) жана жылуу кышкы баш кийиминде) жайгаштырылат;
«МУНИЦИПАЛДЫК ИНСПЕКЦИЯ» деген аталыш түшүрүлгөн текстилдик кыйыгын, 115 × 28 мм өлчөмүндөгү форма кийиминин оң төш чөнтөгүнүн үстүнө, ошондой эле 265 × 100 мм өлчөмүндөгү кышкы куртканын аркасына жайгаштырылат.
39. Төрт бурчтуу жылдыздардын саны Муниципалдык инспекциянын кызматкеринин класстык ченине жараша, ушул Форма кийимин кийүү эрежелерине ылайык аныкталат.
Муниципалдык кызматтын I, II жана III класстагы муниципалдык кеңешчисинин төшкө тигилүүчү кыйыктары.
Муниципалдык кызматтын муниципалдык кеңешчисинин төшкө тигилүүчү кыйыктары периметри боюнча жашыл кыюусу бар кара түстөгү текстилдик негизде даярдалат.
Төшкө тигилүүчү кыйыктын тышкы бетине алтын түстөгү төрт бурчтуу жылдыз түрүңдөгү диаметри 25 мм металлдан жасалган айырмалоочу белги бекитилет.
Муниципалдык кызматтын I класстагы муниципалдык кеңешчиси – төшкө тигилүүчү кыйыгына металлдан жасалган алтын түстөгү төрт бурчтуу үч жылдыз бекитилет.
Муниципалдык кызматтын II класстагы муниципалдык кеңешчиси – төшкө тигилүүчү кыйыгына металлдан жасалган алтын түстөгү төрт бурчтуу эки жылдыз бекитилет.
Муниципалдык кызматтын III класстагы муниципалдык кеңешчиси – төшкө тигилүүчү кыйыгына металлдан жасалган алтын түстөгү төрт бурчтуу бир жылдыз бекитилет.
Муниципалдык кызматтын I, II жана III класстагы кеңешчисинин төшкө тигилүүчү кыйыктары.
Муниципалдык кызматтын кеңешчисинин төшкө тигилүүчү кыйыктары перимтери боюнча жашыл кыюусу бар кара түстөгү текстилдик негизде жасалат.
Төшкө тигилүүчү кыйыктын тышкы бетине диаметри 20 мм алтын түстөгү төрт бурчтуу жылдыздар, ошондой эле жашыл түстөгү эки тик сызык түрүндөгү металлдан жасалган айырмалоочу белги бекитилет.
Муниципалдык кызматтын I класстагы кеңешчиси – төшкө тигилүүчү кыйыгына металлдан жасалган алтын түстөгү төрт бурчтуу үч жылдыз бекитилет.
Муниципалдык кызматтын II класстагы кеңешчиси – төшкө тигилүүчү кыйыгына металлдан жасалган алтын түстөгү төрт бурчтуу эки жылдыз бекитилет.
Муниципалдык кызматтын III класстагы кеңешчиси – төшкө тигилүүчү кыйыгына металлдан жасалган алтын түстөгү төрт бурчтуу бир жылдыз бекитилет.
Муниципалдык кызматтын I, II жана III класстагы инспекторунун жана муниципалдык кызматтын кенже инспекторунун төшкө тигилүүчү кыйыктары.
Муниципалдык кызматтын I, II жана III класстагы инспекторунун жана муниципалдык кызматтын кенже инспекторунун төшкө тигилүүчү кыйыктары периметри боюнча жашыл кыюусу бар кара түстөгү текстилдик негизде жасалат.
Төшкө тигилүүчү кыйыктын алдыңкы бетине диаметри 13 мм алтын түстөгү төрт бурчтуу жылдыздар, ошондой эле жашыл түстөгү бир тик сызык түрүндөгү металлдан жасалган айырмалоочу белги жайгаштырылат.
Муниципалдык кызматтын 1-класстагы инспектору – төшкө тигилүүчү кыйыгына металлдан жасалган алтын түстөгү төрт бурчтуу төрт жылдыз бекитилет.
