Загрузка документа…
ЫНТЫМАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ынтымак айыл аймагынын айылдык кенешинин кезексиз
V-сессиясы
2025-жылдын 13-марты № 5/3
Жер укуктук мамилелерди жөнгө салуу, Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Ынтымак айыл аймагындагы жер мунапыстарын жүргүзүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жер укуктук мамилелерди жөнгө салуу жөнүндө” 2022-жылдын 1-апрелиндеги № 21 Мыйзамынын 8- 9- беренелерине ылайык, Ынтымак айыл аймагында мыйзамсыз курулган курулуштардын ээлеген жер аянттарын бекитүүнү карап Ынтымак айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Кыргыз Республикасынын “Жер укуктук мамилелерди жөнгө салуу жөнүндө” 2022-жылдын 1-апрелиндеги № 21 Мыйзамынын 8- 9- беренелерине ылайык, Ынтымак айыл аймагында мыйзамсыз курулуп калган курулуштардын Жаны-Арык, Правда, Таш-Арык, Достук, Ак-Терек, Алп-Ордо, Чайчи Талаа айылдары жана Корок, Жору калктуу конуштардын ичиндеги жер аянттарына ээлеген жер аянты боюнча бекитилсин.
2.Токтомдун аткарылышы Ынтымак айыл өкмөтүнүн башчысына жүктөлсүн.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ынтымак айылдык Кеңешинин архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, экология, агрардык жана өзгөчө кырдаалдар маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага |
| А.Дунаев |