Загрузка документа…
ЫНТЫМАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ынтымак айыл аймагынын айылдык кенешинин кезексиз
V-сессиясы
2025-жылдын 13-марты № 5/1
Ынтымак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигиндеги жер тилкелерин “Мамлекеттик Ипотекалык Компания” ачык акционердик коому тарабынан көп кабаттуу үйлөрдү куруу үчүн мамлекеттик менчикке өткөрүп берүүгө макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” Мыйзамынын 10-беренесине ылайык, Ынтымак айыл аймагынын Жаны-Арык айылынын К.Султанов көчөсүнүн №38 дарегинде жайгашкан жалпы аянты 10,70 га (идентификациялык номери; 5-04-04-1001-0589) муниципалдык менчиктеги жер тилкелерин ичинен 2,317 га жер аянтын “Мамлекеттик Ипотекалык Компания” ачык акционердик коому тарабынан көп кабаттуу үйлөрдү куруу үчүн мамлекеттик менчикке өткөрүп берүү жөнүндө маалыматын угуп жана талкуулап, Ынтымак айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Ынтымак айыл аймагынын Жаны-Арык айылынын К.Султанов көчөсүнүн №38 дарегинде жайгашкан жалпы аянты 10,70 га (идентификациялык номери; 5-04-04-1001-0589) муниципалдык менчиктеги жер тилкелерин ичинен 2,317 га жер аянтын “Мамлекеттик Ипотекалык Компания” ачык акционердик коому тарабынан көп кабаттуу үйлөрдү куруу үчүн мамлекеттик менчикке өткөрүп берүүгө макулдук берилсин.
2. Ынтымак айыл өкмөтүнүн башчысына ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн муниципалдык менчиктеги жер тилкесин мамлекеттик менчикке өткөрүп берүү боюнча тиешелүү иш кагаздарын жүргүзүү милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ынтымак айылдык Кеңешинин архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, экология, агрардык жана өзгөчө кырдаалдар маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага |
| А.Дунаев |