Муниципалдык кызматтын II класстагы инспектору – төшкө тигилүүчү кыйыгына металлдан жасалган алтын түстөгү төрт бурчтуу үч жылдыз бекитилет.
Муниципалдык кызматтын III класстагы инспектору – төшкө тигилүүчү кыйыгына металлдан жасалган алтын түстөгү төрт бурчтуу эки жылдыз бекитилет.
Муниципалдык кызматтын кенже инспектору – төшкө тигилүүчү кыйыгына металлдан жасалган алтын түстөгү төрт бурчтуу бир жылдыз бекитилет.
Муниципалдык инспекциянын класстык чени жок кызматкерлеринин төшкө тигилүүчү кыйыгында төрт бурчтуу жылдыздары жок, бирок бир тик тилке жана Муниципалдык инспекциянын металлдан жасалган эки эмблемасы бекитилет.
Кызматкерлердин бардык категорияларынын форма кийимдеринин топчулары алтын түстө болот, анда Кыргыз Республикасынын гербинин рельефтүү сүрөтү түшүрүлгөн. Топчулардын диаметри 22 мм, 14 мм түзөт.
40. Форма кийими талаптагыдай абалда болууга тийиш, ал эми аны калыбына келтирүүгө мүмкүн болбогон учурда, алмаштырылууга жатат.».
2-тиркеме
Бишкекшаарынын мэриясынын Муниципалдык
инспекциясынын кызматкерлеринин форма кийиминин предметтеринин жана айырмалоочу белгилеринин
СЫПАТТАМАСЫ
1. Жалпы жоболор
1. Ушул Сыпаттама Бишкек шаарынын мэриясынын Муниципалдык инспекциясынын (мындан ары - Муниципалдык инспекция) кызматкерлеринин форма кийиминин предметтеринин курамын, тышкы көрүнүшүн жана негизги мүнөздөмөлөрүн, ошондой эле айырмалоочу белгилерин аныктайт.
2. Муниципалдык инспекциянын кызматкерлеринин форма кийими жана айырмалоочу белгилери Муниципалдык инспекциянын кызматкерлеринин форма кийимин кийүү эрежелерине ылайык колдонулат.
3. Муниципалдык инспекциянын кызматкерлеринин айырмалоочу белгилери төшкө тигилүүчү кыйык жана текстилдик кыйыктар, ошондой эле металлдан жасалган кокарда түрүндө аткарылат жана кызматкердин класстык чендерин жана Муниципалдык инспекцияга таандык экендигин билдирүү үчүн арналат.
4. Төшкө тигилүүчү кыйык белгилери форма кийиминин сол төш чөнтөгүнүн үстүнө жайгаштырылат.
2. Форма кийиминин предметтеринин сыпаттамасы
5. Муниципалдык инспекциянын кызматкерлеринин форма кийимдери төмөнкү түрлөргө бөлүнөт:
- күнүмдүк;
- параддык.
6. Күнүмдүк жана параддык форманын жайкы, жазгы-күзгү жана кышкы түрлөрү бар.
7. Эркектердин параддык формасы:
- металдан жасалган кокардасы бар кара түстөгү параддык фуражка;
- шевронсуз кара түстөгү параддык китель;
- узун жеңдүү ак түстөгү көйнөк;
- кара түстөгү шым;
- кара түстөгү параддык галстук;
- кара түстөгү шым кур;
- кара түстөгү кыска кончтуу ботинка же туфли;
- параддык үлгүдөгү төшкө тигилүүчү кыйык;
8. Аялдардын параддык формасы:
- металдан жасалган кокардасы бар кара түстөгү параддык панама;
- кара түстөгү параддык китель;
- узун жеңдүү ак түстөгү көйнөк;
- кара түстөгү юбка;
- кара түстөгү параддык галстук;
- кара түстөгү кыска кончтуу ботинка же туфли;
- параддык үлгүдөгү төшкө тигилүүчү кыйык.
