Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 10-апрели № 235
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын
4-апрелиндеги № 172 «Чек ара режиминин жана чек ара
тилкесиндеги режимдин эрежелерин бекитүү жөнүндө» токтомуна
өзгөртүү киргизүү тууралуу
Айрым жарандарга чек ара аймагына жана чек ара тилкесине өтүүнү жөнөкөйлөштүрүү максатында, «Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 18-беренесине, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 4-апрелиндеги № 172 «Кыргыз Республикасынын чек ара режиминин жана чек ара тилкесиндеги режимдин эрежелерин бекитүү жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын чек ара режиминин жана чек аралык тилке режиминин эрежелеринде:
– 5-пункт төмөнкүдөй мазмундагы сегизинчи абзац менен толукталсын:
«– Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте чек ара аймагынын чегинде чарбалык иш (мал жаюу жана айыл чарба жумуштары) жүргүзгөн жарандар инсандыгын күбөлөндүрүүчү жарактуу документтери боюнча жана жергиликтүү мамлекеттик администрациянын же жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын башчылары тарабынан күбөлөндүрүлгөн, Мамлекеттик чек араны кайтаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга алдын ала берилген аты-жөнү жазылган тизмелер боюнча. Аты-жөнү жазылган тизмелердин колдонуу мөөнөтү – бир календардык жыл.».
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
«Эркин-Тоо» мамлекеттик расмий гезитинин 2026-жылдын 14-апрелиндеги № 28 (3788) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.А. Касымалиев |