КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2026-жылдын 10-апрели № 149
Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Кыргыз аккредитациялоо борборунун ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренесине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Кыргыз аккредитациялоо борборунун штаттык санынын чегин 14 штаттык бирдикке көбөйтсүн.
2. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Н. Жапаров |