Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2026-жылдын 10-марты № 151-т
Улуттук инвестициялык долбоор статусуна ээ болгон "Бишкек шаарынын чыгыш айланма жолун куруу жана эксплуатациялоо" долбоорун ишке ашыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 183-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
1. Улуттук инвестициялык долбоор статусуна ээ болгон "Бишкек шаарынын чыгыш айланма жолун куруу жана эксплуатациялоо" долбоорун ишке ашыруучу, жеңилдетилген салык салынууга тийиш болгон уюмдардын тизмеги тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Ушул тескеменин тиркемесинде көрсөтүлгөн уюмдарга жогоруда аталган долбоорду ишке ашыруу үчүн арналган товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү берүүгө кошумча нарк салыгынын жана сатуудан алынуучу салыктын ставкасы нөл (0) пайыз өлчөмүндө белгиленсин.
3. Ушул тескемеде белгиленген салык салуу боюнча жеңилдиктерди берүү мөөнөтү аталган долбоорду ишке ашыруу мезгилине, бирок 5 жылдан ашык эмес колдонулат.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.А. Касымалиев |
|
| Тиркеме |
Улуттук инвестициялык долбоор статусуна ээ болгон "Бишкек шаарынын чыгыш айланма жолун куруу жана эксплуатациялоо" долбоорун ишке ашыруучу, жеңилдетилген салык салынууга тийиш болгон уюмдардын тизмеги
№ | Уюмдун аталышы жана ИСНи | Улуттук инвестициялык долбоордун жана/же мамлекеттик маанидеги долбоордун аталышы | Бекитилген мамлекеттик органдын аталышы | Салыктар боюнча берилүүчү жеңилдиктердин түрлөрү | Салыктар боюнча алынган жеңилдиктердин алкагындагы улуттук инвестициялык долбоорлор жана мамлекеттик маанидеги долбоорлор боюнча уюмдун милдеттенмелери |
1 | "ТЕЗ ЖОЛ" жоопкерчилиги чектелген коому, ИСН 02311202310138 | "Бишкек шаарынын чыгыш айланма жолун куруу жана эксплуатациялоо" долбоору | Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги | Кошумча нарк салыгынын (КНС), анын ичинде импортко КНСтин жана сатуудан алынуучу салыктын ставкасы нөл (0) пайыз өлчөмүндө | Долбоордун курулушун белгиленген мөөнөттөрдө бүткөрүү |
2 | "Мастер Микс" жоопкерчилиги чектелген коому, ИСН 03112201010100 | "Бишкек шаарынын чыгыш айланма жолун куруу жана эксплуатациялоо" долбоору | Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги | Кошумча нарк салыгынын (КНС), анын ичинде импортко КНСтин жана сатуудан алынуучу салыктын ставкасы нөл (0) пайыз өлчөмүндө | Долбоордун курулушун белгиленген мөөнөттөрдө бүткөрүү |
3 | "Темирбетон Курулуш" жоопкерчилиги чектелген коому, ИСН 00901202410137 | "Бишкек шаарынын чыгыш айланма жолун куруу жана эксплуатациялоо" долбоору | Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги | Кошумча нарк салыгынын (КНС), анын ичинде импортко КНСтин жана сатуудан алынуучу салыктын ставкасы нөл (0) пайыз өлчөмүндө | Долбоордун курулушун белгиленген мөөнөттөрдө бүткөрүү |
4 | "Гофросталь. кж" жоопкерчилиги чектелген коому, ИСН 01807202510376 | "Бишкек шаарынын чыгыш айланма жолун куруу жана эксплуатациялоо" долбоору | Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги | Кошумча нарк салыгынын (КНС), анын ичинде импортко КНСтин жана сатуудан алынуучу салыктын ставкасы нөл (0) пайыз өлчөмүндө | Долбоордун курулушун белгиленген мөөнөттөрдө бүткөрүү |
5 | "Терек-Таш" жоопкерчилиги чектелген коому, ИСН 01408201410066 | "Бишкек шаарынын чыгыш айланма жолун куруу жана эксплуатациялоо" долбоору | Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги | Кошумча нарк салыгынын (КНС), анын ичинде импортко КНСтин жана сатуудан алынуучу салыктын ставкасы нөл (0) пайыз өлчөмүндө | Долбоордун курулушун белгиленген мөөнөттөрдө бүткөрүү |
6 | "КУЛУКЕ" жоопкерчилиги чектелген коому, ИСН 01402200310137 | "Бишкек шаарынын чыгыш айланма жолун куруу жана эксплуатациялоо" долбоору | Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги | Кошумча нарк салыгынын (КНС), анын ичинде импортко КНСтин жана сатуудан алынуучу салыктын ставкасы нөл (0) пайыз өлчөмүндө | Долбоордун курулушун белгиленген мөөнөттөрдө бүткөрүү |
7 | "Эльбрус-курулуш" жоопкерчилиги чектелген коому, ИСН 00507201810167 | "Бишкек шаарынын чыгыш айланма жолун куруу жана эксплуатациялоо" долбоору | Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги | Кошумча нарк салыгынын (КНС), анын ичинде импортко КНСтин жана сатуудан алынуучу салыктын ставкасы нөл (0) пайыз өлчөмүндө | Долбоордун курулушун белгиленген мөөнөттөрдө бүткөрүү |
8 | "ТрансЭнергоКомпани" жоопкерчилиги чектелген коому, ИСН 02910200910189 | "Бишкек шаарынын чыгыш айланма жолун куруу жана эксплуатациялоо" долбоору | Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги | Кошумча нарк салыгынын (КНС), анын ичинде импортко КНСтин жана сатуудан алынуучу салыктын ставкасы нөл (0) пайыз өлчөмүндө | Долбоордун курулушун белгиленген мөөнөттөрдө бүткөрүү |
9 | "Хэнань Линцзо Курулуш инженериясы" жоопкерчилиги чектелген коомунун филиалы, ИСН 03107202510498 | "Бишкек шаарынын чыгыш айланма жолун куруу жана эксплуатациялоо" долбоору | Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги | Кошумча нарк салыгынын (КНС), анын ичинде импортко КНСтин жана сатуудан алынуучу салыктын ставкасы нөл (0) пайыз өлчөмүндө | Долбоордун курулушун белгиленген мөөнөттөрдө бүткөрүү |