Загрузка документа…
ЫНТЫМАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ынтымак айыл аймагынын айылдык кенешинин кезексиз
V-сессиясы
2025-жылдын 13-марты № 5/2
Ынтымак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигиндеги №708 контурда жайгашкан 0.5 га жер тилкесинин ичинен Кара-Суу РЭТна 0.05га жер ажыратып берүүгө макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” Мыйзамынын 10-беренесине ылайык, Ынтымак айыл аймагынын Жаны-Арык айылынын №708 контурунда жайгашкан жалпы аянты 0.50 га муниципалдык менчиктеги жер тилкелерин ичинен Кара-Суу РЭТна 0.05 га жер аянтын калкты тейлөө үчүн ишкананын имаратын курууга макулдук берүүгө Ынтымак айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” Мыйзамынын 10-беренесине ылайык, Ынтымак айыл аймагынын Жаны-Арык айылынын №708 контурунда жайгашкан жалпы аянты 0.50 га муниципалдык менчиктеги жер тилкелерин ичинен Кара-Суу РЭТна 0.05 га жер аянтын калкты тейлөө үчүн ишкананын имаратын курууга макулдук берилсин.
2.Ынтымак айыл өкмөтүнүн башчысына ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн муниципалдык менчиктеги жер тилкесине тиешелүү иш-кагаздарын жүргүзүү милдеттендирилсин.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ынтымак айылдык Кеңешинин архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, экология, агрардык жана өзгөчө кырдаалдар маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага |
| А.Дунаев |