9. Эркектердин күнүмдүк формасы:
а) жайкы:
- кара түстөгү фуражка же кепка (бейсболка);
- кара түстөгү жилет;
- кара түстөгү шым;
- кыска же узун жеңдүү боз түстөгү көйнөк;
- кара түстөгү футболка;
- кара түстөгү галстук;
- кара түстөгү шым кур;
- кара түстөгү кыска кончтуу ботинка же туфли;
- төшкө тигилүүчү кыйык;
б) жазгы-күзгү:
- кара түстөгү фуражка же кепка (бейсболка);
- кара түстөгү жилет;
- кара түстөгү жазгы-күзгү күрмө;
- кара түстөгү күнүмдүк костюм же пуловер;
- кара түстөгү шым (анын ичинде «карго» тибиндеги);
- узун жеңдүү боз түстөгү көйнөк;
- кара түстөгү галстук;
- кара түстөгү күнүмдүк футболка;
- кара түстөгү кыска кончтуу ботинка;
- жаан-чачын плащы;
- төшкө тигилүүчү кыйык;
в) кышкы:
- металлдан жасалган кокардасы бар кара түстөгү кулакчындуу тумак же Муниципалдык инспекциянын текстилдик эмблемасы бар кышкы жылууланган баш кийим;
- кара түстөгү жилет;
- кара түстөгү жылууланган күрмө;
- кара түстөгү күнүмдүк костюм же пуловер;
- кара түстөгү шым (анын ичинде «карго» тибиндеги);
- узун жеңдүү боз түстөгү көйнөк;
- кара түстөгү галстук;
- аба-ырайына ылайык көйнөк ордуна кара түстөгү водолазка кийүүгө уруксат берилет;
- кара түстөгү шым кур;
- кара түстөгү мээлейлер;
- кара түстөгү жылууланган ботинка же өтүк;
- жаан-чачын плащы;
- төшкө тигилүүчү кыйык;
10. Аялдардын күнүмдүк формасы:
а) жайкы:
- кара түстөгү панама же кепка (бейсболка);
- кара түстөгү жилет;
- узун же кыска жеңдүү боз түстөгү көйнөк;
- кара түстөгү футболка;
- кара түстөгү юбка же шым;
- кара түстөгү шым кур;
- кара түстөгү галстук;
- кара түстөгү кыска кончтуу ботинка же туфли;
- төшкө тигилүүчү кыйык;
б) жазгы-күзгү:
- кара түстөгү панама же кепка (бейсболка);
- кара түстөгү жазгы-күзгү күрмө;
- кара түстөгү күнүмдүк костюм же пуловер;
- узун жеңдүү боз түстөгү көйнөк;
- кара түстөгү юбка же шым (анын ичинде «карго» тибиндеги);
- кара түстөгү галстук;
- кара түстөгү кыска кончтуу ботинка;
- жаан-чачын плащы;
- төшкө тигилүүчү кыйык;
в) кышкы:
- металлдан жасалган кокардасы бар кара түстөгү кулакчындуу тумак же Муниципалдык инспекциянын текстилдик эмблемасы бар кышкы жылууланган баш кийим;
- кара түстөгү жылууланган күрмө;
- кара түстөгү күнүмдүк костюм же пуловер;
- узун жеңдүү боз түстөгү күнүмдүк көйнөк;
- аба-ырайына ылайык көйнөк ордуна кара түстөгү водолазка кийүүгө уруксат берилет;
- кара түстөгү юбка же шым (анын ичинде «карго» тибиндеги);
- кара түстөгү мээлейлер;
- кара түстөгү жылууланган ботинка же өтүк;
- жаан-чачын плащы;
- төшкө тигилүүчү кыйык.
3. Айырмалоочу белгилердин сыпаттамасы
11. Муниципалдык инспекциянын кызматкерлеринин айырмалоочу белгилерине төмөнкүлөр кирет:
- металлдан жасалган кокарда;
- төшкө тигилүүчү кыйык;
- текстилдик кыйыктар;
- Муниципалдык инспекциянын металлдан жасалган эмблемалары;
- металлдан жасалган төрт бурчтуу жылдыздар.
