ТоктомКүчүндө

Сары-Өзөн айыл аймагынын Сары-Өзөн айылдык кеңешинин 2025-жылдын 14-октябрындагы № 01-7/80 «Асылбаш айылы, Омурбек көчөсү №37а дарегиндеги жер тилкесинин жерге жайгаштыруу схемасын жана долбоорун жаран Мамбеталиев Уланбек Туйбаевичке бекитүүгө макулдук берүү жөнүндө» токтому

Редакция14.10.2025 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

САРЫ-ӨЗӨН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН

САРЫ-ӨЗӨН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН

ТОКТОМУ

 

2025-жылдын 14-октябры № 01-7/80

 

Асылбаш айылы, Омурбек көчөсү №37а дарегиндеги жер тилкесинин жерге жайгаштыруу схемасын жана долбоорун жаран Мамбеталиев Уланбек Туйбаевичке бекитүүгө макулдук берүү жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын “Жер-укуктук мамилелерди жөнгө салуу боюнча” 2022-жылдын 1-апрелиндеги №21 Кыргыз Республикасынын Мыйзамына жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин “Жерге мунапыс берүүнүн тартиби жөнүндө” Жобосун бекитүү тууралуу №291 токтомуна ылайык,Сокулук районунун шаар курулушу жана архитектура боюнча башкармалыгы тарабынан Сары-Өзөн айыл аймагынын Асылбаш айылы, Омурбек көчөсү №37а дарегиндеги жер тилкесинин 2025-жылдын 30-сентябрындагы №187-25 “Жер тилкесинин жерге жайгаштыруу схемасы жана долбоорунун” негизинде “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамын жетекчиликке алып, Сары-Өзөн айылдык кеңешинин кезектеги сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Сары-Өзөн айыл аймагынын Асылбаш айылы, Омурбек көчөсү №37а дарегиндеги жер тилкесинин укук белгилөөчү документи жок жаран Мамбеталиев Уланбек Туйбаевичке Сокулук районунун шаар курулушу жана архитектура боюнча башкармалыгы тарабынан 2025-жылдын 30-сентябрындагы №187-25 жер тилкесинин жалпы аянты 3000,0 чарчы метр жерге жайгаштыруу схемасын жана долбоорун бекитүүгө макулдук берилсин.

2. Бул токтомдун негизинде Сары-Өзөн айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Э.Бектемиров тийиштүү буйрук чыгарсын.

3. Бул токтомдун аткарылышын айылдык кеңештин агрардык саясат, суу ресурстары жана экология маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Н.К.Сарбагышова тарабынан көзөмөлгө алынсын.

 

 

Төрага

 

М.Р. Кадыркулов