12. Форма кийимдеринин элементтеринин жана айырмалоочу белгилеринин бардык өлчөмдүк мүнөздөмөлөрү миллиметр менен (мм) көрсөтүлөт.
13. Муниципалдык инспекциянын металлдан жасалган кокардасы диаметри 60 мм, Муниципалдык инспекциянын логотиби түшүрүлгөн алтын түстөгү буюм болуп саналат.
14. Металлдан жасалган кокарда фуражкаларга жана кулакчындуу тумактарга жайгаштырылат.
15. Төшкө тигилүүчү кыйык белги 120 × 40 мм өлчөмүндөгү тик бурчтуу горизонталдуу формада болот жана текстилдик негизде даярдалат.
16. Төшкө тигилүүчү кыйык периметри боюнча туурасы 2,5 мм болгон жашыл түстөгү кыюу менен аткарылат.
17. Төшкө тигилүүчү кыйыктын алдыңкы бетинде төмөнкүлөр жайгаштырылат:
- металлдан жасалган алтын түстөгү төрт бурчтуу жылдыздар;
- жашыл түстөгү тик сызыктар;
- каптал жактарында — Муниципалдык инспекциянын эмблемасы бар металлдан жасалган алтын түстөгү белгилер.
18. Металлдан жасалган төрт бурчтуу жылдыздардын жана тик сызыктардын саны Муниципалдык инспекциянын кызматкеринин класстык ченине жараша аныкталат.
19. Арналышына жараша төшкө тигилүүчү кыйыктар төмөнкү түрлөрү айырмаланат:
˗ параддык төшкө тигилүүчү кыйык (ак түстө);
˗ күнүмдүк төшкө тигилүүчү кыйык (кара түстө).
20. Муниципалдык инспекциянын эмблемасы бар металлдан жасалган белги - калкан түрүндөгү Муниципалдык инспекциянын эмблемасынын сүрөтү түшүрүлгөн металл буюм, ал төшкө тигилүүчү кыйыктын эки капталына тагылат жана Муниципалдык инспекциянын кызматкеринин айырмалоочу белгисинин милдеттүү элементи болуп саналат.
21. Металлдан жасалган төрт бурчтуу жылдыздар айырмалоочу белгилер болуп саналат жана Муниципалдык инспекциянын кызматкеринин класстык ченин көрсөтүү үчүн арналат.
22. Төрт бурчтуу жылдыздар алтын түстөгү металлдан жасалат жана төшкө тигилүүчү кыйыкта жайгаштырылат.
23. Төрт бурчтуу жылдыздардын саны Муниципалдык инспекциянын кызматкеринин класстык ченине жараша Форма кийимин кийүү эрежелерине ылайык аныкталат.
24. Муниципалдык инспекциянын 50 × 40 мм өлчөмүндөгү текстилдик эмблемасы Муниципалдык инспекциянын кызматкерлеринин кепкасына (бейсболкасына) жана жылууланган баш кийимдерине жайгаштырылат.
25. «МУНИЦИПАЛДЫК ИНСПЕКЦИЯ» деген аталышы бар текстилдик кыйык төмөнкүлөргө жайгаштырылат:
- кызматкердин форма кийиминин оң төш чөнтөгүнүн үстүнө — өлчөмү 115 × 28 мм;
- кышкы куртканын артына — өлчөмү 265 × 100 мм.
26. Формалык топчулар форма кийиминин элементи болуп саналат жана анда Кыргыз Республикасынын гербинин рельефтүү сүрөтү түшүрүлөт.
27. Күнүмдүк жана параддык форма кийиминде диаметри 22 мм жана 14 мм болгон алтын түстөгү формалык топчулар тагылат.
4. Корутунду жоболор
28. Муниципалдык инспекциянын кызматкерлеринин форма кийими жана айырмалоочу белгилери бекитилген үлгүлөргө жана ушул Сыпаттамага ылайык келүүгө тийиш. Форма кийими эскирген же калыбына келтирүүгө мүмкүн болбогон учурда, ал белгиленген тартипте алмаштырылууга жатат.».